Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Тажик бийлигин сындаган дагы бир активист Түркияда жоголду


Сухроб Зафар.
Сухроб Зафар.

Тажикстандын оппозициялык “Группа 24” уюмунун лидери Сухроб Зафардын дайынсыз жоголгону кабарланды. Активисттер Түркияда жашаган Сухроб Зафарга карата коркутуулар болгонун, эки күндөн бери аны менен байланыш үзүлгөнүн кабарлашы. Бул акыркы бир айда Түркияда "Группа 24" мүчөсү жоголгон экинчи окуя.

“Группа 24” уюмунунун 11-мартта тараткан билдирүүсүндө Тажикстанда тыюу салынган уюмдун лидери Түркияда жүргөндө акыркы жылдары тынымсыз коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгону айтылат:

Ага жакында өлтүрүлөсүң же ала качып, Тажикстанга жөнөтүлөсүң» деген сыяктуу билдирүүлөр тынбай келип турган» деп жазылат билдирүүдө.

"Азаттыктын" тажик кызматы Сухроб Зафар менен байланыш эки күн мурда үзүлгөнүн жана бул маалыматты башка булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эместигин жазды.

Сухроб Зафар 2014-жылы Тажикстандан Түркияга көчүп келип, бул өлкөдө жашап жаткан. Ал буга чейин тажик бийлиги тарабынан бир нече жолу камалып, бошотулган.

«Биз Сухроб Зафарды табууга аракет кылып жатабыз, бирок азырынча майнап чыга элек. Эгерде биздин кыймылдын лидерин таппасак, анда башка ыкмаларды колдонобуз», - деп айтылат дүйшөмбү күнү тараган анын тарапташтарынын билдирүүсүндө.

Бул акыркы бир айда Түркияда "Группа 24" мүчөсү жоголгон экинчи окуя болуп калды. Февраль айында аталган уюмдун өкүлдөрү Стамбулда 39 жаштагы Насимжон Шарифовдун дайынсыз жоголгонун кабарлашкан. Анын кайда экени тууралу ушу күнгө чейин белгисиз.

“Группа 24” уюмун 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон оппозициялык ишкер Умарали Кувватов негиздеген. Ал андан бир жыл мурун Тажикстандын Жогорку Сотунун чечими менен “экстремист” деп таанылган. Тажикстанда “Группа 24” уюмуна мүчө болгондугу үчүн ондогон адамдар соттолуп, эркинен ажыратылган.

Акыркы жылдары Түркия тажик өкмөтүн сындагандардын көбү үчүн баш калкалоочу жайга айланган. Бирок укук коргоочулар жана активисттер бул өлкө да соңку учурда алар үчүн кооптуу болуп калганын айтып чыгышкан. Алар ошондой эле, тажик бийлиги чет өлкөлөрдөгү жана өлкөнүн ичиндеги оппоненттерине каршы колдонуп жаткан репрессиянын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип келишет.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун бир ай мурда чыккан баяндамасы Тажикстанда бийликти сындагандар менен оппоненттерин куугунтукка алган ондогон учурларды ачыкка чыгарган.

“Биз сени табабыз” деп аталган докладдын авторлору Тажикстанда акыркы он жылда ондогон саясий оппоненттер, диссиденттер, журналисттер жана укук коргоочулар репрессияга кабылганын белгилешет. Алардын көбү "Группа 24" жана Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы (IRPT) сыяктуу тыюу салынган саясий оппозициялык топтордун мүчөлөрү болгону белгиленет.

Былтыр жыл соңунда Германиядан иммиграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация болгон тажик активисти Билол Курбоналиев Дүйшөмбүгө келгенде кармалган.

"Группа 24" кыймылынын мүчөсү Курбоналиев Германияда качкын макамын алып, бул өлкөдө 2022-жылдан бери жашап келген. Ал быйыл сентябрда Эмомали Рахмондун Германияга сапарына каршы нааразылык акциясына катышкан.

Буга чейин аталган кыймыл Курбоналиев тажик түрмөсүндө кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин билдирип, немис бийлигин аны мекенине өткөрбөөгө чакырган.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

Былтыр Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн 100 чакты киши экстрадиция болгон. Алардын 18и терроризмге жана экстремизмге айыпталган, бир нечеси абакка кесилген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG