Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Трамп экинчи импичмент сотунда да акталып чыкты


АКШ Сенатынын Д.Трамка карата импичмент сотуна байланыштуу отуруму. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 13-февралы.
АКШ Сенатынын Д.Трамка карата импичмент сотуна байланыштуу отуруму. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 13-февралы.

13-февралда АКШ Сенатында мурдагы президент Д. Трамптын импичмент соту анын акталышы менен жыйынтыкталды. Аны айыптуу деп 57 добуш берилди, 43 республикачы сенатор жактап чыкты. Баары бир Трамп тарыхта эки ирет импичмент сотуна кабылган мамлекеттик жетекчи катары калды.


Трамп эптеп акталды
АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трамка карата импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү өзүнүн бешинчи күнү аны актап чыгуу менен аяктады. Мурдагы президентке быйыл 6-январда Капитолийге чабуул коюп, ичине чейин кирип, кыйла тополоң кылган анын тарапташтарын ал атайылап козголоңго шыкактаган билдирүүлөр менен байма-бай чыгып козуткан деген олуттуу доо коюлган болчу.

Президент Д.Трамп эртең менен Ак Үйдүн жанында өз тарапташтарынын алдында чыгып сүйлөдү. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамп эртең менен Ак Үйдүн жанында өз тарапташтарынын алдында чыгып сүйлөдү. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 6-январы.


Сенаттагы 50 орунду ээлеген демократтар жана көз карандысыз сенаторлор, мурда күтүлгөндөй эле, Трампты айыптуу деп расмий табуу үчүн кошумча 17 республикачы сенаторду өздөрүнө тарта алышкан жок. Аларды 7 гана республикачы сенатор колдоп чыкты.

Ишемби күнү Трампты айыптоо сунушун колдоп добуш берген жети республикачы сенаторлор – Түндүк Каролинадан Ричард Бөрр (Richard Burr), Луизианадан Билл Кэссиди (Bill Cassidy), Мэн штатынан Сюзан Коллинз (Susan Collins), Аляскадан Лиза Мурковски (Lisa Murkowski), Юта штатынан Митт Ромни (Mitt Romney), Небраска штатынан Бен Сассе (Ben Sasse) жана Пенсилваниядан Пэт Туми (Pat Toomey) болду.

Калган 43 республикачы сенатор өздөрүнүн партиялашы болгон мурдагы президентти “күнөөсү жок” деп жактап добуш беришти. Бирок алардын арасында да партиялык ынтымактан улам гана Трампты колдогон, бирок анын 6-январдагы аракеттерин жактырбаган саясатчылар бар.

Андан соң АКШ Сенатынынын көпчүлүгүнүн лидери, демократ Чак Шумер (Chuck Schumer) менен Сенатта азчылыкты түзгөн топтун лидери, республикачы Митч МакКоннелл (Mitch McConnell) мырзалар жыйынтыктоочу сөздөрү менен чыгышкан соң, бул сот отуруму жабылды.

АКШ Сенатында мурдагы президент Д. Трамптын импичмент сотуна күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыкты. 13.2.2021.
АКШ Сенатында мурдагы президент Д. Трамптын импичмент сотуна күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыкты. 13.2.2021.


Ишемби таңкы окуялар
Ишемби күнү (13-февралда) эртең менен АКШ Сенатында оболу Трамптын импичмент соту боюнча күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыгып, натыйжада бул сунуш кабыл алынган болчу.


Импичмент боюнча айыптоочулар тобуна кирген демократ Жейми Раскин мырза республикачылар партиясынан Өкүлдөр үйүнө мүчө болгон Эррера Бейтлер айымды күбө катары чакыраарын айтып чыккан.

Өкүлдөр үйүнө Вашингтон штатынан шайланган республикачы Эррера Батлер айымдын мурдагы билдирүүсүнө караганда, 6-январда президент Трамп Капитолийдеги тополоңду айыптабай койгон жана Капитолийге өз тарапташтары эмес, Антифа» кыймылынын өкүлдөрү кол салыптыр, деген бурмаланган пикирди билдирген.

Трамптын жактоочулары болсо вице-президент Камала Харрис, төмөнкү үйдүн спикери Нэнси Пелоси сыяктуу демократтардын ири жетекчилерин да суракка чакыралы, деп чыгышкан.

Андан соң тыныгуу маалында тараптар өз ара келишип, күбөлөрдү чакыруу ойлорунан кайтышты. Тыянак сөздөр үчүн 4 саат белгиленди, бул чыгып сүйлөөлөрдөн соң Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча добуш берилди. Аны айыптуу деп 57 добуш берилсе, айыптуу эмес деп 43 добуш берилип, мыйзамга ылайык Доналд Трамп акталып чыкты. Аны айыптоо үчүн жалпы добуштардын үчтөн экисинен, б.а. 67 добуштан, кем эмес добуш берилүүгө тийиш эле.

Трампты колдогон тополоңчулардын Капитолийге чабуулу маалында. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 6-январы.
Трампты колдогон тополоңчулардын Капитолийге чабуулу маалында. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 6-январы.


Окуянын кыртышы
Саал артка кылчайсак, быйыл 6-январда АКШ Сенаты менен Өкүлдөр үйүнүн биргелешкен отурумунда былтыркы 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо демократтардын талапкери Жо Байден жеңгендиги тууралуу Шайлоочулар коллегиясынын баяндамасы кабыл алынган жаткан кезде, Трамптын миңдеген тарапташтары АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийди капысынан күч менен басып алышып, бул маанилүү отурум бир нече саатка үзгүлтүккө учураган.

Кайра чогулган конгрессмендер баары бир Байден былтыркы президенттик шайлоодо расмий жеңгендигин биротоло тастыкташкан.

Трамп бир күндөн кийин гана (7-январда) Капитолийдеги тополоңду айыптап чыккан.


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн демократтары болсо Доналд Трамп кызматтан расмий түрдө 20-январда кеткенден бир нече күн мурун эле (б.а. 13-январда) ага импичмент жарыялаган болчу. Аларды бир катар республикачы конгрессмендер колдоп чыгышкан.

Доналд Трамп мамлекет башчы катары ушуну менен экинчи жолу импичмент жүрүмүнө кабылды.

2020-жылы февралда АКШ Сенаты, Өкүлдөр үйүнөн айырмаланып, Трампты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана АКШ Конгрессинин тергөө ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табуу тууралуу доону четке каккан.

Бирок Трамп бул жолу дагы акталып чыкканы менен баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка калды.


Кыска тыянак
Кандай болсо да, Трампка карата биринчи жана экинчи импичмент аракеттеринин саясий мааниси чоң.


Бул сот жүрүмдөрү президенттик башкаруу түрү өкүм сүргөн ири мамлекет болгон Америка Кошмо Штаттарында кудуреттүү делген президент сот бийлигин да, парламентти да авторитардык мамлекеттердегидей өзүнүн кол баласы кыла албай тургандыгын, ошондой эле, президенттик республиканын мамлекет башчысы ар кандай кылмышка шектелген чагында бейтарап сот тарабынан жоопкерчиликке чакырылышы ар дайым мүмкүн экендигин тастыктаган укуктук механизмдердин бирин шардана кылып турат.

XS
SM
MD
LG