Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

6-март: Кыргызстанда электр жарыгына чектөө, Алматыда зилзаланы эскерткен система киргизилет


Коллаж
Коллаж

6-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстанда электр энергиясына чектөө киргизилди

Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу элге электр энергиясын берүү чектеле баштады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, жергиликтүү бийликтер менен чогуу электр жарыгын өчүрүү жадыбалы макулдашылып түзүлдү. Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев электр жарыгы кайсы аймакта, саат канчада өчүрүлөрү тууралуу маалыматты ачык жарыялоону талап кылды.

Үч жашар Алиянын өлүмүнө шек саналып анестезиолог менен медборбордун директору камалды

Алия Кубанычбекованын өлүмүнө шек саналып Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалды. Сот ушул эле иш боюнча 31-январда үй камагына чыгарылган анестезиологдун бөгөт чарасын өзгөртүп, кайра камакка алганы маалым болду. Наристенин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен иш козголгон. Милиция аны “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине өзгөртүп, ишти териштирүүнү улантып жатканы белгилүү болду. Алия былтыр 18-декабрда тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Көлмөгө чөгүп кеткен балдардын маселеси парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда тоңуп калган көлмөдө ойноп жүрүп сууга түшүп кеткен балдардын маселеси көтөрүлдү. Депутат Элвира Сурабалдиева бул конуштагы көлмөлөрдүн ээлери анын тегерегинде жашаган тургундардын коопсуздугун камсыз кылууда кайдыгер болуп жатканын белгиледи. Кырсык 2-мартта Мурас-Ордо конушундагы көлмөдө болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, чөгүп кеткен беш баланын үчөөнү жергиликтүү тургундар куткарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы жакшы экенин билдирген. Куткаруучулар суудан 9 жана 11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды

Бишкектин административдик соту 2022-жылдын февралында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болуп келген Атазовдун мандатын жокко чыгарды. Соттун чечимине ылайык, ушул эле округдан шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган. Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу сотко Муртазалиев кайрылган. Анын буга чейинки арызын БШК канааттандырган эмес. Муртазалиев БШКнын чечимге каршы сотко арыз берген. 2022-жылы шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок БШК "добуш сатып алуу фактысынын" негизинде анын каттоосун жокко чыгарган. Үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.

Газадагы тынчтык келишимине Орозого чейин жетишүү кыйындады

Газадагы ок атууну токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча ХАМАС тобу (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) менен сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады. Бул тууралуу Египеттин расмий өкүлдөрү билдирди. Беш айдан бери уланып жаткан согушта он миңдеген кишинин өмүрү кыйылды, анклав урандыга айланып, гуманитардык апаатка учурады. АКШ, Катар жана Египет согушкан тараптар менен мунаса табуу аракетин көрүп келатат. Жаңы сунушка ылайык, согушкер топ 40 кишини барымтадан кое берүүгө, бул үчүн ок атуу алты аптага токтоп, палестиналык туткундардын бир тобу азат кылынып, жардам жеткирүү жеңилдетилүүгө тийиш. Мындай келишимге Орозо айы башталгыча жетишүү максаты колган. AP агенттиги Египеттин расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап кабарлагандай, ХАМАСтын сунушу жакынкы күндөрдө Израил менен талкууланмакчы.

Орус аскерлери Украинага 42 дрон жана беш ракета менен сокку урду

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 38 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Винница, Днепропетровск, Одесса, Сумы, Харьков, Херсон, Хмельницкий, Черкассы облустары чабуулга туш болду. Сумынын жергиликтүү администрациясынын башчысы Владимир Артюх үч объектиге дрон тийгенин, беш киши, анын ичинде бир бала жарадар болгонун маалымдады. Шаршембиде эртең менен орусиялык МиГ-31К истребители абага көтөрүлгөндө Украинанын аймагында сокку коркунучун эскерткен сиреналар жаңырып турду. Орус аскерлери Украинанын аймагына түрдүү курал менен сокку уруп келет. Далилдерге, күбөлөрдүн айткандарына карабай Москва жарандык жайларды бутага алганын танат. Ал ортодо АКШ украин президенти Владимир Зеленский Батыштан аскерлерин Украинага жөнөтүүнү сурабаганын билдирди. Мунун алдында Франциянын президенти Эммануэл Макрон Прагадагы сапары учурунда чет өлкөлүк аскерлерди Украинага жөнөтүү идеясын четке какпасын кайталап, Европаны "коркок болбоого" чакырган.

Алматы: жер титирөө тууралуу эскерткен система киргизүү пландалууда

Казакстанда шейшембиде таңкы 5те дагы бир жер титирөө катталды. Анын очогу Алматы шаарынан 266 чакырым алыс жерде, Кытайдын аймагында орун алганын Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. Алматыда жер титирөө 2 баллга сезилди. Жыл башынан бери шаарда бир нече жер силкинүү болду. Калаа бийлиги жер титирөө тууралуу элге эскертүү системасына дагы бир миллион доллардан ашуун сарптоону караштырууда. Шаар башчы Ерболат Досаев билдиргендей, жаңы система эки айдан кийин пилоттук режимде ишке киргизилет. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, 4-марттагы силкинүү тууралуу СМСтерди шаар тургундары эки сааттан кийин гана ала баштаган. Алматылыктар биринчи кезекте балдарын мектептерден алууга жөнөп, узун тыгындар пайда болду. Элге зилзала тууралуу маалымат берүү системасына буга чейин эки миллион доллардан көп акча коротулган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG