Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Ташиев маңзат соодасына каршы күрөш күчөтүлө турганын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда баңгизатын жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында айтты.

Атайын кызматтын жетекчиси өлкөдө маңзатты сатуунун ар кандай жаңы жолдору пайда болгонун, ага укук коргоо органдарынын да кызматкерлери аралашкан учурлар бар экенин кошумчалады.

“Былтыр жана быйыл үч айды кошуп айтканда 12 милиция кызматкери баңгизат соодасына байланыштуу кармалып, жоопко тартылышты. Баңгизат саткандарга кошулуп сатып, аларга үйрөтүп калкалап жүргөндөр чыгып атат. Булар боюнча да иштерди аткарышыбыз керек”, - деди ал.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы бир, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы синтетикалык маңзат өндүргөн төрт лаборатория аныкталган.

2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 килограмм каражат алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG