Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

"Абактан "Вагнерге" кошулуптур, сөөгүн да көрбөдүк". Лейлекке кайтпай калган Исламбек


"Вагнерчилердин" көрүстөнү
"Вагнерчилердин" көрүстөнү

Лейлектик 35 жаштагы Исламбек 2014-жылы Орусияда баңгизат менен кармалып, 16 жылга соттолгон. Ушул жылдын башында үй-бүлөсүнө айтпай "Вагнер" жеке аскердик тобуна кошулган.

Украинага согушка кетип, 18-январда каза болгонун үй-бүлөсү апрель айында уккан. Исламбектин жубайы күйөөсүнүн сөөгү туулган жерине коюлбай калганын айтып отурду.

- Жолдошум орус жарандыгын алган. Нике күбөлүгүбүз ошол жакта катталган. Жапон ресторанында иштечү. 2014-жылы мартта үйгө келип кеткен. Ошондон кийин маңзат иши менен кармалган. Чындап аралаштыбы же жалаа менен кармалдыбы айта албайм. Орус абагында тогуз жыл отурду. Ар жылы барып, көрүп турчумун. Анан эле бизге айтпай, кабардар кылбай туруп Украинага кетип калыптыр.

- Кантип билип калдыңар анан?

- 2022-жылы 31-декабрда телефон чалган. Ошо менен апрелге чейин байланышпай калды. Кийин тааныштарыбыз согушта каза болгондордун тизмесин интернеттен көрүп, жолдошумдун агасына айтыптыр.

Кайнагам жолдошум кармалып турган түрмөгө барып, Оренбургдагы 4-түзөтүү мекемесинде иниси менен чогуу отургандардан сураган. Алар "согушка кеткен, сөөгү келген жок, таппай калдык" деп айтып, бир номерди бериптир.

Ага чалса "иниңер 2023-жылдын 18-январында Бахмутта окко учкан" дешкен экен. Өз ыктыяры менен кеткенин, ал жакта өлгөнүн 18-апрелде уктук. Согушка түрмөдөн эрте бошоп, Кыргызстанга кетүү үчүн барганбы деп ойлойм.

- Эч кимге кайрылбадыңарбы, сөөгү кайсыл жерге көмүлүптүр?

- Кайнагам барып мүрзөсүн көрүп келди. Краснодар шаарына жакын Бакинская станциясындагы атайын көрүстөндө жерге берилиптир.

- Канча балаңыз бар?

- Төрт балам бар. Күйөөм кармалганга чейин эки кызым бар эле. Эки кичинемди жолдошум менен жолугушууга барып жүрүп төрөгөм. Эң кичүүсү үч жашта. Күйөөм орус жараны болгону үчүн бул жактан балдарыма жөлөк пул чыкпай турганын айтышты.

Жолдошум согушка кандай келишим менен кеткенин билбейбиз. Орусия бере турган кенемте же башка каражаттан кабарыбыз жок. Бул жакта кайненемдин пенсиясы анан менин айлыгым менен (маркумдун жубайы медик-ред.) жашап жатабыз.

Кайнагам да каралашып турат. Жолдошум ал жакта балдарын көргүсү келип сагынчу. Балдарыма тезирээк барайын дегенби... Эрте бошоп кетесиң деп азгырышкан окшойт.

Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борбор азиялыктар бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты.

"Вагнерге" абактан кошулуп окко учкан Исламбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG