Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Мэрия оор жүк ташуучу машинелерге киргизилген чектөө тартибин өзгөрттү


11-апрелде оор жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты.
11-апрелде оор жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты.

Бишкек мэриясы оор жүк ташыган автоунааларга жана атайы техникага шаар ичинде жүрүүгө тыюу салган тескемесине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын транспорт департаментинин директору Улан Бейшембаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү чечим мэр Айбек Жунушалиевдин 15-апрелде айдоочулар менен жолугушуусунан кийин кабыл алынган.

"2024-жылы 29-мартта №89 тескеме чыккан. Ага ылайык, шаар ичиндеги муниципалдык жолдор аркылуу оор жүк ташыган жана атайы автоунааларга чектөө киргизилип, алар таңкы жетиден кечки онго чейин жүрө албайт деп жазылган. Бирок нааразылыгын билдирип аткан айдоочулар менен шаар мэри жолуккандан кийин тескемеге ошол эле күнү толуктоо киргизилди. Ага ылайык, 2024-жылдын 1-июнунан баштап 1-сентябрга чейин эртең мененки ондон кечки жетиге чейин оор жүк ташыган жана атайы унаалар шаар ичинде жүрө албайт. Ошондой абанын температурасы +28ден жогору болгон мезгилде деп толукталды. Күндүз жүргөн оор жүк ташуучу унаалардын салмагы 18 тоннадан ашпоого тийиш", - деди Улан Бейшенбаев.

Мындай чаралар шаардын жолдорунун талкаланышын алдын алып, экологияга тийгизген таасирин азайтып, жол тыгындарын болтурбоо үчүн көрүлүп жатканы айтылган.

5-апрелден тарта Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө чектөө киргизген. Жол коопсуздугун жана жолдун сапатын сактоо максатында кирген талапка ылайык, салмагы 18 тоннадан оор жүк ташуучу автоунаалардын саат 7:00-21:00 аралыгында муниципалдык жолдордо жүрүшүнө тыюу салынган. Мындай чектөө 1-октябрга чейин күчүндө болору жарыяланган.

Гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жеткиргендер жана муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыгандар, мэрия тараптан жол курууга, оңдоого тартылган техника мындай талаптан бошотулат.

Мэрия бул талапты бузган айдоочуларга “Укук бузуулар кодексинин” негизинде айып каралганын эскерткен.

Жыл сайын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №454 токтому менен бекитилген жобо иштейт. Ага ылайык, Кыргызстан боюнча жолдордо жүргөн оор жүк ташуучу унаалардын жана атайы унаалардын иши жөнгө салынып турат. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG