Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Инвесторду чочуткан бир ай


Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетишин талап кылган митинг. 14-октябрь, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетишин талап кылган митинг. 14-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда октябрдын башындагы туруксуздук, жергиликтүү элдин нааразылыгы жана белгисиз топтордун опузасы менен коштолгон окуялардан улам бир катар чет элдик компаниялардын иши дагы эле токтоп турат.

Айрым алтын кендерин иштеткен инвесторлор кыргыз өкмөтүн коопсуздукту камсыз кылууга чакырууда. Жаңы бийлик чет элдик компаниялар корголоруна ишендирүүгө аракет кылып жатат. Ошентсе да кайсы бир кендерге байланыштуу жергиликтүү тургундар менен толук мунаса табыла элек.

Бозумчактагы бүдөмүк абал

Октябрь айынын башынан бери иши үзгүлтүккө учураган кендердин арасында Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын кени да бар. Казакстандык «КАЗ Минералс Бозумчак» компаниясы иштеткен бул кенде 28-октябрда дагы бир окуя болду.

Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кулпек-Сай айылынын тургуну Абдыганы Үсөнбаев «Азаттыкка» билдиргендей, бул кендеги иш жергиликтүү жашоочулардын талабынан улам 6-7-октябрда убактылуу токтотулган. Анда «компаниянын жетекчиси жергиликтүү эл менен бир сыйра сүйлөшүп алсын» деген талап коюлган.

Үсөнбаевдин айтымында, шаршемби күнү компания ишин кайра жандантканы байкалган соң бир нече айылдан чыккан 200дөн ашуун адам кенге барган жана президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин тарап кеткен.

Ала-Букадагы алтын казган кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын фабрикасындагы өрт. 19-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Букадагы алтын казган кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын фабрикасындагы өрт. 19-октябрь, 2020-жыл.

«Садыр Нуркожоевичтин өкүлдөрү келген экен. Алар жакында, 4-ноябрда Жапаров Жалал-Абадга келерин айтышты, - деди Абдыганы Үсөнбаев. - Өкүлү аркылуу мен президент менен сүйлөштүм. Сөзүн угуп, өзүн куттуктадым. «Кандай жардам берели, сизге?» десем: «Сиздер ошол жерде эч бир адамга зыян кылбаңыздар, эч бир ишке тоскоолдук кылбаңыздар, мен силерге убада берем, ошол жерге бардык айылдын калкын чогултуңуздар, мен барып калктын сөзүн угам» деди».

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ал күнү түш оой Бозумчак кенине жергиликтүү 100дөй жаран барып, талап койгонун «Азаттыкка» ырастады. Ошондой эле учурда аймакта абал туруктуу экенин, бул окуя боюнча териштирүү башталганын маалымдады.

«Алар кен казуучу ишканага «айылдын жолун оңдойсуңар, анан иштейсиңер» деген талап коюшкан. Бул факты Ала-Бука райондук милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») беренеси менен катталган», - деп кабарлады облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Тургунбаев.

Бозумчак, Кыргызстан.
Бозумчак, Кыргызстан.

Расмий маалыматтар боюнча, Ала-Букадагы бул кенде 23 тоннага жакын алтын жана 145,8 миң тоннадан ашык жез бар. Кенди иштетүү укугу 2007-жылы казакстандык «Казахмыс» компаниясына берилген. Компания 2015-жылдын тартып «КАЗ Минералс Бозумчак» деген жергиликтүү компанияны түзүп, кенди иштетип келген.

Кенге жакын жайгашкан Кулпек-Сай айылынын тургуну Абдыганы Үсөнбаев компанияга жергиликтүү элдин өндүрүмүн сатып алуу сыяктуу бир топ талаптар бар экенин айтууда.

«Биринчиден, жергиликтүү элден жумушка алышы керек. Ал жерде жетекчилердин, укук коргоо органдарындагы адамдардын балдары, туугандары иштешет. Карапайым эл иштебейт. Көк-Серек айылы иче турган суунун жээгинде химикат, чоң машинелердин баары жүрөт. Жолдор аябай бузулуп кеткенине нааразы болуп ушул нерсе чыкты», - деди Үсөнбаев.

Буга чейин «КАЗ Минералс Бозумчак» ишканасынын эмгек жамааты өндүрүштү жандандырууга чакырган. «Азаттыкка» жиберилген видео кайрылууда кен иштетүүчү ишкананын жумушчулары өлкөдө туруктуулукту орнотууга үндөшкөн эле. Компаниянын Лондондогу басма сөз өкүлү иш коопсуздук маселелеринен улам токтоп турганын белгилеп, качан кайра башталарын так айта алган жок.

«КАЗ Минералс» Кыргызстандагы Бозумчак кенине ээлик кылат жана иштетет. Коопсуздуктан улам иш убактылуу токтотулду. Биз абалга байкоо салып жатабыз», - деп билдирди аты-жөнүн ачык атабоону өтүнгөн өкүл.

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык менен коштолгон окуялардан улам Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен түркиялык «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы да жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

27-октябрь күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында райондун эли жана тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер кен казган компаниялардын ишин жандандырууну сүйлөшүп, бирок орток пикир таба алышкан жок.

«Жерүйдүн» иши кечеңдеди

6-7-октябрь күндөрү Кыргызстандын башка облустарындагы кен иштетүүчү компанияларга да чабуул коюлган. Белгисиз адамдар Нарындагы Кара-Кече көмүр кенин басып алышкан эле. Ошондой эле Таластагы Жерүйгө да жоон топ киши кирип барып, имараттарына өрт койгон. Натыйжада кендеги кампалар жана кеңселер күйүп кеткен.

Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. Ал ишкананы көзөмөлдөгөн Орусиядагы «Группа-Альянс» компаниясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Андрей Румянцев болгон окуялардан улам Жерүйдө октябрь айында кайра иштетүүчү комплексти ишке киргизүү планы үзгүлтүккө учураганын «Азаттыкка» айтты.

«Былтыр ноябрь айында тоо-кен иштери башталган. Руданы өндүрүү жүрүп жаткан. Баса белгилеп койгум келет, биз руданы экспорттобойбуз. Кампаларга топтолгон руданын баары Кыргызстанда кайра иштетилет. Эгер кайра иштетүүчү комплексти октябрь айында ишке киргизген болсок, руданын курамына жараша жыл аягына чейин 500-550 килограмм алтын өндүрүп калмакпыз. Натыйжада бюджетке да салык түшө баштамак», - деди Румянцев.

Жерүй алтын кени. 6-октябрь, Талас облусу, Бекмолдо айылы.
Жерүй алтын кени. 6-октябрь, Талас облусу, Бекмолдо айылы.

Жергиликтүү элдин утур-утур нааразылыгына себеп болуп келген Жерүйдү иштетүү укугу 2015-жылы аукциондун негизинде 100 миллион долларга орусиялык компанияга сатылган. Ага ылайык, Кыргызстандын мыйзамдары менен иш алып бара турган «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Андрей Румянцев компания ишин жакын арада жандантат деп үмүт артып турганын кошумчалады:

«Азыр тергөө иштери аяктай элек. Экинчиден биз бийликти чет элдик адистердин көңүлүн тынчытууга жана жабдыктарды текшерүүчү эксперттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырдык. Биз ишти баштоого 97-98% даяр болуп калганбыз. Азыр эми канча бир убакытка артка кеттик. Бактыга жараша кайра иштетүүчү комплекстеги негизги жабдыктар азыраак жабыркады. Кампаларга жана карьердеги техникага көбүрөөк зыян келди»,-деди Румянцев.

Алдын ала эсептер боюнча, Кумтөрдөн кийинки эле экинчи ири кен болуп саналган Жерүйдө 6-октябрда коюлган чабуулдан улам бул ишканага 15 миллион доллардай зыян келген.

«Кумтөр» демекчи, Кыргызстандагы саясий окуялар бул кендин ишине кедергисин тийгизбегенин октябрдын башында «Центерра Голд» компаниясы маалымдаган. Бирок андан бери компаниянын Торонто биржасындагы акциялары арзандап кетти. Маселен, 1-октябрда «Центерранын» бир акциясынын Торонто биржасындагы баасы 16 долларга барабар болсо, 5-октябрдан бери төмөндөп отуруп, азыр 11,5 долларга түштү.

Андыктан компаниядагы кыргыз өкмөтүнө таандык 77,4 миллиондой акция бир ай мурда бир миллиард 227 миллион доллар турса, 29-октябрда 895 миллион долларга гана бааланып калды. Ортодогу жоготуу 330 миллион доллардан ашат.

Опузалардын опурталдуу жагдайлары

28-октябрда Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, мыйзамдуулукту сактоо, бизнести өнүктүрүү жана аны коргоону камсыз кылуу маанилүү экенин эске салды.

Октябрь айынын башында Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салуу жөнүндө кабарларга кабатырланып жатканын билдирген. Казакстан да Кыргызстандагы ишканаларынын коопсуздугуна тынчсызданган.

Ал эми 16-октябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси өлкө аймагында иштеген кытайлык жумушчуларды жана компанияларды коргоп берүүгө өкмөттөн жардам сураган. Элчи Ду Дэвэн Ала-Букадагы «Full Gold Mining» алтын кен компаниясы жана Чүйдүн Панфилов районундагы пластик чыгаруучу ишкана боюнча өзгөчө тынчсыздануусун айткан.

Бээжиндин мындай кабатырлыгына негиз бар экенин Кытайдын Кыргызстандагы саясатына көз салып келе жаткан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги академиясынын илимий кызматкери Яy Цз Ян жакында «Твиттерге» жазды. Ал 6-7-октябрь күндөрү Кыргызстандагы айрым кытайлык компаниялардын жумушчулары зомбулукка жана опузага туш болгонун «Азаттыкка» да айтып берди.

«Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланып, башамаландык башталганда адамдар кытайлык компанияларга, кен ишканаларына барышкан. Алар компаниялардан акча сурап, антпесе талап-тоноо болорун эскертишкен. Жаш жигиттер топтолуп, айрым кытайлык компанияларды бутага алганына күбө болдук. Ондогон кытайлык жумушчулар түн оой тоо тарапка кийим-кечесиз качып чыгышканын уктук. Алар Бишкектен жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү үчүн кишилер келгенге чейин жашырынып жүрүүгө аргасыз болушту», - деди Яy Цз Ян.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошондой эле илимпоз 6-7-октябрда кайсы бир алтын кенинде кытайлык аял кызматкерлер зордуктоо коркунучуна кабылганын кошумчалады. Бирок бул окуя кайсы кенде болгонун ачык айта албай турганын, себеби кендерде сүйлөшүүлөр дагы эле уланып жатканын, кандайдыр бир араздашуунун чыгып кетишинен чоочуларын белгиледи.

«Мен бул маалыматты учурда Бишкекте жүргөн кытайлык коопсуздук кызматкеринен алдым. Ал чабуулга кабылган, алтын кенин иштеткен кытайлык компаниялардын бириндеги оор окуяны айтып берди. Эки кытайлык аял кызматкер жаш жигиттер кеңсеге камашканда терезеден секирүүгө аргасыз болушкан. Алар ага чейин деле телефондорун, колунда эмнеси болсо ошонун баарын жаш балдарга беришкен экен. Болбой эле коркутуу уланган», - деди Яy Цз Ян.

Ал ошондой эле Кара-Балтадагы нефти иштетүүчү кытайлык заводдун жетекчилиги жаалданган топту токтотуш үчүн аларга ири суммада акча берүүгө аргасыз болгонун да айтып берди.

«Кытайлык коопсуздук кызматкери мага айткандай, 6-октябрда заводдун айланасында курал көтөргөн жаш кыргыз жигиттери жүргөн экен. 7-октябрда топтолгон адамдар ого бетер көбөйгөндүктөн жетекчи акча төлөөгө аргасыз болгон. Мага айтышкандай, талап кылынган сумма 350 миң доллар болгон. Компаниянын коопсуздук кызматкери бул акчаны бербеш керек деген кеңешин айткан экен. Бирок топтолгондор ушунча сумманы талап кыла беришкен. Бирок акчаны так кимдер алганын билбейбиз», - деди Яy Цз Ян.

Кытайлык компанияларга байланыштуу мындай маалыматтарды көз каранды эмес башка булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек. Яy Цз Ян бул окуялар боюнча милицияга кабар берилип-берилбегенин билбей турганын айтты. Ички иштер министрлиги азырынча өтүнүчкө жооп бере элек.

Жаңы бийликтин убадасы

Кантсе да 5-октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген жаңы өкмөт чет өлкөлүк компаниялар корголоруна убада берип, инвестордун ишенимин калыбына келтириш үчүн бир катар жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүүдө.

Маселен, 29-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан шаарында казак өкмөт башчысы менен жолугуп, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн убада кылды. Андан бир күн мурда Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова кытайлык компанияларды өлкөдөгү инвестициялык климатты изилдөө үчүн Бишкекке чакырганы белгилүү болду.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу. 2020-жылдын 19-октябры.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу. 2020-жылдын 19-октябры.

23-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйыны өтүп, анда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «мен ар бир ишкерди, инвесторду коргойм жана колдойм» деп билдирген. Ошондой эле Жерүй, Металл-Кен, Терек-Сай сыяктуу инвестициялык ишканалардын мүлкү бүлүндүрүлгөнүн «мыйзамсыз» деп атаган.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Бирок биз элди туура түшүнүшүбүз керек. Аларды мыйзамсыз аракеттерге жергиликтүү эл менен биргелешип иш алып барбагандык, аймактагы экологиялык маселелерде эл аралык талаптар сакталбаганы түрттү. Азыр эң башкысы – ишканадагы иш процессин токтотпой, тезинен ишке киргизүү зарыл болуп турат. Кырдаал жөнгө салынат. Бизге бир аз убакыт керек. Казылган кендердин бардыгын мамлекеттин пайдасына иштегендей кылабыз. Эки тарапка пайдалуу болгон келишимдер түзүлөт. Албетте, биринчи орунга элдин кызыкчылыгы коюлат. Өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу адам катары мен бардык жарандарды ишкерлерге карата мыйзамсыз кыймыл-аракеттерди жасабоого чакырам», - деп билдирген Садыр Жапаров.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу экономиканы көтөрүүгө аракет көрүлбөсө, киреше болбой турганын, ансыз өкмөт социалдык милдеттенмелерин аткара албай каларын эскерткен.

Статистикага ылайык, Кыргызстандын экономикасы жыл башынан берки тогуз айда 6-7% артка кетти. Өкмөт муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырып жатат. Жыл башында эл аралык уюмдар кыргыз экономикасы 10% төмөндөй турганын эскерткен. Ошол эле кезде адистер өлкөдөгү саясий олку-солку абал да кризисти тереңдетиши мүмкүн экенин белгилешкен.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG