Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Ош облусунда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Ылай-Талаа айылы. 21-апрель, 2024-жыл
Ылай-Талаа айылы. 21-апрель, 2024-жыл

20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканын, азыр анын кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатканын билдирди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругу менен 21-апрелде аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кечинде өткөн жыйында Жантаев аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча макулдашылган иш-аракеттер зарылдыгын белгиледи.

20-21-апрелде жааган жамгырдан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда катуу сел жүрдү.

Ишембиде Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 18-20-41-чакырымдарынын Таш-Кыя тилкесинде сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган. ӨКМ 21-апрелде жол бир тараптуу ачылганын билдирди. Тазалоо иштери уланып жатат.

Ушул жолдун 41-чакырымында бир машинаны сел агызып кеткен. Автоунаадагы төрт кишинин үчөөнү жергиликтүү тургундар куткарып калган. Айдоочу селге агып кетип каза болгон. Аны издөө иштерине 11 куткаруучу тартылып, сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

ӨКМдин Кара-Кулжа районундагы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бекмамат Абдырахманов буларды билдирди:

"Автоунаа селдин агымы менен жардан кулап түшкөн. Ал жерде төрт жаран болгон, алардын үчөө куткарылган. Бирөөнү куткарууга мүмкүн болгон эмес, ал табылбай калган. Аны издөө иштеринде Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы саат 20:45терге жетип келип, жарандар менен бирге куткаруу иштерин жүргүзгөн. Ал эми төртүнчү жаран, унаанын айдоочусунун сөөгү бүгүн эртең менен саат 7лер чамасында Тар дарыясынын жээгинен табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Алар Алайкууга бара жатышкан, ошол жакта туулуп-өскөн. Учурда Кара-Суу районунда турушат", - деди ал.

Ош. Сел алып кеткен кишини издөө учуру
Ош. Сел алып кеткен кишини издөө учуру

Ишембиде Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айыл аймагынын Шимек айылында, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагында да сел жүргөн.

Кызыл-Суу айыл аймагы. 21-апрель, 2024-жыл
Кызыл-Суу айыл аймагы. 21-апрель, 2024-жыл

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Эргешбаев айылга келтирилген зыян тууралуу айтып берди:

“Азыр селден зыян тарткан 31 үй катталды, алардын экөө жараксыз абалда. Үйү жараксыз болуп калган тургундарды кошуна айылдардан тууган-уруктарынын үйүнө жайгаштырдык. Айыл өкмөттүн эсебинен тамак-ашы каралып жатат. Бул акыркы сан эмес, селден зыян тарткан үйлөрдүн саны өзгөрүшү мүмкүн. Тактоо иштери уланууда”, - деди Эргешбаев.

Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 12 үйдүн жертөлөсүн суу каптаган. Ылай-Талаа айылында 20 үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 5 турак жайга суу кирген.

Эки айылда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Алай районундагы Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында селден Гүлчө – Жошолу ички чарбалык авто жолунун 7-чакырымы жабылган. Жол грейдер менен кечки саат 19:30да тазаланып, кайра калыбына келтирилген.

Гүлчо-Жошолу жолу. 21-апрель, 2024-жыл
Гүлчо-Жошолу жолу. 21-апрель, 2024-жыл

Аталган райондо нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош – Гүлчө – Сары-Таш – Эркештам автоунаа жолунун 45-49 чакырымдарынын 2 тилкесинде сел жүргөн.

Нөшөрлөгөн жаан 20-апрель күнү саат 17:45тер чамасында жааган. Алайдын Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 турак үйдүн жана мектептин жертөлөсүнө суу кирген.

Алай районунун Тогуз-Булак айылында болгон сел
Алай районунун Тогуз-Булак айылында болгон сел

Мындан сырткары, ички чарбалык авто жолдун беш тилкесин сел каптаган, учурда жол каттамы ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

Селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат.

Мындан тышкары Ош облусунун Өзгөн районунда да сел жүргөн.

Ылай-Талаа айыл аймагы. Кара-Кулжа району
Ылай-Талаа айыл аймагы. Кара-Кулжа району

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү айдоочуларга кайрылып, сел жана башка табият кырсыктарына кабылган учурда атайын техника, авариялык кызматтар жана "Тез жардам" унаалары үчүн атайын тилке калтырууга чакырды.

Ош облусунда сел жүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

21-апрелде да сел жүрдү

Жекшемби кечке жуук Ош облусунун бир катар аймактарында кайрадан сел жүрдү. Социалдык тармактардын колдонуучулары айылдарда, автожолдордогу сел боюнча видеолорду жарыялап жатышат.

Жалал-Абад облусундагы абал

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптады.

Мекеме бул аймактагы кырдаалды жөнгө салууга башкармалыктын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 кызматкер тартылып, тазалоо жумуштары башталганын билдирди.

Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынын жана министрликтин 10 инженердик техника тартылып, ички жолдорду, сел каналдарын, короо-жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG