Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

1-март: Үч өлкөнүн темир жол долбоору, Газадагы кандуу каргаша, Навальныйды акыркы сапарга узатуу


Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

1-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Үч өлкөнүн темир жол долбоорун каржылоо бекитилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашкар шаарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун биргелешкен каржылоо долбоору жана техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгиледи. Бирок анын шарттарын кенен айткан жок. 2022-жылы үч өлкөнүн темир жол долбоорун боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Судья Акылбек Адимов 2 млн сом айыпка жыгылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы, пара алууга айыпталган Акылбек Адимов күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом айып пул төлөдү. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-январда чыгарганы белгилүү болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айыптап, 2023-жылы октябрь айында камакка алган. Кийин кайра үй камагына чыгарылган. Мыйзам боюнча, Акылбек Адимовго чыккан соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин прокуратура судьяны кызматтан алуу боюнча Соттор кеңешине сунуш берет.

Мэрдин укугун кеңейтүү боюнча долбоор талкууга коюлду

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын мэрине шаардын 2024-жылдагы бюджетин өз алдынча бекитүү укугун берүү сунушталды. Документте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элге көрсөткөн коммуналдык кызматтарга жана товарларга, коомдук транспортко тарифтерди мэр өзү эле аныктаганга мүмкүнчүлүк берүү каралган. Ушундай эле долбоорду Министрлер кабинети да демилге кылып, Жогорку Кеңеш 21-февралдагы жыйынында документти сынга алып, четке каккан.

Депутат Атазов өлкөгө кайтып келерин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын айтты. Бул тууралуу ал “өлкөдөн шашылыш чыгып кеткени тууралуу” тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Кыргызстанга кайтып келерин билдирди. 27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тараган. Бул окуядан кийин эки эл өкүлү акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болгон.

Эл аралык коомчулук Газадагы 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган калабаны иликтөөгө үндөп жатат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Газада бир учурда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган кандуу окуяны кылдат иликтөө зарыл экенин билдирди. Баш катчы бейшембиде «Газадагы каргашалуу жаңжалдын курмандыктарынын саны нес кыларын" айтып, согуш башталгандан бери 30 миңден көп киши каза болуп, 70 миңден арбын адам жараат алганы тууралуу маалымат бардыгын кошумчалады. 29-февралда Газа шаарында гуманитардык жардам алууга келген 100дөн ашуун палестиналык жай тургундун өлүмү боюнча маселени АКШ президенти Жо Байден да көтөрдү. Буга чейин бир катар маалымат агенттиктери Израилдин жоокерлери гумжардам кербенине ок атканын кабарлаган. Израил армиясы гумжардам келгенде чогулгандар кымгуут түшүп, кишилер тепсендиде жана жүк ташыган машиненин алдында калып өлгөнүн билдирди.

Москвада он миңдеген киши Навальныйды акыркы сапарга узатты

Маркумдун зыйнаты Марьино районундагы храмда өттү, сөөгү Борисовское көрүстөнүнө коюлду. Саясатчыны акыркы сапарга узатууга Навальныйдын ата-энеси, туугандары, жакындары кирди. Мындан тышкары оппозициялык саясатчы менен коштошууга баргандар, храмдан көрүстөнгө чейин колуна гүл кармап, жөө келгендер он миңдеп саналарын маркумдун санаалаштары билдирди. Жол боюнда, көрүстөндүн тегерегинде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полиция кызматкерлери, атайын автомашиналар топтолуп, темир тосмолор коюлган. Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларында Навальныйды эскерүү акцияларында кеминде 30 адам кармалды.

Украина: Соңку бир суткада фронтто 83 жерде кагылышуу болду

Орусия үч ракеталык, 91 авиациялык, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 142 сокку урганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, жай тургундар арасында каза болгондор жана жараат алгандар бар. Үйлөр, жарандык инфраструктура объектилери жана бир чиркөө талкаланганы кабарланды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Авдеевка жана Курахов багыттарында “ээлеп турган позицияларды кармап калуу жана чегинген тилкелердеги турумду калыбына келтирүү” аракети көрүлүп жатканын 29-февралда айтты.

Тажикстандын айрым аймактарында электр жарыгы өчтү

Борбор шаар Дүйшөмбү бир нече саат электр жарыгысыз калганын, кээ бир райондордо жылуулук жана таза суу жок болгонун, мобилдик байланыш жана интернет үзгүлтүккө учураганын "Азия-Плюс" басылмасы билдирди. Ошол эле учурда өлкөнүн башка аймактарында да электр жарыгы жок болгону, буга жарыкты атайылап маал-маалы менен өчүрүү себеп экени же Нурек ГЭСинде авария болушу ыктымалдыгы да маалымдалды. Дүйшөмбүнүн электр түйүнүндө авария болгонун, натыйжада шаар саат 11ден 14кө чейин электр жарыгысыз калганын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо комитети кабарлаганын «РИА Новости» агенттиги жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG