Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

“Акыркы сабак” - өспүрүм алдындагы тандоо


"Акыркы сабак" сериалынан көрүнүш.
"Акыркы сабак" сериалынан көрүнүш.

Мектеп рэкетчилиги, социалдык көйгөйлөр, жаш муундун ой-максаты, кыялдары баяндалган “Акыркы сабак” сериалы коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Тасманы кыргызстандык кинорежиссер Руслан Акун тартып, ал 10 сериядан турат. "Ютубга" анын алты сериясы чыкты. Алгачкы сериялары миллиондон ашуун ирет көрүлүп, улам кийинкилери көрөрмандарды өзүнө тартууда.

Сериал Нарын шаарында тартылып, башкы каармандардын ролун бүт жаш актерлор аткарган.​

Сериалды тартуу учурунан.
Сериалды тартуу учурунан.

Сериалдын сценарийин жазып, режиссерлук кылган Руслан Акун буга чейин "Салам, Нью-Йорк!", "Апамды издеп", "Көк бөрү" тасмаларын тарткан. Ал Түштүк Калифорния университетинин киноискусство мектебинин бүтүрүүчүсү.

Руслан Акун фильмди тартуу идеясы көптөн берки кыялы болгонун айтып берди.

Руслан Акун.
Руслан Акун.

“Негизи көптөн бери өзүмдүн чоңоюп өскөн шаарым жана андагы мектеп курагында баштан кечирген окуялар тууралуу фильм тартууну көздөп жүргөм. Сценарийи өзүмө, анан дагы бир калемдешим экөөбүзгө таандык. Кайсы гана чыгармачыл тармактын адамы болбосун ал көрүүчүлөрү же окурмандары менен чыгармасы аркылуу гана диалог болуусун каалайт. Бул тасманы көргөндөр өз алдынча кандай таасир алганы тууралуу талкууласа, ошол мага жетиштүү. Андан сырткары мен муну көздөдүм деп чыгармадан сырткары түшүндүрүп жүрсөң, анда ой-максатың ишке ашпай калганы ошол. “Акыркы сабакты” көргөн көпчүлүк көрүүчүлөр тасмадан өзүнүн турмушун көргөнүн айтып жатышат. Алдыда 10 сериясын толук көрүшсө, дагы башка пикирлер ортого салынар”.

Тасмада өспүрүмдөрдүн кээде ачык эле сөгүнгөн учурлары да кездешет. Бул боюнча режиссер буларга токтолду:

“Биз чындыкты гана чагылдыралы деген пикирге келгенбиз. Ошондуктан айрым учурда өспүрүмдөрдүн көчө сөздөрүн, сөгүнгөнүн угууга болот. Жашоодо азыркы жеткинчектер кинодогудан да ашата сөгүнүшөт. Биз ошондон эле бир аз туз же калемпир кошкондой кошуп койдук. Бул кадамыбыз окуяны чындыкка байлап турат. Көрүүчүлөрдү да сериалдын өзүнө тартып турганынын бир себеби, ошол жашоодогу окуялар кандай болсо өзүндөй берилгенинде болсо керек”.

“Акыркы сабак” сериалы Кыргызстандагы “Интерньюс” уюмунун колдоосу менен тартылган. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова бул тасманын тартылып калышынын себептерин белгиледи.

Элина Каракулова.
Элина Каракулова.

“2018-жылы “Интерньюс” өлкө ичиндеги жаш балдар жана өспүрүмдөргө арналган контент боюнча изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында алардын талабына жооп берген кыргыз тилдүү контент дээрлик жокко эсе экен. Анан 2019-жылы балдар жана өспүрүмдөргө арналган долбоорлор арасында сынак жарыяладык. Жүздөн ашык арыздар түшкөн, бирок бюджет чектелүү болгондуктан үчөөнү гана тандап алдык. Алардын экөө мультсериал болсо, бири режиссер Руслан Акундун ушул "Акыркы сабак” тасмасы. Тасма тартылгыча чыгармачыл топто психологдор, гендердик теңчилик боюнча адистер да иш алып барды. Пандемиялык шарттын кыйынчылыгына карабай команда ишин ийгиликтүү жыйынтыктады. Жаш муунду тандоо укугуна, жаркын келечекке үндөгөн тасма тартылганына себепчи болгонубузга сыймыктанабыз”.

Тасма талаасына жаңы баш баккан жаш актёрлор Океана Урматбек жана Кутман Айылчиев.
Тасма талаасына жаңы баш баккан жаш актёрлор Океана Урматбек жана Кутман Айылчиев.

Тасмадагы башкы көрүнүштөрдүн бири - бардар үй-бүлөнүн Пери аттуу кызы менен карапайым үй-бүлөдөн чыккан, атасыз өскөн Урматтын тунук, алгачкы сүйүү сезимдери.

Перинин ролун 19 жаштагы студент Океана Урматбек ойногон. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде окуйт.

“Менин тандаган кесибим башка тармак болгонуна карабастан актриса болуу кыялым эле. Кастингдерге көп бардым, бирок бирөөсүнөн да өтчү эмесмин. Бул ирет жолум болуп, ушул сериалда башкы каарманды ойнодум. Тасмага тартылганча актриса болуу кыялым күчтүү болсо деле, ичимде кандайдыр бир коркунуч сезимдер жашап келген. Бирок тасманы тартуу аяктап, элге чыга баштагандан кийин мага бул кесип абдан жага баштады. Азыр бул иш менин ишимдей туюлуп турат”.

Океана тасмада байдын кызын ойногону менен өзү катардагы эле үй-бүлөдө чоңойгонун кеп салды. Тасмадагы ролу аркылуу кыздарды эркин болууга жана алдыга чоң максаттарды коюп, ошого умтулууга үндөйт.

“Ушул образды аткаргандан кийин жан дүйнөмдө өзгөрүүлөр болду. Эч нерседен коркпостон зор максаттарды койгонду үйрөндүм. “Мен кыз баламын” деген чектөөлөрдөн арылдым. Тасмадагы Пери "учкуч болом" дейт эмеспи. Чынында эле буга чейин мен эмне үчүн учкуч же милиционер болом деп кыялданбаганыма таң калдым. Көрсө, мунун баарына эркектер гана жетише алат го деп ойлоп жүрүпмүн. Анан да биздин коомчулукта дайым улуулар эмне десе, ошону гана аткаруу керек деген түшүнүк бар го. Бирок, жашоодо чоң кишилер деле кээде адашып, туура эмес багыт берип коюшу мүмкүн экенин билдим”.

Башкы каарман Урматтын образын жараткан Кутман Айылчиев 21 жашта. Ал Бишкектеги Академик Ү. Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтунда сырттан окуйт. Актер болууну ойлончу деле эмесмин дейт ал. Тасмада болгону өзүнүн табиятын ойногондуктан, тартылуу иштери жеңил болгонун кеп салды.

Кутман Айылчиев.
Кутман Айылчиев.

“Урмат менен Кутмандын жашоосу 80 пайыз окшош десем болот. Анткени Урмат басып өткөн жолду мен да бастым. Анын бала чагындагы үй-бүлөлүк турмушу, мектептеги учуру менин балалыгымдын сүртүмдөрүн эске салат. Ошондуктан тасмага тартылуунун жеңил болгонунун себеби ушунда болду. Ал эми кыйынчылыктарын санасам, тартуучу топ менен бирге тоолуу Нарында 48 күн жүрдүк. Үйүңдүн алыстыгы, бийик жер, актерлук чеберчиликтин жоктугу бир аз татаал экен. Бул менин да дебюттук ролум. Эми буюрса актер болууну самап, курстарга жазылдым, көптөгөн китептерди окуп, өзүмдү коомдо алып жүрүүнү үйрөнүп жатам”.

Тасмада рэкетчиликти же билимдин жолун тандоону өспүрүм балдардын өз эркине койгон көрүнүштөр бар. Кутман бул тандоо азыр деле мектеп окуучуларынын алдында турганын, тасма алардын туура жолду тандашына багыт берет деп ишенет.

“Азыр бардык эле мектепте окуган эркек балдар “Акыркы сабак” киносундагыдай тандоонун алдында турат. "Биздин мектепте деле эркек балдар арасында “система”, “салык”деген түшүнүктөр болгон. Менимче, сериалды толук көргөндөн кийин ар бир өспүрүмдүн туура жолду тандоого эрки курчуйт”.

Сериалды тартуу учурунан.
Сериалды тартуу учурунан.

Нарын шаарынын тургуну 17 жаштагы Нурболот Бакытов тасмада башкы каарман Урматтын классташынын ролун аткарган. Ал учурда борбордогу колледждердин биринде IT тармагында билим алып жатат.

Нурболоттун айтымында, балдар аркылуу акча чогултулган рэкетчилик мектепте эле эмес, Нарын шаары боюнча мурунтан эле токтобой келе жаткан жосун.

Нурболот Бакытов.
Нурболот Бакытов.

“Мен да кастинг аркылуу тандалып калдым. Бул кино коомчулукка таасирдүү болот деп божомолдоп турам. Анткени андагы көйгөйлөр жашоодон алынган эле кадимки окуялар. Тасмадагы көйгөйлөрдү көргөн окучуулар эки топко бөлүнүп калат деген ойдомун. Тасманын башында оң каармандар менен терс каармандар экиге бөлүнүп жатпайбы. Ал эми тасманын акырында дал ошол эки тарап кандай натыйжаларга жетери чагылдырылган. Жеке мен үчүн да тасмада роль жаратыш кыйын болгон жок. Анткени эмнелерди көрүп келе жатсак, ошолорду гана ойнодук”.

“Акыркы сабак” сериалындагы жаш актёрлорду тартуучу топ Адилет Оморов, Акак Бердибековалар миңден ашык баланын ичинен тандап алышкан. Ал эми кастингден өткөн таланттуу жаштарга белгилүү актер Назым Мендебаиров сабак өткөн.

Сериал Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) аркылуу ишемби, жекшемби күндөрү көрсөтүлсө, дүйшөмбү, бейшемби күндөрү "Ютубдагы" Bairak group каналына чыгарылып жатат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG