Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Талас, Жалал-Абадда сел жүрдү. Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими кирди


 Ош облусу. Сел агызып кеткен машине
Ош облусу. Сел агызып кеткен машине

Соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кыргызстандагы бир нече айылдарды сел каптады. Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ишемби жана жекшембидеги селден аймакта бир киши каза таап, дагы бир киши чагылган тийип көз жумду.

Талас облусундагы абал

22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүргөн аймактарга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги маалыматтарды тактоо, селдин кесепеттерин жоюу багытында иштеп жатышканын билдирди. Таластын айылдарындагы сел тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары сүрөт, видеолорду жарыялап жатышат.

Ноокенде 300 үйдүн жашоочулары көчүрүлүп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп, Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралганын билдирди.

Ушундан улам айылдын тургундарын эвакуация кылуу чечими кабыл алынып, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14 куткаруучу тартылды. Райондук Жарандык коргонуу кызматынан алты атайын техника, медициналык кызматынан эки “Тез жардам” автоунаасы, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынан эки экипаж иштеп жатат.

Аймакта жалпы 22 куткаруучу иш алып барууда.

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими

Ишемби жана жекшембидеги катуу жаандан кийинки сел Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун бир катар айылдарын каптады. 22-апрелден тарта облустун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Табият кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды.

"Бири селге агып кетсе, дагы бир кишиге чагылган тийип каза тапты", - дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Исмаилов.

Нурбек Исмаилов
Нурбек Исмаилов

“Эки күн жааган жамгырдан ар кандай жаратылыш кырсыктары катталды. Мисалы, Алайкууга бараткан унаа селге агып, 1979-жылы туулган Сатыбалдыев аттуу жаран каза болду. Автоунаада беш жүргүнчү болгон. Андан сырткары Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында чагылган түшүп, 2007-жылы туулган жаран көз жумду. Аны ооруканага алып келишкен, бирок, тилекке каршы, сактап кала алышкан эмес”, - деди Исмаилов.

Кара-Кулжанын Ылай-Талаа, Кара-Кочкор айыл аймактарында жалпы 50дөн ашык үйдүн короосун суу каптап, эки турак жай жараксыз абалга келген. Ылай-Талаанын тургуну Жусупбек Мамиев заматта болгон окуяны айтып жатат:

Жусупбек Мамиев
Жусупбек Мамиев

“20 мүнөт ушундай катуу жамгыр жаап, суу ушул деңгээлге чыгып кетти да. Кичине жардам кылып, үйүмдүн жер төлөсүндөгү сууну тарттырып беришсе жакшы болор эле. Азыр туугандардын үйүнө барып, бир-эки күн жашап турабыз да. Кудай-таала тарабынан берилген сыноо экен”.

Ош облустук бийлиги беш райондо сел жүргөнүн, алдын ала эсептөөлөр боюнча 150дөй турак жай жабыркаганын ырастады. Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Шайлообек Козубаевдин айтымында, чыгымдарды тактоо уланып жатат:

Шайлообек Козубаев
Шайлообек Козубаев

“Азыр райондорду кыдырып жүрөбүз. Жалпы чыгымдар боюнча штабдын кечки жыйынында тактап айтылат. Азырынча ӨКМ тарабынан да мониторинг кылынып жатат".

Алай районунда 34 турак жайдын короосун суу каптап, Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолу бир канча убакыт жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра калыбына келтирилди.

Жекшембинин кечинде Ош шаарынын аймагында да сел жүрүп, Ош - Ноокат жолун жана Жапалак айылындагы айрым короо жайларды каптады.

Жапалактагы сел жүргөн аймак
Жапалактагы сел жүргөн аймак

Ош шаарынын тургундары селдин алдын алуу чаралары көрүлбөгөнүн, көбүнчө башаламан иштеген өндүрүштөр таштандыларын сел кеткен сайларга таштап, ошондон улам суу шаарды каптап жатат деп нааразылык билдирүүдө.

Жапалак айылынын тургуну Райымбек Акматкулов мындай дейт:

Райымбек Акматкулов
Райымбек Акматкулов

“Бул жердеги заводдорду иштебесин, жабылсын деген оюбуз жок. Булар мыйзам чегинде иштеген болсо, таштанды калдыктарын сайга төкпөстөн, сел каналдарды ачып койсо, мынчалык болбойт эле. Мурун ушул жерде сел каналдарды курганда мен иштеген элем. Азыр алардын кесиндилери гана ушул жерде калыптыр. Сайды ачып койсо эле болду".

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн түштүгүндө - Ош, Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Министр 22-апрель күнү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Оштон таңкы саат 5те учуп келгенин, бирок кырдаалга байланыштуу кайра эле түштүккө чукул кетүүгө туура келип жатканын айтып, депутаттардан күн тартибине коюлган мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырууну өтүнгөн.


"Өзүңүздөр билесиздер, сел жүрүп жатат. Акыркы төрт күндө тынбай жааган жаандын кесепети оор болууда", - деди ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG