Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:33

Ататүрк паркынан жер алган жарандардын бир тобу президентке кайрылды


Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери маалымат жыйынында. 25-апрель, 2024-жыл.
Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери маалымат жыйынында. 25-апрель, 2024-жыл.

25-апрелде Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар кезинде аталган эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтышып, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын билдиришти.

Өзүн Талантбек Исманов деп атаган киши миграцияда жүрүп каражат таап, кайра Кыргызстанга кайткан соң ушул жерден жер алып, үй салганын билдирди. Бурул Рысалиева да жолдошу Орусияда иштеп, өзү Кыргызстанда иштеп жүрүп, жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып, паркты басып алган деген маалыматты төгүндөдү.

Толгонай Султанова да кезинде парктагы үйдү ардагерден сатып алганын, кызыл китеби бар экенин айтып, “эгерде мыйзамсыз болсо, мамлекеттик органдар алып-сатуу процессин жүргүзбөй, эскертиши керек эле” деди. Жыйын өткөргөндөрдүн дагы бири Адилет Жаныкулов да жер тилкесин биринчи ээсинен сатып алганын айтып, мэрия менчик укугун бузуп жатканын белгиледи.

Апрелдин ортолорунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаанын мамлекеттик администрациясынын “"СССРдин 50 жылдыгы" сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” 1992-жыл, 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Жаңы токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирип, андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берилген.

Калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, мурдагы мэрлер Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адам жер тилкесин алышкан.

Жер алгандардын катарында мурдагы министрлер: Болот Абилдаев, Ильяс Давыдов, Мустафа Кидибаев, Курманбек Осмонов, Калыкбек Султанов, Турсун Турдумамбетов, Абдылда Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Александр Костюк; мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Кубанычбек Кулматовдун аталары Ташполот Түлеев менен Кеңешбек Кулматов, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы депутаттар, соттор, прокурорлор жана башка аттуу-баштуу адамдар бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG