Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Шайлообек Атазов мандаты боюнча Жогорку сотко кайрылды


Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов өзүнүн мандаты алынганына байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку сотко кассациялык даттануу жолдоду. Бул тууралуу анын адвокаты Алтынбек Токтосунова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Адвокат билдирүүсүндө аталган сот бутактарынан Атазовдун мандаты тууралуу чечимдерин мыйзамсыз деп атады.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарып, депутаттык мандатты Абдурахман Муртазалиевге берүүнү чечкен. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимиди күчүндө калтырган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго эл аралык издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

15-февралда жергиликтүү Region телеканалында депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Алардын издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

Көп өтпөй Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Айбек Осмонов мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Буга байланыштуу 28-апрелде алар мандат алган округдарда кайрадан шайлоо болот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG