Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

"Кыргызстандыкы олуттуу айыптоо". Бакунун жообу кандай болот?


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Кыргыз бийлиги издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду Бакудан алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин былтыр өлкөдөн чыгып кеткен Матраимовдун кайда экени белгисиз болуп келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 23-мартта трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармап, алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин кабарлады.

Бишкек Азербайжан тарапка кат жөнөттү

Атайын кызмат Бишкекте кармалгандар менен Бакуда жүргөнү айтылган Райымбек Матраимовду байланыштырууда.

“Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды. Буга байланыштуу УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда” деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операция маалында өлтүрүлгөндөн көп өтпөй Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын кайда экени айтылбай келген.

Шектүүлөрдүн кармалган учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүлөрдүн кармалган учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Коопсуздук боюнча азербайжандык эксперт Илхам Исмаил буларга токтолду:

"Кыргызстандын мурдагы бажычысы Бакуда жашырынып жүргөнү, кармалгандардын ага байланышы болушу мүмкүн деп айтылбадыбы. Бул абдан олуттуу айыптоо деп ойлойм. Биздин атайын органдар чындап эле андай киши Азербайжанда баш калкалаганын, жогоруда айтылгандай тапшырмаларды бергенин билсе, эки өлкө ортосундагы мамилелерди бузбашы үчүн аны Кыргызстанга өткөрүп беришет деп эсептейм. Эмне дегенде мамлекеттер аралык мамилелер алда канча маанилүү. Анын Азербайжандагы таасирдүү бир адам менен жакшы мамиледе болушу мындайда эч кандай роль ойнобойт. Албетте, фактылар далилденсе, аны кармап, өткөрүшөт деп ойлойм".

Райымбек Матраимов баш калкалап жатканы айтылган Азербайжан Кыргызстан сыяктуу эле постсоветтик өлкөлөрдүн бири. Кыргызстан менен чогуу Түрк мамлекеттер уюмуна да мүчө. Расмий Бишкек менен Бакунун ортосундагы дипломатиялык мамиле жакшы экени белгилүү. Расмий Баку эгер Матраимов Азербайжанда жүргөн болсо, аны кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүүгө барабы же жокпу белгисиз.

"Матраимовдун таасири чоң"

Күздөн бери Матраимовго таандык делген 80 млн долларлык мүлк конфискацияланып, ага байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып, Жогорку Кеңештин депутаттары мандатынан ажырады.

Кыргыз бийлиги Көлбаев менен Матраимовду расмий түрдө “мафия” деп атаган.

Жарандык активист Адил Турдукулов Райымбек Матраимовдо каражат, таасир жана ар кандай маалыматтар бар экенин белгилеп, аны бийликке каршы колдонушу мүмкүн деп эсептейт:

“Райымбек Матраимов азыркы бийликке эң кооптуу фигурага айланды. Анткени анын Кыргызстандагы жашоосу чектелген. Ошон үчүн ал бул жакта бейстабилдүүлүк кылганга кызыктар. Ошон үчүн УКМК анын аракеттерине алдын ала тоскоолдук жасап жатышы мүмкүн. Анда криминал менен байланыш, 30 жылдан бери чогулткан компромат болушу мүмкүн да.”

Бишкек - Баку: Райымбек Матраимов кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00


Кыргызстандын атайын кызматы тараткан маалыматка байланыштуу Азербайжандын расмий органдары да, Матраимовдун жакындары да үн ката элек.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтарынын бири, жарандык активист Мукай Керимбаев Райымбек Матраимов жакында кармалышы мүмкүн экенин айтып жатат:

“Анын жооп бере турган күнү деле келип калды го дейм. Менимче, ал киши кармалып келип, айыпталып жаткан ар бир иштери боюнча жооп бериши керек. Азербайжан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. Эки өлкөнүн ортосундагы келишим туура келип калса, анда алып келиниши мүмкүн”.

Азербайжанда криминал канчалык күчтүү?

Ал эми Азербайжанда уюшкан кылмыштуу топтор маселеси канчалык актуалдуу? Бул суроого Коопсуздук боюнча азербайжандык эксперт Илхам Исмаил мындайча жооп берди:

Илхам Исмаил.
Илхам Исмаил.

"Кармалган шектүү адамдар “мыйзамдагы уурулар арасында өз статусун жогорулатууну көздөгөн” деп айтылды. Менимче, мындай жүйө анча ишендирбейт. Бул жерде андай максат деле болбогон көрүнөт. Кимдир бирөө акча сунуш кылып, тапшырма бергендей сезилет. Жогорку жетекчилерди жок кылуу деген оңой эмес иш. Алар катардагы жарандар эмес. Жетекчилерди канчалаган киши кайтарып, коштоп жүрөт. Мен мамлекет башчы же башка расмий адамдарды барып өлтүрөм, муну менен статус алам деген ынанымдуу угулбайт. Жетекчилерге кол салууну уюштуруу жөнөкөй иш эмес. Андайга барган болсо да, менимче, чоң акча сунуш кылынган болушу мүмкүн. Башка жүйө суу кечпейт. Азербайжан дүйнөлүк рейтингде коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирет. Көп жылдардан бери чуулгандуу кылмыштар дээрлик катталган эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор, мыйзамдагы уурулар мурда бар болчу. Мисалы, Ровшан Ленкоранский же Лоту Гули деген кримчөйрөдөгү лөктөрдү атасак болот. Алар эбак эле жок кылынган. Ошолордун ордун баскан мыйзамдагы уурулар да билгенимдей жок. Көбү Орусияда жүрөт. Себеби Азербайжан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүп, алардын таасирин азайтуу аракетин көрүп келет. Мурдагы президент Гейдар Алиевдин тушунда эле башталган. Илхам Алиев келгенден бери кылмыштуу чөйрөнүн таасири кыйла азайды. Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура активдүү күрөш жүргүзүп жатат. Балким өздөрүн криминалдык авторитет деп санаган адамдар бардыр. Бирок алар аралашкан чуулгандуу кылмыштар катталбай калды деп айтсак болот. Макамын көтөрүш үчүн өздөрүн “уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсүмүн”, “мыйзамдагы уурумун” деп атай бериши мүмкүн. Бул үчүн башка өлкөгө барып алып, кылмыш жасоонун кереги жок деп ойлойм".

"Бул чоң пиар деп ойлоп жатам”

Атайын кызмат 2023-жылы 14-октябрда да "Өзбекстандын үч жараны буюртма адам өлтүрүү үчүн Кыргызстанга келгенин" кабарлаган. Алардын максаты Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алуу экени айтылган. Кыргызстанда кармалган үч жаран Өзбекстандын күч органдарына өткөрүлүп берилген эле.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Өмүрбек Суваналиев окшош эки окуяга мындай анализ берүүдө:

“Жетекчилерге кол салат деген аябай опурталдуу маселе. Эгер чыныгы кол салат десе, анда алардын бул жактагы байланыштарын, кимдер менен кабарлашып жүргөнүн аныктамак. Анткени алар куралды Өзбекстандан же Азербайжандан алып келбейт да. Жолдон эле "маски шоу" кылып кармашпайт эле. Мен муну чоң пиар деп ойлоп жатам”.

Медиа серепчи Асел Сооронбаева журналисттердин коррупциянын бетин ачкан эмгеги кеч болсо да жемишин берип жатканы жакшы экенин айтып, бирок Матраимовду кармоо тууралуу аракеттер куру сөз болуп калбайбы деп ой бөлүштү.

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

"Райымбек Матраимовдун жемкорлукка тиешеси бар экени тууралуу алгачкы макала, адашпасам 2017-жылы чыккан. Анын жоопко тартылышын талап кылгандар журналисттер менен активисттер эле болгон. Саясатчылар колтукташ болуп эле жүрүштү. Ошондуктан, "Биз Матраимовду кармайбыз" дегени да күмөн санаткан суроолорду жаратып жатат. Кармагысы келсе, ал киши Кыргызстанда жүргөндө эле камакка алынмак".

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө жемкорлукту ашкерелеген бир катар фактылар айтылган. Анда Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.

Журналисттик иликтөөлөрдөн кийин жарандык коом бир канча жолу коррупцияга каршы #REакция деген жүрүштөрдү өткөрүп, жемкорлорду жазалоону талап кылышкан. Бирок ошол кездеги бийлик эч кандай чара көргөн эмес.

Журналисттик иликтөөлөр жарыяланган маалда айрым саясатчылар, социалдык түйүндүн кээ бир колдонуучулары Матраимовду соопчулук иштерди көп жасаган меценатка теңеп, иликтөөчүлөрдү жана жарандык активисттерди каралаган билдирүүлөрдү таратышкан.

2021-жылы гана УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн жарыялаган. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG