Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

25-март: Кыргыз бийлиги Орусияга барбай турууну эскертти, “Салимбай байбача” алты жылга кесилди


"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин. 22-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин. 22-март, 2024-жыл.

25-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жүздөн ашык уюм президентке кайрылды

Кыргызстандагы 100дөн ашык өкмөттүк эмес уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылып, долбоорго вето коюуга чакырды. Алар документ кабыл алына турган болсо өлкөгө эл аралык донорлордон келген каржылык колдоо кескин азая турганын эскертишти. Жогорку Кеңеш “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоорун 14-мартта талкуусуз кабыл алган. Документке президент азырынча кол коё элек.

ТИМ кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды. Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги миңдеген адам чогулган “Крокус Сити Холл” концерттик залында ок чыгарган. Соңку маалымат боюнча, каза тапкан кеминде 137 адамдын үчөө - балдар. 180ден ашык адам жаракат алган.

“Кактус Медиа” каражат чогултууну улантууда

“Кактус Медиа” басылмасы “Вечерний Бишкек” медиасынын доо арызы боюнча 500 миң сомдук кенемтени ашар жолу менен чогулган каражаттын эсебинен төлөп жатканын билдирди. Элден чогулган акчадан “Кактус Медианын” кабарчысы Диля Юсуповадан талап кылынган 100 миң сомдук кенемте толук төлөнүп берилген. “Кактус Медианын” кожоюну “ПроМедиа Плюс” фондунун эсебине өткөн аптада 13 миң 500 сом чогулган. Сот Диля Юсупованы 100 миң сом, Kaktus.media деген бренд менен таанымал “ПроМедиа Плюс” коомдук фондун 500 миң сом - баш-аягы 600 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

"Крокус Ситиде" каза болгондор 137ге жетти, алардын 68инин тек-жайы аныкталды. 150дөн ашык адам жараат алды

Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштады. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдады. 24-мартта Москванын Беслан райондук сотунан тартылган видеолордон 32 жаштагы Далержон Мирзоевдин мойнуна желим баштык оролуп турса, 30 жаштагы Саидакрами Муродали Рачабализоданы бир кулагы кесилип, сотко башы таңылган бойдон жеткирилген. Кармалгандардын эң жашы, 19 жаштагы Мухаммадсобир Файзовду оор абалда, арабага салып келишти. 25 жаштагы Шамсидин Фаридуни бети-башы көгөрүп, шишип, судьянын суроолоруна жооп берип жатты. Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, теракттын курмандыктарын эскеришти.

Израил барымтадагыларды айырбаштоо сунушуна макул болгону кабарланды

Израил түрмөлөрүндө отурган 700 палестиналыкты ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп жарыяланган) радикал тобу барымтага алып кеткендердин арасынан 40 кишиге айырбаштоого макул болгонун 25-мартта CNN телеканалы жана израилдик бир катар медиа кабарлады. ХАМАС тобунан азырынча жооп боло электиги айтылды. Сунушту АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс иштеп чыккан. Ал Израил жана ХАМАС Катардын борбор шаары Дохада бир нече айдан бери ортомчулар аркылуу жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөргө катышууда. Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньмин Нетаньяху ХАМАСтын барымтада кармалып тургандарды айырбаштоо тууралуу сунушун «абсурд» деп четке каккан. Былтыр ноябрда Израилдин түрмөлөрүнөн 240 палестиналык барымтадагы 105 израилдикке айырбашталган. Газада барымтада калгандар 130 экени, бирок алардын отузу каза тапкан болушу ыктымал экени маалым болгон.

Грузияда ЛГБТ өкүлдөрүн чектей турган мыйзам даярдалууда

Башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын аткаруучу катчысы Мамука Мдинарадзе билдиргендей, эгер партия иштеп чыккан мыйзам долбоору колдоо тапса, Конституцияга өзгөртүү киргизилет, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктары чектелет. Мисалы, трансгендердик операцияларга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө болуп бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай сунуш Грузия быйыл октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярданып жаткан учурга туш келди. Грузия Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга 2023-жылы ээ болгон.

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев алты жылга кесилди

Ташкенттин Мирабад райондук соту “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Салим Абдувалиевди 19-мартта алты жылга абакка кести. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды. Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми “Аткезчилик” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. “Салимбай байбача” былтыр жыл соңуна чукул кармалган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG