Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

"Хово" айдагандардын талабы, өкмөттүн токтому, жолдордун абалы


Күйүүчү май ташыган "Хово" үлгүсүндөгү машине
Күйүүчү май ташыган "Хово" үлгүсүндөгү машине

Бишкекте "Хово" (Howo) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинелердин айдоочулары митинг өткөрдү. Алар ашыкча жүк үчүн айдоочуларга салынган айып пул өтө эле көп экенине нааразы. Өкмөт жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга жаза катаалдашканын эскерткен.

Министрлик айрым оор жүк тарткан техникалар карьерлер менен курулуш аянтында гана иштөөгө багытталганына карабай, ашыкча оор жүк салып, жолдорду бузуп жатканын билдирет.

Бишкекте 100дөн ашык "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машиненин айдоочулары 27-февралда иш таштап, нааразылык акциясын өткөрдү. "Кыргыз Хово" транспорт бирикмесинин төрагасы Абасбек Доромбаев нааразылыктын себебин мындай деп түшүндүрдү:

Абасбек Доромбаев
Абасбек Доромбаев

""Унаа" мамлекеттик ишканасы техникалык паспорт берип жатканда биз айдаган "Хово" автоунааларынын өз салмагы 15 тонна, ал эми көтөргөн жүгү 25 тонна деп жазууда. Бирок ошол эле учурда Транспорт министрлигинин токтомунда автоунаанын салмагы менен жүктүн салмагын кошкондо 25 тонна болушу керек деген талап бар. Ошондо биз кимди угабыз? Айрым техникалык паспорттордо "Ховонун" жалпы салмагы 25 тонна деп турат, а бирок анын өз салмагы деп 15 тонна жазылышы керек эле да. Мен бул тууралуу канча жолу депутаттарга, президенттерге, Транспорт министрлигине кайрылып келдим, маселе чечилген жок".

Өкмөттүн токтомунда машинедеги жүктүн көлөмү 10 тоннадан ашпашы керек деген талап бар. Бул эреже Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2011-жылы чыккан токтомунда жазылган. Бирок айдоочулар ал башка мекемелердин талаптарына каршы келерин айтышууда.

Ал эми мыйзамга ылайык, ченемден ашыра жүк салганы үчүн айдоочулар - жеке адам болсо 17 500 сом, юридикалык жакка 55 миң сом айып пул төлөйт.

"Хово" үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары митингге чыкты. 27-февраль, 2024-жыл.
"Хово" үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары митингге чыкты. 27-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстанга "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинелер 2012-жылы кире баштаган. Мындан улам алардын ишин 2011-жылы чыккан токтомдун негизинде жөнгө салуу туура эмес деп эсептешет айдоочулар.

Бул машинелер адатта көмүр, куш-шагыл жана курулушка таш-топурак ташууда пайдаланылат.

2016-2017-жылдын статистикасында Кыргызстанда мындай 12 миң машине бар деп айтылган, андан бери алардын саны дагы 3-4 миңге көбөйүшү мүмкүн. Айдоочулардын көбү аларды насыяга, лизингге алганын айтып, көрсөтүлгөн ченемден ашырбай жүк ташый турган болсо чыгымы актабай турганын жүйө келтирет.

Ошол себептүү айрымдары эреже бузуп, жүктү ашыгы менен салып атканын Доромбаев кошумчалайт:

"Үч октуу оор жүк ташуучу унаанын салмагы 25-26 тонна деп жазылып калган. Бирок бул "Хового" туура келбейт. Мисалы, "Ховонун" дөңгөлөгү жазы. Күчтүү бренддердин баары автоунааны жалпы элдин эксплуатациясына чыгарардын алдында баарын аныктап, конструкциясын ийне-жибине чейин карап туруп чыгарып жатышат. Эгер заводдор изилдебей, жол талкалай турган машиналарды чыгарган болсо, аны эч ким сатып албайт эле. Азыр иштеп жаткан токтомдогу эрежелер унаанын маркасына жараша өзгөртүлүшү керек. Мисалы, КамАздын дөңгөлөктөрү салыштырмалуу кууш, алардагы жүктөн түшкөн оордуктун басымы башкача болот. Ал эми "Ховонун" дөңгөлөктөрү жазы. Мен, мисалы, экспертиза жасаткам, анда 20-25 тоннага чейин эч кынтыксыз көтөрө алат деп турат. Мындай салмакты биздин жолдор да көтөрө алат. "Ховолор" жолдорду талкалап бүттү деген күмөн жана эч далилденбеген ой. Убагында өкмөт ушундай унааларды алууга уруксат берген. Көбү үстүндөгү үйүн, жеңил унаасын, жерин насыяга коюп, лизингге "Хово" алган, оокат кылайын, балдарымды багайын деп. Алар эми кантет? Ошону башынан ойлонуп, өкмөт бир чечимге келиши керек эле да".


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2011-жылы августта кол коюлган №454 токтом жыл сайын жаңыланып, толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилип турарын айтууда. Министрлик эгер үч октуу "Хового" жалпы салмагы 25 тоннадан ашкан жүк салса, ал жолдорду талкалап, тез жарактан чыгарарын да эске алуу керектигин эскертет. Мекеменин алдындагы жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин транспорттук көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дөөлөтов жолдордун абалына көңүл бурууга токтолду:

Кеңешбек Дөөлөтов
Кеңешбек Дөөлөтов

"2023-жылдын 12 айында оор жүк ташуучу унааларга Укук бузуулар кодексиннин 181-беренесинин негизинде 1542 протокол түзүлүп, 29 миллион сом айып пул салынган. Жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 34 миллион сом чогултулган. Жүктү ченемден ашырып ташыган айдоочулар барган сайын көбөйүп баратканын министрлик белгилеп жатат. Биздин негизги максат - жолдорубузду сактап калышыбыз керек. Анткени жол менен бир эле Ховолор жүрбөйт, карапайым калк, коомдук транспорт, сиз менен биз да ошол жолдор менен ары-бери каттайбыз. Биз жолдорго аяр мамиле кылып, колдонуу мөөнөтүн болушунча узартышыбыз керек. Себеби жолдор ар бир салык төлөөчүнүн эсебинен жасалып жатат, сапаттуу жолдо жүрүүгө алардын ар бири укуктуу".

Транспорт министрлиги айрым оор жүк тарткан автоунаалар карьерлер менен курулуш аянтында гана иштөөгө багытталганына карбай, жүк салып, жолдорду бузуп жатканын, ченемдерди сактабай иштеп жүрүшкөнүн белгилейт. Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар. Жакында эле транспорт министри Тилек Текебаев мындай бекеттерди күтүүсүз текшерип, жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга мындан ары жаза катаалдаганын, айып пул көбөйгөнүн эскертти.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Тазабек Икрамов өкмөт оор жүк ташуучу унааларга байланыштуу маселе аларды өлкө аймагына киргизүүгө уруксат берердин алдында каралышы керек эле деген пикирде. Ал ошондой эле жолдордун сапатын эске алуу менен "Хово" машинелеринин жүгүн көбөйтүп берүү мүмкүн эместигин айтты. Депутат андан көрө "Хового" ээлик кылган компания ээлеринен кошумча жол төлөмдөрүн алып турууну сунуш кылат:

Депутат Тазабек Икрамов
Депутат Тазабек Икрамов

"Өлкөгө оң рулдуу унаалар киргизилбесин дегендей эле ушу маселе да чечилбей келе жатат. Албетте, биздин жолдордун сапаты начар, улам бир жерде жыртык-тешик, жамаачы болуп турат. Өзгөчө Бишкек шаарын карасаңыз, кадам сайын казылып-оюлган. Ошондуктан дароо 25 тонна жүк ташый берсин деп койгонго мүмкүн эмес. Жолдорубуз талкаланып атпайбы. Ошол эле учурда автоунаанын мүмкүнчүлүгүн да эске алышыбыз керек. Эгер өкмөт бизге өз сунуштарын даярдап келсе, биз талкуулап, колдоп бергенге даярбыз".


Кыргызстанда 18 миң чакырымдан ашык автожол бар. 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 600 чакырым жаңы жол салган. Ал эми өлкөдө жалпысынан оор жүк ташуучу 100 миңге чукул автоунаа катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG