Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

«Аю» компаниясын айланган сур булут


Шаршенбек Абдыкеримов жана "Аю Холдинг" компаниясынын логосу.
Шаршенбек Абдыкеримов жана "Аю Холдинг" компаниясынын логосу.

Кыргызстандын алкоголдук өндүрүшүндөгү ири компаниялардын бири «Аю» ишканасы жумушун убактылуу токтоткону кабарланды. Мурдараак Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы заводдун кампаларында салык жашыруу аныкталганын маалымдаган.

Ишкана өкүлдөрү өндүрүш жарым-жартылай кыскарганын моюнга алып, салыктан кымыруу болгонун төгүндөп жатат. Жараянды саясат менен да байланыштыргандар бар.

Уу-дуу кептин учкуну

Алкоголдук ичимдиктерди жана башка суусундуктарды чыгарган «Аю» ишканасы жабылып калганы тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков айтып чыкты. Ал парламенттин тармактык комитетинде маселе көтөрүп, өкмөт өкүлдөрүнө суроо койду.

Депутат бул жөнүндө «Азаттык» радиосуна комментарий берип, өз билдирүүсүнүн төркүнүн түшүндүрдү.

Абтандил Кулбараков.
Абтандил Кулбараков.

«Негизи «Аю» компаниясы «жабылып калыптыр, токтоп калыптыр» деген сөздөрдү коомчулуктан, ар кайсы чөйрөдөн уккам. «Кайра иштеп баштаптыр» деген да кеп уктум. Кантсе да мындай чоң ишкананы токтоткон орунсуз. Алар иштебесе, салыкты ким төгөт, бюджетке каяктан акча түшөт? Анүстүнө бул компанияда миңдеген адамдар иштейт. «Аюда» негизи көп ишкана бар да, арак заводу, курулуш ишканалары токтоптур деп уккам. Эмнеге антип токтогонунун так себебин билбейт экем, кандайдыр бир эреже бузуулар табылган окшойт. Эгер ошондой болсо катачылыктарын оңдоп, эскертип, кайра иштетип коё бериш керек. Антпесе товар өндүрүүгө зыянын тийгизет, кызматкерлер маянасыз калышы мүмкүн. Быйыл ансыз да пандемияда көп ишканалар жабыр тартышпадыбы! Ошону үчүн ишканалар, өзгөчө чоң компаниялардын үзгүлтүксүз иштегени аябай маанилүү», - деди Автандил Кулбараков.

Ушул эле тушта «Аю» заводу жабылып жатканын өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин эксперти Азамат Акенеев да кабарлап, "Twitter" түйүнүндөгү өз баракчасында пикир калтырды. Ал ишкана салык төлөөгө байланыштуу маселеге кабылганын жазды.

Азамат Акенеев.
Азамат Акенеев.

«Сыягы «Аю» жабылып жатканын ырастап жатат. Ири суммада салыктарды илип коюшуптур. Башка олигархтарга да сабак болушу керек. Ардеме кылып, бийлик менен келишип кеткенди, парламентке киргенди токтотуш керек. Бардыгы мыйзамдуу өлкөдө жашаган пайдалуу. Ойлонгула. Акылсыз эмессиңер го», - деп жазды ал.

Бул арада «Кактус Медиа» басылмасынын кабарчылары компаниянын Токмок шаарындагы заводуна барып, ал жабык турганына күбө болуп келишти.

«Аю Холдинг» ассоциациясынын аткаруучу директору Акылбек Кунакунов бул завод оңдоого байланыштуу жабылганын билдирип, башка заводдору иштеп жатканын кабарлады. Бирок ал ошентсе да өндүрүшү тең жарымына кыскарганын мойнуна алды.

«Заводду органдар жаап салды деген туура эмес маалымат. Токмоктогу спирт заводубуз жөн гана пландуу профилактикалык ремонт үчүн жабылган. Ал эми Сокулуктагы арак заводубуз иштеп жатат. Эмнеге азыраак иш болуп жатат, себеп дегенде буюртма аз. Ортодогу соода өкүлдөрүбүз, башкача айтканда дистрибьюторлордун кампаларын укук коргоо органдары жаап салганына байланыштуу алар бизге буюртма бере албай жатат. Аларды салык кызматы да текшерүүдө. Завод жөн эле продукция чыгара бербейт, жалаң буюртма менен гана товар чыгарат. Дагы белгилеп коёюн, заводдун экономикалык ишмердүүлүгүн эч ким токтото албайт. Анткени бюджеттин алдында биздин милдеттенмелерибиз бар, анын баарын аткарышыбыз керек, иш жүрүш керек. Азыр биз Орусияга, Казакстанга кетчү продукцияларды чыгарып жатабыз. Балким мурда завод 100% иштесе, азыр 50% иштеп жатат десек түшүнүктүү болушу мүмкүн».

Ноябрдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы атайын иш-чаралардын алкагында алкоголдук ичимдик чыгарган монополист компаниялардын кеңселери менен Мамлекеттик салык кызматына тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

Мекеме анын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүнөн качуу, өндүрүштүн реалдуу көлөмүн жашыруу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча корупциялык схема аныкталганын билдирген.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буга байланыштуу териштирүү иштери дале уланып жатканына токтолду.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында жайгашкан алкоголдук ичимдиктерди чыгарган заводдун кампаларында жана ошондой эле салык кызматынын борбордук аппаратынын кызмат адамдарынын кызматтык бөлмөлөрүндө, райондук башкармалык бөлүмдөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 100 миллион сомдон ашык суммага 460 миңден ашык алкоголдук ичимдик табылып алынды. Ошондой эле, көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, алкоголдук ичимдиктерди тиешелүү уруксат документтерисиз сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырган жеке үйлөрдүн кампалары аныкталды. Учурда табылган алкоголдук продукцияларга колдонулган акциздик маркаларынын аныктыгын жана алардын туура пайдаланылышын текшерүү иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгында мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын көлөмү документтештирилет».

Бирок «Аю Холдинг» бул али «кылмыш фактысы аныкталды» дегенди түшүндүрбөй турганын, алынган арак-шараптар башка компаниялардын контрафакт товарлары да болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Ишкана салык жашыруу аракети болгонун да төгүнгө чыгарды.

«Аю Холдинг» ассоциациясынын аткаруучу директору Акылбек Кунакунов кайрадан кепке кошулду:

Акылбек Кунакунов.
Акылбек Кунакунов.

«Орусча айтканда «самопальшик» компаниялар, башка ишканалар ошентип бизге окшогон чоң заводдордун бренддик продукцияларын туурап жасап чыгарып, сатуу менен алектенет. Андай контрафакт товарлары Бишкектин «Ош», «Берекет» базарларында, Ош шаарындагы шоколад базарында толуп кеткен. Ошол «самопалдарды» «Аю» компаниясы чыгарып жатат деген туура эмес маалымат УКМКга жетип калып, баары ошонун кесепетинен болуп жатабы деп да ойлойм. Анткени «Аю» бир бренд чыгарса эле, көмүскө цехтер ошону туурап чыга беришет. Бизде салык жашыруу деген таптакыр жок, антүүгө такыр мүмкүн эмес. Жаңы кодекстерге ылайык, укук коргоо органдарына болгон ар бир кайрылуу, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, иликтене берет экен да. Анүстүнө биздин практикада бийлик алмашкан сайын, ушундай чоң бизнестерден шектенип, кайра-кайра текшермей адат болуп калды. Ошондой текшерилбеген маалыматтардын негизинде биз кайсы бир топторго курал болуп калып жатабыз», - деди ал.

«Абдыкеримовдун же Исаевдин тизгинин тартуу амалы да болушу мүмкүн»

Маалым болгондой, «Аю» арак заводу «Аю Холдинг» компаниясынын курамына кирет. Анын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов «Кыргызстан» партиясынын курамында парламенттин депутаты. Саясий чөйрөдө аны Шаки деп атагандар да бар. Абдыкеримов ушул эле партиянын катарында жаңы чакырылышка шайлоого да катышкан.

Бул партия мурдараак бийликчил деп сыпатталчу жана шайлоо жыйынтыгында төрт партиянын катарында утуп чыккан. «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев бийлик алмашкандан кийин жаңы президенттик шайлоого да катышарын жарыялаган.

Ушундан улам да компанияны текшерүүлөр жана анын жабылганы тууралуу каңшаар кептер саясий мотив менен байланыштырылууда. Журналист Аскер Сакыбаева мындай деди:

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

«Муну ар кайсы жактан жоромолдосо болот. Балким саясий өңүтү бар, балким жөн гана чарбалык, өндүрүштүк гана негизде иш козголгондур. Бирок ошентсе да муну саясаттан айрып кароо мүмкүн эмес. Себеби «Аю Холдингдин» негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов «Кыргызстан» партиясын да түптөгөндөрдүн бири. Бул партиянын шайлоодо жеңип чыгышы чыр жаратып жатат. Мурдагы бийликтердин өнөктөшү болчу. Анан төңкөрүш болуп кетти. Балким ошол эле шайлоого катышам деген партиянын лидери Канатбек Исаевдин тизгинин тартып же такыр эле оюндан жыдытуу максатын көздөшү мүмкүн. Кайсы бир күмөндүү иштерин алып чыгып, аларды коркутуп, «момундай ишиңер бар» деп коркутуп жатышы да ыктымал. «Аю» компаниясын деле сүттөй таптаза, бардык ишин мыйзам жолунда жүргүзөт деп так кесе айта албайбыз. Албетте, өндүрүштөгү флагман, менин билишимче эле Шаршенбек Абдыкеримов ондогон ишканаларды ачып, он миңдей кишиге жумуш берген киши. Чоң-чоң салыктарды төлөйт, бирок ошондой ири жумуштарда кандайдыр бир каржылык алешемдиктер да болуп калышы мүмкүн. Органдар мына ошол илинчектерин таап алып, кармап, соодалашып, же кандайдыр бир тузак салуу амалын да көздөп жатышы мүмкүн».

«Аю Холдингдин» жетекчилигинин кабарлашынча, ассоциациянын курамына кирген 40-50дөй ишкана жылына 1 млрд. сомдон ашык салык төлөйт. Анын 400 млн. сомун «Аю» арак заводу өзү төгөт.

Бирок ошентсе да компаниянын салык төлөмдөрүнө байланыштуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып келет. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин өкмөт башчылыкка келип, кызматын убактылуу токтотуп, президенттик шайлоого аттаган Садыр Жапаровдун тарапкерлери да буга «Аю» компаниясына байланыштуу айрым жерлерде маселе көтөрүштү.

Жапаровдун жактоочуларынын бири, «Элдик көзөмөл» кыймылынын жетекчиси Бакай Кашкарбаев атайын видео кайрылуу менен да чыгып, ушул маселени козгоду. Андагы өз ойлорун Кашкарбаев «Азаттыкка» да айтып берди.

Бакай Кашкарбаев.
Бакай Кашкарбаев.

«УКМК козгогон кылмыш иштерге негиз бар деп эсептейм. Себеби, мурдараак миллиарддап салык төлөп эле, акыркы жылдары таптакыр азайтып жибериптир дейт. Өтө көп салыкты төлөгөн эмес деген шек санаоо бар, менде. Менин угушумча ушуга байланыштуу Шаки өзү өлкөдөн сыртка чыгып кетиптир. Эми баарыбыз эле кыргызбыз да, ал качпай эле койсун, жакындары аркылуу «биякка кел» деп эле айттырыш керек. Келип бияктан жашырган салыктарын, айыппулдарын төлөсүн да, бизнесин уланта берсин. Эгер буга чейин салык төлөбөй келсе мындан ары төлөтүп коюп иштетиш керек. «Аю» сыяктуу чоң компаниялар иштебей турганы өкүнүчтүү», - деди ал.

«Аю Холдинг» ассоциациясынын аткаруучу директору Акылбек Кунакунов Шаршенбек Абдыкеримов өлкөдөн сыртка ар кандай иштери менен, анын ичинде дарылануу үчүн чыгып-келип турарын тактап, бирок азыр өлкө ичинде эле экенин билдирди.

Арийне, алкоголдук өндүрүштөгү салыктарга, өзгөчө акциздик төгүмдөргө байланыштуу түрдүү талаш-тартыштар мурдатан эле болуп келет. Аталган маселе ушул күндөрү да актуалдуу болуп жатат.

Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров да бюджеттин кирешесин арттыруу жөнүндө кеп салып жатып, ушул жөнүндө да айта кетти.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Мына арак боюнча да айтып коёюн, 2012-жылы мен финансы министри болуп турганда 1 млн. 600 миң декалитрден "акциз чогултасыңар" деп киргизген, биздин өкмөт ошондон баштап чогултат. 2018-2019-жылкы маалыматтарды мен өкмөттөн ала албай жатам. Эгер 2017-жылды алсак, бул жылы 4 млн. 123 миң декалитр арак менен вино чыгарылганын Улуттук статистика айтып жатса, биз кайра эле ушул өкмөт менен парламент 440 миң эле декалитрден акциз чогултууга макул болгонбуз. Арак-шараптын акциздик салыгы кайда кетти? Анын киреше салыгы, кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салыгы эмнеге алган жокпуз? Бул бир эле жолкусу, ал үч-төрт жолу сатылат да. Мына ушул булактарды эле биз жаба турган болсок, эмдиги жылы 25-30 млрд. сомдук пайда алабыз».

Ал ортодо Башкы прокуратура Бишкектин түштүк тарабындагы 271 миллион сомдук жер тилкесине байланыштуу Октябрь райондук прокуратурасы «Грейт Дерби» компаниясына сот чейинки өндүрүш ачканын. «Грейт Дерби» фирмасы «Аю Холдингге» караштуу «Аю Курулуш» компаниясына карайт. Башкача айтканда, бул да «Аюга» карата укук коргоо органдарынын маанайына кошумча түс бергенсийт.

Кыргызстанда жарым-жартылай бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаровдун саясий өнөктөштөрү - «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылыгына жана депутат Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын жетекчилигине келген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG