Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстан аза күтүүдө


Бишкек.
Бишкек.

Бүгүн, 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү.

Буга байланыштуу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, маркумдарга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты.

Мамлекет башчы Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоп, анда элдин өмүрү, ден соолугу үчүн күрөш бүтө электигин белгилеген.

"Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш. Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болду. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз. Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!” - деп жазылган президенттин сайтындагы билдирүүдө.

“Азаттыкка” маалым болгондой, мамлекет башчысы эртең менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасына катышкандан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Мукар Чолпонбаевдин, Чыныбай Турсунбековдун, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун, Кыргызстандагы тунгуч демократиялык кыймылды (КДК) жетектеген коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы депутаты Жыпар Жекшеевдин үйлөрүнө барып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

Президент ошондой эле маркумдардын айрымдарынын жакындарына, уул-кыздарына өз-өзүнчө жолугуп, көңүл айтканы маалымдалды. Алардын катарында "Азаттык" радиосунун журналисти, коомдук ишмер маркум Бүбүкан Досалиеванын кызы да бар.

"Илдетти батыраак жеңип кеткиле"

Чет өлкөлөрдүн башчылары жана эл аралык уюмдар кыргыз элине Коронавирустан каза болгондор боюнча аза күтүү күнүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго көңүл айткан каттарын жөнөтүп жатышат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: «Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм», - деп көңүл айтты.

Ошону менен катар казак лидери чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди. Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы бирге күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгын эске салды.

Беларус президенти Александр Лукашенко: «Беларус коронавирус илдетинин жайылышынан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө түзөрүнө ишенем», деп жазды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон: «Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктар тез арада сакайып кетишин каалайм. COVID-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргызстан пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкө өкмөтү көрүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем», - деп белгиледи көңүл айтуусунда.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Владимир Норовдун телеграммасында: «Боордош Кыргызстан элинин орду толгус жоготуусунун азасын тең бөлүшүү менен, бул илдет менен күрөшүп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин берилгендик менен аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктары менен, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп кетким келет», - деп айтылды.

Тарыхта калчу кара так

Улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 27-июлда кол койгон.

Мунун алдында мамлекет башчы менен жолугушууга барган ыктыярчылар жалпы Аза күтүү күнүн жарыялоону талап кылышкан эле.

Президенттин жарлыгында: «Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде өлкөнүн бардык аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн», - деп жазылган.

Бул күнү маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялары аза күтүү күнү оюн-зоок иретиндеги иш-чараларды жана берүүлөрдү уюштурбайт.

Мурдагы саламаттык сактоо министри, коомдук ишмер Накен Касиев жүздөгөн адамдын өмүрүн алган бул күндөр Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен жазылып каларын белгиледи.

Накен Касиев.
Накен Касиев.

“Коронавирус жалпы адамзат үчүн чоң трагедия болду. Анын ичинен Кыргызстан оор сыноого туш болду деп айтсак болот. Тилекке каршы, коронавирустан ажал тапкандардын саны өлкөбүздө 1300 кишиден ашып кетти. Эл дагы карантин шарттарын толук аткарбай оорунун жайылышына жол берди. Социалдык коргонуу болгон жок. Мунун айынан жоготуулар да көп болду. Өлүмгө чекит коюла элек. Күнүгө каза болуп жатышат.

Мукар Чолпонбаев, Чыныбай Турсунбеков, Жангороз Каниметов сыяктуу чыгаан инсандардан, бир катар кесипкөй дарыгерлерден айрылдык. “Элге кызмат кылам” деген далай эр-азаматтарыбызды жоготтук. Мен элди сактанып, ооруга олуттуу мамиле кылууга чакырам. Анткени адистер илдеттин экинчи толкуну келерин айтып жатышат. Абалыбыз дагы деле оор бойдон калууда”.

Коомчулукта, анын ичинде социалдык тармактарда өкмөттүн жаздан берки аракеттерин сынга алгандар көп. Активисттер мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди күнөөлөп, «COVID-19 вирусунун жайылышына каршы жетиштүү чара көргөн эмес» эмес деп айыптап, айрымдар алардын жоопко тартылышын талап кылышууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова “илдеттин жайылышына жана өлүмдүн көп катталышына жол берген өкмөт жооп бериши керек” деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

“Бийлик 1300 адамдын өлүмүн бирден иликтей албаса да оболу илдет менен күрөшүүдө алдыда жүрүп, каза тапкан медкызматкерлердин өлүмү иликтениши керек. “Эмнеге медиктердин өлүмү көп болду?” деген эң чоң суроо болушу керек. Пандемия жаңы башталганда ооруканалардагы көйгөй тууралуу айтып чыккан дарыгерлерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) суракка чакырып, кечирим суратканы баарыбыздын эсибизде. Бирок бүгүнкү күндө медиктерди күн сайын жоготуп жатабыз.

Мындан сырткары элге өз каалоосу менен жардам берип жаткан ыктыярчылардын арасынан да оору жугузуп каза болгон учурлар болууда. Кыргызстан илдеттен арылып, боорун жерден көтөргөндөн кийин оорунун жайылышынын себептерин иликтеген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек. Ага коомдук комиссия да кошулушу зарыл. Бийлик батыл кадамдарга эмнеге барбаганына жооп бериши керек”.

Кыргызстанда 10-июлдан тарта күн сайын коронавирустан жана өпкөсү кагынып каза болгондордун саны 40-50дөн ашык кишиге жетип жаткан. Ал эми 15-июлда 85, 17-июлда 83 адам каза болгон.

Июнь-июль айларында коронавирус жана пневмония жуккан адамдар кескин көбөйүп, ооруканаларда орун, медициналык жабдуулар, дарыканаларда дары жана медицина кызматкерлеринин жетишсиз экени ачыкка чыккан. Ыктыярчылардын демилгеси жана көмөгү менен Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда күндүзгү стационарлар иштей баштаган. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус азая баштаганын маалымдады.

Аза күтүү күнүнүн салмагы...
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:18 0:00
Түз линк

30-июлда COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 катталган жаңы учур 631ди түздү. 17 адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 35 143кө жетти. Өлгөндөрдүн жалпы саны - 1 364​.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин сегиз медицина кызматкери каза болгонун кабарлаган. Расмий эмес эсеп боюнча, кайтыш болгон медиктердин саны 60ка чукулдады.

30-июлга карата «Азаттыктын» «Пандемия: Кимди жоготтук?» эскерүү тизмесине маалыматы кирген маркумдардын саны 400 кишиге жетти. Алардын улуусу 91, кичүүсү 1,5 жашта болчу. Тизмедеги кайтыш болгон жарандардын 100гө жакыны 50 жашка чейинки, 300ү 50 жаштан ашкан курактагылар. Алардын ичинде медицина кызматкерлеринин саны 60ка жетти.

Пандемиянын кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткандардын арасында дарыгерлерден тышкары илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналисттер, студенттер, акындар, маданий ишмерлер, соттор, милиция кызматкерлери, чарба адистери, ишкерлер, дин ишмерлери, спорт өкүлдөрү, ардагерлер, үй кожойкелери бар.

«Азаттык» пандемия курмандыктарынын 170 кишиден турган алгачкы эскерүү тизмесин 20-июлда жарыялаган.

Андан бери «Пандемия: Кимди жоготтук?» деген тизме күн сайын жаңыланууда. Ал орус жана кыргыз тилдеринде azattyk.org, rus.azattyk.org сайттарында жайгашып турат.

Элесиңер унутулбайт

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коронавирустан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, ар бир адамдын орду толгус экенин белгиледи:

“Дүйнө эми мурункудай болбойт. Ушул сөздү бүгүн ар бирибиз айтып калдык. Жакын адамдарын жоготкондор үчүн аалам астын-үстүн болду. Каруу-күчкө толуп турган курагында канча кымбат адамдарыбызды жоготуп алдык… Ар бир күндү: «Дагы ким, бүгүн канча адам экен?» деген сары санаа менен тосуп калдык. Кайгылуу статистиканын ичинде биздин жакындарыбыз, досторубуз, тааныштарыбыз көбөйө баштады. Бу статистикага тоодой кайгы-капаны кантип батырабыз. Ар бир адамдын өмүрү өзүнчө, башкача эле да. Алардын орду толгус... Кайгы-касирет адамдарды бириктирет экен, бул ачуу чындык. Биздин элибиз башка оор иш түшкөндө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биригип күрөшүүнүн мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Жанын аябай, тобокелге салып бу илдет менен күрөшкөн дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын каармандыгына башымды ийип таазим кылам. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!”.

Аза күтүү күнүнө карата социалдык тармактарда Кыргызстандын аттуу-баштуу өнөр адамдары, мекемелер пандемияда жабыр тарткандардын жакындарына көңүл айтып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG