Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

АКШ Сенаты импичмент боюнча жыйынтыктоочу бөлүмгө өттү


АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трамптын импичмент сотуна күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыкты. 13.2.2021.
АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трамптын импичмент сотуна күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыкты. 13.2.2021.


АКШ Сенатында 13-февралда күндүз мурдагы президент Доналд Трамптын импичмент сотунун күн тартибине өзгөрүү киргизилди. Сенаторлор эми күбөлөрдү чакыруу оюнан кайтып, дароо эле жыйынтыктоочу бөлүмгө өтүштү.

Бул чечимге келүүнүн алдында Сенаттагы республикачылардын азчылык бөлүгүнүн лидери Митч МакКоннелл капысынан билдирүү жасап, ал өзү Трампты козголоңго шыкакчы болгон деген доо боюнча аны актоо үчүн добуш бере тургандыгын баса айтты.

Анын бул сөзү республикачылардын басымдуу көпчүлүгү Трампты айыптоого жетишерлик добуш топтоого берки тарапка мүмкүнчүлүк бербей тургандыгына ишаара кылды.

Ишембиде эртең менен АКШ Сенатында оболу Трамптын импичмент соту боюнча күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыгып, натыйжада бул сунуш кабыл алынган болчу.

Импичмент боюнча айыптоочулар тобуна кирген демократ Жейми Раскин мырза республикачылар партиясынан Өкүлдөр палатасына мүчө болгон Эррера Батлер айымды күбө катары чакыраарын айтып чыккан.

Өкүлдөр палатсына Вашингтон штатынан шайланган республикачы Жейми Эррера Батлер (Jaime Lynn Herrera Beutler) айымдын мурдагы билдирүүсүнө караганда, 6-январда президент Трамп Капитолийдеги тополоңду айыптабай койгон жана Капитолийге өз тарапташтары эмес, "Антифа" кыймылынын өкүлдөрү кол салыптыр, деген пикирин билдирген.

Трамптын жактоочулары болсо вице-президент Камала Харрис, төмөнкү үйдүн спикери Нэнси Пелоси сыяктуу демократтардын ири жетекчилерин да суракка чакыралы, деп чыгышкан.

Андан соң тыныгуу маалында тараптар өз ара келишип, күбөлөрдү чакыруу ойлорунан кайтышты. Тыянак сөздөр үчүн 4 саат белгиленди, андан соң импичмент маселеси боюнча добуш берилүүгө тийиш.

Эми демократтарга Трампка карата айыптоочу өкүм жасоо оңой жүзөгө ашырылбай тургандай. Мындай өкүм чыгаруу үчүн 100 сенатордун бери дегенде 67 өкүлү, башкача айтканда, демократтар менен көз карандысыз сенаторлордон тышкары дагы 17 республикачы сенатордун добушу зарыл. (TT)

XS
SM
MD
LG