Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

22-март: Үч “кемпирабадчынын” иши кыскарганы кабарланды, Байкоңурдан "Союз" кемеси учпай калды


Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты.

22-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кемпир-Абад иши: Үч айыпталуучунун иши кыскартылганы кабарланды

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) ушул эле иш боюнча айып тагылган Орозайым Нарматованын, Талант Эшалиевдин жана Эмил Жайчиевдин кылмыш иштери кыскартылганын билдирди. Эшалиев ден соолугуна байланыштуу 2022-жылы 25-октябрда үй камагына алынган. Камакта жаткан Нарматова былтыр январь айында үй камагына чыккан. Жайчиев камакка алынган-алынбаганы тууралуу маалымат жок. Иш кыскартылганы тууралуу укук коргоо органдары комментарий бере элек. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Бишкекте нөшөрдөн улам бир катар турак жайды суу каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү эки үйдүн короосун, бир үйдүн жертөлөсүн жана короосун суу каптады. Буга чейин Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаганы кабарланды.

Суу каптаган үйдү тазалоо. 22-март. Арча-Бешик.
Суу каптаган үйдү тазалоо. 22-март. Арча-Бешик.

Салыкчы 20 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды

УКМК Салык кызматынын кызматкери ишкерден 20 миң доллар пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалып, Кылмыш жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси менен иш козголду. Кармалганын салыкчынын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Бишкекте жарым жылда автобустар 80 жол кырсыгына кабылды

Бишкектин мэриясы 2023-жылдын 29-сентябрынан 2024-жылдын 21-мартына чейин коомдук транспорт шаардагы 80 жол кырсыгына абылганы катталды. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы алардын ичинен 17 (22%) жол кырсыгына автобустун айдоочулары, 41не (52%) менчик машиналардын айдоочулары күнөөлүү деген жыйынтык чыгарган. Дагы 21 (26%) жол кырсыгы техникалык кеңеште каралып жатат. Шаарга алынып келген жаңы автобустар жол кырсыгына байма-бай кабылган окуялардын фото-видеолору социалдык тармактарда жарыяланууда.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча АКШнын резолюциясы өтпөй калды

Резолюцияда Вашингтон анклавга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атууну дароо токтотуу зарыл экенин белгилеген эле. Документтин долбооруна Орусия менен Кытай вето койду. Резолюцияны өткөрүү үчүн Коопсуздук кеңешиндеги 15 мүчөнүн тогузунун колдоосу керек эле. АКШнын БУУдагы туруктуу элчиси Линда Томас-Гринфилд "Орусия бул жолу да саясатты жогору койду" деп айтты. Буга чейин Газадагы согушту токтотууга чакырган резолюцияларга Вашингтон үч жолу вето койгон. ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму менен Израилди мунасага чакыруу үчүн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Тель-Авивге барды.

БУУ беш каракалпак активистине башпаанек берүү маселеси боюнча Астанага кайрылды

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, БУУ Астананы каракалпакстандык активисттердин башпаанек суроо арыздарын кароодо өлкөдөгү кырдаал жөнүндө соңку маалыматты эске алууга чакырды. БУУнун катында белгиленгендей, активисттер Жангелди Жаксымбетов, Раиса Худайбергенова, Зиуар Мирманбетова жана Тлеубике Юлдашева 2022-жылы кармалып, Өзбекстандын экстрадициялоо өтүнүчүнө байланыштуу Казакстандын убактылуу кармоочу жайларында 12 айга камалган. Төртөө тең Казакстандан башпаанек сураганы менен жергиликтүү аткаруу органдары четке каккан.

Байкоңурдан «Союз» космос корабли акыркы мүнөттө учпай калды

Эл аралык космос станциясына «Союз МС-25» космостук кемеси менен «Союз-2.1а» ракетасы учууга бир нече секунд калганда токтотулган. Кемени учуруу Москва убактысы боюнча 16:21ге белгиленген болчу. Бир нече мүнөт калганда кеме учпай калганы жарыяланган. "Союздун" бортунда орус космонавты Олег Новицкий, беларус учкучу Марина Василевская жана америкалык астронавт Трейси Дайсон болгон. Василевская Беларустун тарыхында биринчи аял космонавт болмок. Новицкий экөө 2-апрелде Жерге кайтып келишмек. НАСАнын Миссияны башкаруу борбору экипаж менен байланышканы кабарланды. Кийинки учуу убактысы 23-мартка пландалганы кабарланды.

Өзбекстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп таанылды

World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде 143 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 75 - орунду ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 47-орунга чыкты. Казакстан 49-орунда, Тажикстан 88-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес. БУУ, Gallup жана Оксфорддун бакубаттуулугун изилдөө борбору түзгөн жылдык рейтингде Финляндия жетинчи жолу катары менен эң бактылуу өлкө аталды. Ошондой эле алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерландия, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирген. Индексти түзүүдө калктын жан башына ИДӨсү (ички дүң өндүрүм), социалдык колдоонун деңгээли, орточо жашоо узактыгы, жарандардын эркиндигин урматтоо, жумуш менен камсыз кылуу, коррупциянын деңгээли эске алынган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG