Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

"Азаттык" радиосунун 70 жылдык мааракесинде жаралган сыноо


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Быйыл мартта "Азаттык" радиосуна 70 жыл толду. Радио Свободная Европа/Радио Свобода аталат насили. 30 тилде, дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүндө трансляцияланат. Интернет аркылуу телевидение, сайт сыяктуу түркүн форматта жана платформада тарайт. Туруктуу, кенен аудиториясы бар. Жабык саясий режимдер, диктатуралык өлкө болгон СССРде канчалык кыйын болсо да анын угармандары не бир түркүн айла-амал менен “Азаттыкты” угуп келген. Советтик жарандар кадимки радио улам бир толкунга которуп, не бир шумдукту ойлоп таап, тобокелчилик менен укчу экен.

Кубаттуу мамлекеттин кудуреттүү кызматтарынын укуктук, саясий, моралдык жана техникалык катаал чектөөлөрүнө карабай аудиториясы азаймак тургай, арбыптыр. Биз студент кезде улам ар кимдин “илимий-техникалык тапкычтыгын” пайдаланып, кээде угуп да калчубуз.

"Азаттыктын" орус кызматынын 70 жылдыгына байланыштуу “Радио Свобода с 1953 года до наших дней” аттуу арналуу видеосериалды, эскерүүлөрдү, документтерди карадым. Ошол кез тууралуу материалдарга караганда, толкунду чектеген техникалык каражаттар деле натыйжа бере албаптыр. Чектеген сайын кызыгуу артып, “Азаттыкты” күчөп уккан экен эл.

Орусияда бул Радио Свобода 2017-жылы “чет өлкөлүк агент” катары чектелип, 2022-жылы 4-мартта Башкы прокуратуранын чечими менен сайтына тыюу салынып, 6-мартта радио ишин токтотуптур, анын ордуна Ригада бюросу ачылыптыр. Ошого карабастан Орусияда чектөө, тыюу оңдуу ишке ашканы байкалбайт. Социалдык тармак аталган түрдүү платформалар аркылуу, ар кайсы булактардан маалыматтар тарай берет турбайбы. Санарип каражаттар бизге керектүү жана керексиз маалыматты таңуулап, биз тууралуу маалыматты эч кандай аңдуу-тыңшоосу жок эле таап, биздин эркибизден тыш жайылтып турган чакта кубаттуу, аудиториясы арбын маалымат агенттигин жабуу чечими менен иш бүтпөйт окшойт, “жабылсын” десе эле жабыла койбойт экен.

Негизи “Азаттык” радиосу идеологиялык кармаштын туундусу. Эки системанын карама-каршылыгы муктаждык жаратты. СССР, анын орбитасындагы социалисттик лагер деп аталган өлкөлөрдөгү азаттыкка, демократияга, башка жашоого, жаңы көз карашка, эркин ойго умтулуу радионун тагдырын аныктады. Адам эркин ойлоого тынымсыз умтулат, бирок да ошол умтулууну, сөз эркиндигин чектөө аракети да албуут.

Айтор адамдын акыл-ою үчүн күрөштүн эзелки тарыхы бар, улам бир доорго ылайык мүнөзгө ээ. Ошол эзелки кармаш II Дүйнөлүк согуштан кийин жаңы өңүттө жана масштабда уланды. Европанын чыгышы коммунизмдин тиреги СССРдин таасири астында калат. 1947-жылы Маршаллдын планы ишке кирип, Батыш Европа АКШдан чоң финансылык жардам алат. 1949-жылы НАТО, Чыгыш Европа менен СССР экономикалык биримдик уюму СЭВ жана аскерий блок - Варшава келишимин түзөт.

Ошентип дүйнө эки жаатка бөлүнөт, бардык тармакта, ири алдыда идеологиялык деп аталган фронтто айыгышкан атаандаштык курчуйт. Албетте, Советтер Союзу социалисттик жашоо образын даңазалайт, коммунизм идеясын жайылтууга далалат кылат, санаалаш мамлекеттердин катарын арбытам деп тиягы Африканы, быягы Азияны аралай чабат.

Бир топ ийгиликке жетишет. 1947-жылы Республикачыл конгрессмендер Александер Смит менен Карл Мундт Европаны кыдырып келип, коммунисттик идеялардын туташ жайылып жатканына көзү жетип, Американын кызыкчылыктарына шайкеш үгүттү, демократия менен сөз эркиндигин даңазалоого жана антикоммунисттик контрпропаганданы системалуу жүргүзүүгө жол ачкан мыйзам сунуштайт. 1948-жылы “Маалымат жана билим алмашуу жөнүндө” мыйзамы (Information and Educational Exchange Act U.S.) кабыл алынат.

“Темир тордун” коммунистчил тарабындагы аудиториясына арналган, адегенде Свободная Европа (Radio Free Europe), кийинчерээк Радио Свобода (Radio Liberty) болуп өзгөргөн маалымат агенттиги 1950-жылдан тартып иштей баштайт. Алгачкы мезгилде Болгария, Чехословакия, Венгрия, Польша, Румыния менен чектелген радио берүү ушул лагердин тиреги Советтер Союзунун аймагына кеңейтүү зарылчылыгынан улам 1953-жылы мартта орус тилинде алгачкы берүүсү жаңырат.

“Азаттыктын” алгачкы берүүлөрү Мюнхенде “Куткаруу” (Освобождение) радиосу деген ат менен чыгып турган. “Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 1953-жылдан бери обого чыгып келатат. “Куткаруу” радиосунун “Түркстан редакциясынын” кыргызча берүүлөрүн Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдап, эфирге чыгарып турган.

Дүйнөнү нацизмден, фашизмден куткаруу, азат кылуу процесси токтоду десе, андан кем эмес тоталитардык режимдерден, диктатурадан, коммунистчил идеологиядан социалисттик лагердин элин куткаруу миссиясынын контекстинен караганда символикалык мааниге ээ аталыш. СССРдин түрк тилдүү республикаларында “Азаттык” аталышында. Ушул ат, ушул радио СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн эгемендүүлүккө ээ болуу, азаттыка жетүү, суверендүү мамлекетке айлануу же эркин мамлекеттүүлүктөрүн жаңы доордо калыбына келтирүү (мисалы Кыргызстан) процесстери менен өтмө катар байланышта.

Монопартиялык диктатурадан, тоталитардык үстөмдүктөн кутулуу аракети, эркиндикке, азаттык умтулуу, өз мамлекеттүүлүгү, суверенитет үчүн күрөшкө ушул радио дем берген. Ушул радио аркылуу прогрессивдүү идеялар тараган. Ушул радиодон жаңы көз караштар элге жайылды. “Азаттык” радиосу элдин шыгына шык кошту, күч-аракетин бириктирди.

“Азаттык” 70 жашка толгон чакта ал жаралган мезгилдеги жана радионун жаралышына негиз болгон көрүнүштөр жаңы мүнөздө кайра кайталанууда. Глобалдык тиреш апогейине жетти, идеологиялык конфронтация жаңы деңгээлге чыкты, куралдуу конфликттер токтогону жок, Европадагы ири мамлекеттин бири Украина согуш майданына айланды.

Адам укуктары жөнүндө жалпы декларация (пакт) кабыл алынганына быйыл декабрда 75 жыл толот. Адам укуктары идеясы жайдак жерде жаралган эмес, эзелки умтулуулардын, эчен кармаштын натыйжасы экенин жаздым эле. Декларацияга карай дүйнө азаптуу жана узак жол баскан. Адамзат адамдардын негизги, универсал жана адамдан ажырагыс, ансыз адам болуудан кала турган укуктарын конкреттештирип, тактап, аларды кол тийгис баалуулук жана ушул декларацияны тааныган ар бир мамлекет ошол укуктарды сактоого, сыйлоого тийиш экендигин аныктаган эл аралык башкы документ. Адам укуктары жөнүндө пактыда белгиленген укуктардын негизгилери – сөз эркиндиги, эркин ойлоо укугу, өз оюн эркин билдирүү укугу.

“Азаттык” радиосун сөз эркиндигинин символу катары да баалашат айрымдар.

Мына ушул баалуулуктар СССРдин калкына, анын ичинде Орто Азия республикаларынын журтчулугуна дал ушул “Азаттык” аркылуу жетти. Ушул баалуулуктарга карай азаптуу, кыйын, татаал жана ардактуу күрөштүн урунттуу учурлары “Азаттык” эфиринде жаңырып турду.

“Азаттык” радиосунда иштеген алгачкы карлыгачтар - адабиятчылар, окумуштуулар, журналисттер – кыргыз интеллектуалдык коомунун мыкты өкүлдөрү. Салижан Жигитовго окшогон акылгөйлөр иштеди.

“Азаттык” тагдыры эркиндик менен киндиктеш. “Азаттыктын” тагдыры жаңы дүйнө таанымдын тагдыры, эркин ойдун айдыңы. Сөз эркиндиги жалпы дүйнөдө проблема бойдон калууда. Сөз эркиндигин чектөө жана демократияны ооздуктоо универсалдуу чакырыктардын бири. Анткени адам укуктары жөнүндөгү эл аралык пактыдагы жоболор куру кыялдар, декларация бойдон калып, реалдуулукка айланмагы дагы көп аракетти талап кылчудай.

Мамлекеттер адам укугун баалай турганын жарыялап, бирок аны сактабай коюунун не бир түркүн айласын ойлоп табаары бышык. Сөз эркиндигин ооздуктоо, демократияны жетелеме нерсеге айлантуу азгырыгы күч, ар кандай бийликти сындан тыш болуу, мактоого гана арзуу кумары тооруп турат. “Азаттыктын” жабуу-чектөө тууралуу улам жаралган полемика буга далилдердин бири. 70 жылдан соң “Азаттык” дагы бир сыноого тушугуп турат.

Буга чейин моюбаган “Азаттык” эми сына коюшу күмөн. Албетте, “Азаттык” сөз эркиндигинин жападан жалгыз тирөөчү эмес. Бирок “Азаттыкка” карата мамиле бийликтин сөз эркиндигине жана демократияга карата мамилесинин туюнткан индикатор катары каралбайт деп ким кепил боло алат. Демек бийлик да таңууланган сыноого кабылды. Президент Садыр Жапаров турмуштук сыноолордо абийир менен чыккан инсан.

Мамлекет башчысы катары өз озуйпасын, эл-журт үчүн бийик мүдөөлөрүн аткарууга дилгир, аракети күч. Демек таңууланган бул сыноону да жеңүүгө кудурети эселеп жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG