Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Орусиянын Тергөө комитети Пригожиндин өлүмүн расмий тастыктады


Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткиндин элесин эскерүү үчүн коюлган сүрөттөр. Новосибирск шаары.
Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткиндин элесин эскерүү үчүн коюлган сүрөттөр. Новосибирск шаары.

Орусиянын Тергөө комитети "Вагнер" жеке аскердиккомпаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин өлгөнүн расмий тастыктады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Telegram каналына 27-августта жарыяланды.

"Тверь облусунда учак кулаганы боюнча кылмыш ишинин алкагында молекулярдык-генетикалык экспертизалар аяктады. Каза болгон 10 адамдын баарынын тек-жайы такталды. Алардын баары учакка чыккандардын аты-жөнү жазылган тизме менен дал келет",- деди мекеменин өкүлү Светлана Петренко.

23-августта Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгон. Бул жагдай эл аралык коомчулукта түрдүү божомол жаратып, анын өлүмүнөн күмөн санаган ойлор айтылган.

Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурдагы Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG