Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

АКШ театрында ойногусу келген Мадина


Мадина Талипбек.
Мадина Талипбек.

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Кыргыз тилинде сүйлөбөсөң, кантип актриса болосуң?"

Мадина Талипбек Кыргыз-түрк "Манас" университетинин театралдык искусство бөлүмүн аяктаган. 2015-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драма театрына ишке алынат.

Ал беш жыл аралыгында онго чукул башкы ролдорду аткарууга жетишет. Учурда АКШнын театр чөйрөсүнө аралашууга аракет кылууда.

Жакында Бишкеке келип, кайра кетеринде:

- Агай АКШнын ар бир штатында, булуң-бурчунда кыргыз жарандары бар. Ар-түрдүү жумуштарда иштешет. Бирок бир дагы актрисаны кезиктирбедим. Мен өзүм каалап сүйгөн кесипке жетүү оңойго турган жок. Апам окутам деп беш жыл колунда барын берди, мага ишеними күч. Кудайга шүгүр, татыктуу профессионалдык билим алдым. Эмне үчүн кыргыздын кызы АКШдагы театрда иштебеши керек? - деп айтты.

Журналист, педагог-режиссер Аманбек Жапаров жана Мадина Талипбек.
Журналист, педагог-режиссер Аманбек Жапаров жана Мадина Талипбек.

- Кыргыздрамда жакшы баштагансың, бул жерден эле актердук карьераңды жасасаң болмок да?

- Мен алдыма бийик максат койдум. Эми Американын театрларынын биринде иштешим керек.

- Тил маселеси кандай?

- Жаңы барганда англисче жакшы билбей, кофе сатып ала албай кыйналгам. Азыр эркин сүйлөйм. Бирок театрда иштөө үчүн акценти жок сүйлөш керек. Буюрса ошол деңгээлге жетем деп ойлойм. Хьюстон, Чикаго театрларында иштегим келет. Театрда иштейм деп турганда пандемия тоскоол болду. Азыр кудайга шүгүр, акырындап жай турмуш калыбына келүүдө.

Мадина ”Манас” университетинин театралдык өнөр бөлүмүнө тапшырганда жалаң орус тилинде сүйлөчү. Бир күнү чакырып алып:

- Мади, 3-курста кыргыз тилинде так, таза сүйлөбөсөң башка бөлүмгө которуласың! Кыргыз тилинде сүйлөбөсөң кантип актриса болосуң?" - деп эскерттим.

Ошол жылы жайкы сынакта Мади Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Алимандын монологун көркөм окуп, окутуучуларын ыйлаткан. Мадинин аракетчилдиги алдына койгон максатына жетүү далалатынын күчтүүлүгү менен башка балдардан айырмаланчу.

"Бродвейде орустардын актердук труппасы жумушка чакырган, бара көрөм го",-деп айтты. "Бродвей" демекчи, Broadway (англ. Кенен көчө.) Нью-Йорктогу негизги шоссе. Узундугу 25 чакырымдан ашуун. Шаардагы айтылуу Манхэттен көчөсү менен кесилишет. Бул көчөдө көптөгөн коммерциялык кеңселер, соода, көңүл ачуучу жайлар финансы-кредит мекемелери жайгашкан. Кырктан ашуун театр орун алып, АКШнын театр синонимине айланган. Бродвей ишкердик көчө экени айтылат.

- Бродвейде негизинен музыкалык жана бий, көңүл ачуучу жеңил-желпи жанрларга басым жасалып, адамдын улуту же жердиги эмес, профессионалдык талантына көңүл бурат.

- Голливудда болдуңбу?

- Ооба, Голливуд Калифорния штатында, Лос-Анжелестин түндүк-батышында жайгашкан. Жомоктогудай. Мен өткөндө “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан алгачкы кыргыз актрисасы болгонума сыймыктанам. Ошондо бир нече таанымал актерлер менен баарлашып, атүгүл сүрөткө түшкөм.

Ал буга чейин ондогон жергиликтүү жана бир катар борборазиялык тасмаларга тартылган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде кыргыз-өзбек режиссерлору биргелешип тарткан "Делбирим" деген тасмадагы Аселдин ролу үчүн Ташкентте "Мыкты актриса" наамына татыган.

Англисче, түркчө, орусча эркин сүйлөйт.

Мадинанын Медина аттуу түгөйү да бар. Эгиздер "Махабат" тасмасында башкы ролдордо ойношкон. Медина Талипбек ушул эле университеттин кино жана оператор адистиги боюнча билим алган.

Улуттар Уюмунун балдар кору - ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ыктыярчысы.

Фильмографиясы:
Режиссер А. Дайырбековдун “Дарак ыры” кинотасмасында Бегимайдын эжеси;
“Ала качуу” Аксана (реж.Мария Беридли. Швейцария,Германия, Кыргызстан);
“Тайланддагы каникул”- Зита. (реж. Ален Ниязбеков. Казакстан);
“Чатырдагы булут”- Ангел (реж.Алишер Сулейменов. Казакстан);
“Махабат”- Мадина ( реж.Мурат Мамбетов Кыргызстан);
"Багаар" - Аэлита (реж. Н. Мусаев. Кыргызстан).
Эл аралык долбоорлор:
“Антигона”—Исмена (реж. Joseph Feninger, Швейцария);
“Демон”-Тамара” (реж. В.Панков, Орусия);
“Келгин куштар”- Куш (реж. Д.Мелкин, Орусия);
“Рамаяна”- Сита”. ( реж. Н.Мендебаиров, Кыргызстан, Индия).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG