Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Оппозиционер Жээнбеков абакта кысымга кабылганына даттанды


Равшан Жээнбеков сот залында.
Равшан Жээнбеков сот залында.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков абактагы дагы бир саясатчы Азимбек Бекназаров экөөнө психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Азырынча Жаза аткаруу кызматы мындай дооматка жооп бере элек.

Абактагы оппозициянын дооматы

Отуз чакты саясатчы, активист айыпталып жаткан Кемпир-Абад иши боюнча 18-апрелдеги сот отурумунда бир жарым жылдан бери тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков дагы бир саясатчы Азимбек Бекназаров экөөнө күч органдары атайын чагым кылып жатканын айтып чыкты.

“Түрмөдө мага жана Бекназаровго психологиялык басым башталды. Камерабызга ылайыгы келбеген, көз карашыбыз, ден соолугубуз туура келбеген адамдарды киргизип, бизге кысым көрсөтүп жатышат. Эгерде жакынкы күндөрү Бекназаров экөөбүзгө бир нерсе болсо бул бийликтин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын атайын уюштуруп жаткан провокациясы. Ден соолугубузга байланыштуу, психологиялык жана саясий жагынан алганда, биз өзүнчө отурушубуз керек”, - деди ал.

Азырынча Жаза аткаруу кызматы, күч органдары жана бийлик өкүлдөрү Жээнбековдун мындай дооматына жооп бере элек.

Ушу тапта Кемпир-Абад иши деп белгилүү болгон “массалык башаламандыкка” шектелген 27 саясатчы, активисттин тогузу камакта жатат. Калганы ар кандай шартта үй камагына чыкты. Камакта калгандар - Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айбек Бузурманкулов, Равшан Жээнбеков сыяктуу бийликти сындап жүргөн саясатчылар. Жээнбеков абактан дагы билдирүү таратып, бийликти байма-бай сындап келүүдө.

Камакта жаткан саясатчылар.
Камакта жаткан саясатчылар.

Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум жабык өтүүдө. Тергөөдө милиция кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф койгон. Абактагылардын жактоочулары сот ачыктыгын талап кылып келишет. Учурда сотто айыптоо актысы окулуп жатат.

Кемпир-Абад иши: Абактан коркпогон аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:47 0:00

Депутат, активист, журналисттер абакта жатат

Мындан сырткары бийликке кескин сын айткан парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Адахан Мадумаров дагы камакта отурат. 26-мартта Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык” жана “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп тапкан өкүм чыгарылып, мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза чегерилген эмес. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче Мадумаров абакта калган.

17-апрелдеги башкы прокурор Курманкул Зулушев отчет берген парламент жыйынында жапырт камалган 11 журналисттин маселеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев камалган журналисттер жөнүндө айтып жатып, ички иштер министрин жана жогорку кызмат адамдарын ушул сыяктуу кылмыш ишине баа бербөөгө чакырды.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Ички иштер министри “алар мындай кылды, тигиндей кылды” деп баа берип отурат. Ошондой эле вице-премьер-министр (ред.: Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары) чыгып “аларды профилактикалык иш үчүн кармап койсок эч нерсе болбойт” деп атат. Прокурор катары түшүндүрүп койсоңуз, алар антип сүйлөбөй турсун. Себеби жетекчи катары айткан сөздөрү тергөөгө басым болуп калат”, - деди Масалиев.

Баш прокурор министр Ниязбековдун маеги тууралуу кабары жок экенин айтып, аны окуп чыккан соң ошого жараша жооп берерин билдирди. Министр 11-апрелде “Кабар” агенттигине маек куруп, кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптаган эле.

Үч ай мурун жапырт камалган 11 журналисттин жетөө үй камагына чыгып, төртөө абакта калган. Парламентте депутат Жанарбек Акаев журналисттердин абакта жатышы өлкөнүн аброюна терс таасир этерин айтып, аларды үй камагына чыгарууну сунуш кылды.

Оппозициялык көз караштагы публицист, жазуучу Олжобай Шакир, активист Афтандил Жоробеков тергөө абагында жатат. 18-апрелде Олжобай Шакирдин соту уланып, күбөлөр суралды.

"Оппозициянын жоктугу жакшы эмес"

Саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев учурда өлкөдө бийликтин кемчиликтерин сындаган саясий күч, парламентте оппозиция жок деп эсептейт. Келдибаев мындай көрүнүш жалпы демократияга кесепетин тийгизип жатат деди.

“Азыр оппозиция жок, парламентте дагы оппозиция калбай калды дегени менен, бул бийлик үчүн коркунучтуу. Бийликке оппозиция кемчиликтерин айтып турганы жакшы болмок. Азыр эми буларга кемчилигин түз айткан киши жок болуп калды. Айланасындагы баары арзыматтар. Азыр президентке сүйлөп жаткандардын сөзү туура же туура эмес экенин эч ким билбейт. Атамбаев кызматтан кеткенден кийин жанымдагылар өзүнүн кызыкчылыгына карай маалымат берет экен деп өкүнгөн”, - деди Келдибаев.

Акыркы үч жылдын ичинде бийликке сын айткан ондогон интернет колдонуучу, активисттер тергөөгө чакырылып, айрымдары соттолуп, кээ бирлери пробация менен жаза алышты. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, абактагыларды “саясий куугунтукка алынган эмес, мыйзам бузган” деп кайталап келет.

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:04 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG