Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Президент Зеленский украин парламентинин курамын кыскартууну сунуштады


Украин президенти Владимир Зеленский. 2019-жылдын 9-декабры.
Украин президенти Владимир Зеленский. 2019-жылдын 9-декабры.

Украинада парламенттин (Жогорку Раданын) депутаттарынын санын азыркы 450 кишиден 300 кишиге чейин кыскаруу алгылыктуу. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 29-январда билдирди.
“Айтмакчы, эми депутаттар 300 эле болсун деген сунуш өтүүсү үчүн 300 добуш керек болот”, – деди Зеленский.


Видео тасма. В.Зеленский референдум тууралуу. (4:29 мүнөттөн; украинче). “Фейсбук”. 29.1.2021.

“Жалпы украин референдуму аркылуу элдик бийлик тууралуу” мыйзам, Зеленскийдин оюнча, Украинанын бардык жарандарына өлкө тагдыры үчүн маанилүү чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Президент Зеленский депутаттык кол тийбестикти алып салуу сунушун калайык жигерүү колдоп чыккан учурду эске салды.

Жогорку Раданын төрагасынын биринчи орун басары Руслан Стефанчук референдум чакыруу президенттин же Жогорку Раданын эркине эмес, калайыктын демилгесине багыныңкы, бирок демилге тобу түзүлүп, иш-аракет жүргүзө алат, деп айтты.

Ал эми «GMT Group” компаниясынын башчысы, саясат таануучу Анатолий Луценко болсо бул сунушту популисттик деп баалады жана, эгерде референдум болуп калса, анда, балким, бир үйлүү парламентти экиге бөлүп, төмөнкү үйгө 300 депутатты, жогорку үйгө 150 депутатты чегерсе деле болот, деп айтты.

Зеленскийди сындап чыккандар Жогорку Рададагы депутаттардын санын 450 кишиден 300 кишиге түшүрүү казынага көп деле жеңилдик алып келбейт, деп санашат. (TT)

XS
SM
MD
LG