Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

18-март: Аскат Жетиген бошотулду, 24.kg сайтынын ээси алмашты, Газада аш-Шифа ооруканасына сокку урулду


Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.
Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.

18-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Аскат Жетигенди бошотту

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту. Ал журналисттерге “өзүнүн сөздөрүн кылмыш деп эсептебей турганын” айтты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-мартта ырчыны кармап, 48 саатка камакка алганын анын адвокаты Венера Буудайбекова билдирген. Ага “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш иши козголгону айтылды.

24.kg агенттигинин жетекчиси алмашты

24.kg маалымат агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өтүп, анын ээси жана директору Гүлжан Шерипбаева болду. Ал бул медиага эч кандай тиешеси жок экенин, жакында сайттын жаңы директору белгилүү болорун айтты. Nazarnews сайтынын ээси Шерипбаева былтыр ноябрь айында кармалып, кайра үй камагына чыккан. 15-январда УКМКнын кызматкерлери Бишкекте 24.kg медиасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен.

24.kg маалымат агенттигинин эн белгиси.
24.kg маалымат агенттигинин эн белгиси.

Сот Мадумаровдун тарапташын айыпка жыкты

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын камакта жаткан лидери Адахан Мадумаровдун тарапташы Орунбай Кыдыралиев Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды. 2023-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаардык сотунун алдында депутат Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жатканда тарапташтары митинг өткөргөн. Анда Орунбай Кыдыралиев да сөз сүйлөгөн.

Максат Дадыбаевге чечим чыкты

“Керемет Банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Максат Дадыбаев боюнча сот чечими 11-мартта чыкканы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Дадыбаевди Кылмыш жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча актады. “Пара берүү” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 150 миң сом айып салынды. Ушул эле кодекстин 80-беренесинин 7-бөлүмү колдонулуп, айып төлөөдөн бошотулду. Дадыбаев сот залынан бошотулду. Башкы прокуратура 2022-жылдын декабрь айынын башында “Керемет Банктын” (мурдагы “Росинбанк”) айрым өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгогон.

Газа: Израил армиясы аш-Шифа ооруканасына чабуул коюлду

ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, бир имаратта катуу өрт чыгып, көптөгөн киши каза болду. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари бул ооруканада ХАМАСтын лидерлери жашынып отурганы тууралуу чалгын маалыматы бардыгын, «эң тааамай операция» жүргүзүлгөнүн, аскерлер имараттын ичине кирип барганда аларга каршы ок атылганын айтты. Аш-Шифа Газа секторунун түндүгүндөгү ири ооруканалардын бири болчу. Согуш башталгандан бери ал жарым-жартылай иштеп, согуштан качкан жай тургундар баш калкалап турат. 15-мартта Нетаньяхунун өкмөтү Рафахка чабуул коюу планын бекиткен. Журналисттер бул планда жай тургундарды эвакуациялоо планы да камтылганын жазышкан.

Украина аймагы зениттик ракета, дрон жана авиабомба менен аткыланды

Орус күчтөрү Украинанын аймагын Shahed учкучсуз учактары менен бутага алып, 22 дрондун 17син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Киев билдирди. Дрон чабуулуна Киев, Полтава, Хмельницкий, Черкассы, Кировоград, Днепропетров, Винницы, Запорожье жана Ровно облустары кабылды. Мындан тышкары Харьков облусуна С-300/С-400 зениттик ракеталарынан бешти, Сумы облусуна Х-59 башкарылуучу авиациялык бомбаларынан экини учурушканы маалымдалды. Бул облуста жекшембиде чабуулдан бир жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылды, Харьков жана Херсон облустарында үйлөр, жарандык коргонуу мекемесинин имараты талкаланды. Фронт тилкесинде 72 жерде кагылышуу болгону, орус армиясынын чабуулдары негизинен Новопавловка жана Авдеевка багыттарында жүрүп жатканы кабарланды.

Орусиянын Белгород облусу чабуулга кабылды, эки киши каза болду

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу да чабуулга кабылганын аймактын жетекчиси Вячеслав Гладков билдирип, эки киши каза болгонун айтты. Мындан тышкары 11 жеке үй, көп кабаттуу үч үйдөгү үч батир, 37 автомобиль, жүргүнчү ташуучу бир автобус, эки ишкана талкаланганы маалымдалды. Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород облусунун аймагында дүйшөмбү күнү эртең менен жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 10 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Белгород өткөн апта бою аткылоого кабылды. Украин тарап эч кандай комментарий берген жок. Облустун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-марттан бери бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болду, жараат алгандар 82ге жетти.

Президенти Токаев аялдардын чүмкөнүп кийинүүсүнө каршы экенин айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-мартта Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайда сүйлөгөндө "радикалдуу таңуулоо аракети" күчөгөнүн сындады. “Биз өз салтыбыздан ажырабашыбыз керек. Радикалдуу неофиттер элибиздин каада-салтында болбогон кийим аркылуу коомго жат диний идеалдарды таңуулоого аракет кылууда. Бул биздин салттуу концепцияларыбызга жана баалуулуктарыбызга ачык кол салуу болуп саналат", - деди казак президенти. Токаев казактардын көпчүлүгүнүн салттуу динине – сунни багытындагы ханафи масхабына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. Коңшу өлкөдө 2009-жылдагы эл каттоодо динге ишенген адамдардын 70% мусулман экенин, көбү ханафи масхабын тутарын билдирген.

Самаркандда баланы кордогон адамга кылмыш иши козголду

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Самаркандда тестиер баланы кордогон жаранга "күч колдонуу менен мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. «Эзгулик» укук коргоо коомунун жетекчиси Абдурахмон Ташанов Фейсбуктагы баракчасына машиненин ичинде буту чынжыр менен байланган эркек баланын видеосун жарыялады. Баланын көзү көгөрүп, колунун манжасынын салаасы да айрылып кеткен. Видео 16-мартта тартылган. Башкы прокуратуранын Телеграмдагы каналында жабыркаган баланын андан аркы тагдыры тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG