Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:53

Казакстанда зордуктоо тууралуу кабардан кийин абал курчуган айылда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Загамбар айылы. 2024-жылдын 24-апрели.
Загамбар айылы. 2024-жылдын 24-апрели.

Казакстанда өспүрүм кыз зордуктоого кабылганы тууралуу маалыматтан кийин жергиликтүү тургундар арасында нааразылык жаралган айылда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кырдаалды полициянын атайын бөлүгү көзөмөлдөп жатканын «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Окуя Түркистан облусуна караштуу Загамбар айылында болууда. 24-апрелге караган түнү айылда белгисиз бирөөлөр үч автомашинаны, сарайларды өрттөп, бир нече үйдү ташбараңга алган. Андан мурдараак айылда тогузунчу класстын окуучу кызын зордуктоого шектелип ошол эле мектептин окуучу баласы кармалганы тууралуу маалымат тараган.

Облустук полициянын маалыматына караганда, «жашы жете элек кызга жасалган сексуалдык мүнөздөгү мыйзамсыз аракет» фактысы боюнча тергөө башталды. Мындан тышкары түнкү окуяларга байланыштуу «башка бирөөгө таандык мүлктү атайылап жок кылуу же талкалоо» деген берененин негизинде кылмыш иши козголгону маалымдалды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мүлктүн өрттөлүшүнө байланыштуу 16 киши кармалды.

«Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, полиция мектеп жетекчилиги менен жолугушууга уруксат бербей, айылга кирип-чыккандардын баарын текшерип жатат. Интернет байланышы да үзгүлтүккө учураганы айтылды.

Калкы 5,4 миң кишилик Загамбар айылынын тургундарынын 4 миңи өзбек улутундагылар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG