Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

15-март: “Токтогулда” суу дагы азайды, Одессада Орусиянын чабуулунан 14 киши набыт  болду


Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Фото архивден.
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Фото архивден.

15-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Үй камагына чыккан жетекчи асынып алганы кабарланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап, кийин үй камагына чыккан “Тоң Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору Мирбек Исмаилов үйүнөн асынып каза болду. Маркумдун сөөгү 15-мартта жерге берилди. УКМК 1-мартта тендер боюнча кылмышка шектелип “Тоң Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору кармалганын 13-мартта билдирген. Кыргызстанда буга чейин да иш козголуп үй камагына чыккан шектүүлөр каза болгон жана абакта өз жанын кыйган окуялар болгон.

AI “чет өлкөлүк өкүл” долбооруна вето коюуга чакырды

Amnesty International (AI) уюму эл аралык уюму Жогорку Кеңеш кабыл алган “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбооруна вето коюлушу керек деп эсептейт. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс кыргыз парламенти кабыл алган мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, “он жыл мурда Орусияда кабыл алынган ушул сыяктуу мыйзам жарандык коомду системалуу жок кылууга негиз болгонун байкоодобуз” деди. 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Документ эми президентке кол коюу үчүн жиберилет.

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Бакчиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тилкаты менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарылды. Атайын кызмат аны былтыр 25-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

“Токтогулда” 7 млрд 319 млн метр куб суу калды

Токтогул суу сактагычында 15-мартка карата 7 млрд 319 млн метр куб суу калды. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 169 метр куб суу агып кирип, 559 метр куб суу агып чыгууда. 2023-жылдын 15-мартында суу сактагычта 7 млрд 913 млн метр куб суу бар болчу. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен

Одессага жасалган кош чабуулдан набыт болгондор 14кө жеткени кабарланды

Украинанын Одесса шаарында ракеталык чабуулдардан кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылганын, арасында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мекеменин фельдшери жана кызматкери бар экенин облустук администрация билдирди. 46 киши, арасында куткаруучулар жараат алганы кабарланды. 16-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланды. 3-мартта шаардагы көп кабаттуу үйгө тийген соккудан 12 киши, арасында беш бала ажал тапкан. Орус аскерлери Одессага сокку уруп, куткаруу иштери жүрүп жаткан жерге кайрадан чабуул койгону, баллистикалык ракета атканы маалым болду.

Газа секторунун түндүк аймагында бир нече жарылуу болду

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси жарылуу гуманитардык жардамды таратуу бекетинин жанында болгонун билдирип, Израилди айыптады. Маалыматка караганда, 20 киши каза болду, 155 киши жараат алды. Жөөт аскерлери айыптоону "жалган" деп четке какты. Израил былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде согуш ачкан. Газанын саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери тилкеде 31 миңден ашуун палестин жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Сырский Орусия негизги күчүн Авдеевка багытында топтоп турганын айтты

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский соңку бир нече күндөн бери орус күчтөрү украиндердин коргонуусун бузуп өтүүгө аракет кылып жатканын айтты. Сырский Авдеевка тилкесине барып келгенин, орус аскерлери артиллериялык куралды жана дронду колдонуп, авиабомба таштап жатканын белгиледи. 15-мартка караган түнү Кировоград, Николаев, Харьков, Херсон, Хмельницкий, Винницы жана Киев облустарынын аймагында 27 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн. Орустар Харьков жана Донецк облустарына С-300/С-400 зениттик ракеталарынан жетини, ал эми Полтава облусуна Х-59 ракетасынан бирди учурганын украин аскерлери билдирди. Винницы облусунда орус аскерлеринин чабуулдарынан үйлөр талкаланганы, эки киши каза болгону маалымдалды.

Орусиянын Белгород облусунда чабуул уланды

Орусиянын Украина менен чектеш облуста эки киши жараат алганын облус башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Андан мурдараак Коргоо министрлиги Белгород аймагында жапырт аткылоочу RM-70 "Вампир" реактивдүү системасынын жети снаряды атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. Шаар мэриясынын маалыматына караганда, беш жеке үй жана көп кабаттуу 14 үйдө 33 батир, он чакты автомашина талкаланды, мектеп имаратынын айнектери сынды. Шайлоо бекеттеринин биринде добуш берүүгө келгендер убактылуу баш калкалоочу жайга киргизилгени маалым болду. Москва бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптаса, Киев комментарий бербейт.

Казакстанда төрт жашар Айкөркөмдүн өлүмү боюнча апелляциялык арыз карала баштады

2022-жылдагы Январь окуясында ажал тапкан төрт жашар Айкөркөмдүн өлүмүнө күнөөлөнүп, бирок кийин акталган аскер кызматкери Арман Жуман эми кыздын атасы Айдос Мелдеханды айыптап чыкты. Арман Жуман Мелдехан «зордуктоо жана адам өлүмү үчүн соттолгон» адам болгондуктан сотко киргизилбегенин айтып, ал 2007-жылы аэропорттон жүргүнчү кызды алып, жолдон зордуктап, өлтүргөнү үчүн 13 жыл түрмөдө отуруп чыкканы тууралуу маалыматы бар экенин, отурумга ошол себептен киргизилбегенин, өзү муну жашырып жатканын «Азаттыкка» билдирди. Айдос Мелдехан андай кинени четке кагып,"сотто жашыруун материалдар каралат" деген жүйө менен аны отурумга киргизбей коюшканын билдирди. Кийинки отурум 19-мартка белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG