Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

28-февраль: Экс-президент Жээнбековдун макамы, Навальная Путиндин байлыгын иликтөөгө үндөдү


Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл.

28-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жээнбековдон экс-президент макамын алуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев парламентте Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берди. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар адамдар мамлекеттик кызматтан алынып жатканын айтып, Сооронбай Жээнбековдун да ал менен байланышы бар экенин айтты. Сооронбай Жээнбеков 2017-2020-жылдары президент болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликтен кеткен. Депутат Түмөнбаевдин демилгеси тууралуу экс-президент комментарий бере элек.

Эки депутат акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирип, депутаттардын арызы парламенттин кадр кызматына түшкөнүн кабарлады. 27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип, “алар чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Region телеканалынан жакында эле сөз болуп жаткан депутаттардын Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени тууралуу материалдар чыгып, анда алар мандатын тапшыры керек экени тууралуу сөз болгон. Буга чейин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген үч депутат мандатынан ажыратылган.

Шайлообек Атазов жана Айбек Осмонов. Коллаж.
Шайлообек Атазов жана Айбек Осмонов. Коллаж.

Айдоочуларга салынуучу айыптын тууму жокко чыгарылды

Кыргызстанда 28-февралдан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун кошумча тууму жокко чыгарылды. Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) айдоочуларга туумду төгүү тууралуу эскертип, жалпысынан 9 жолу токтом чыгарып, почта менен ар бирин 65 сом төлөп, кат түрүндө жөнөтүп жаткан. Ага кеткен чыгым өндүрүлгөн туумдан ашып кеткен.

ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандар айыга баштады

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууда жаракат алып, Түркияда дарыланып жаткан эки адамдын абалы турукташып, айыгуу жолуна түштү. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которуу пландалууда. 2-февралда таңкы саат үч чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

БУУ: Газа калкынын төрттөн бири ачарчылыкта калды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү билдиргендей, сөз анклавдагы 567 миң адамдын тагдыры жөнүндө болууда. Төрт айдан бери обочодо калган тилкенин калкына азык-түлүк жетишпей, гуманитардык жүк жеткирип бараткан машиналар ар кандай кол салууга, талап-тоноого дуушар болуп жатканы белгиленди. БУУнун гуманитардык, азык-түлүк жана айыл чарба мекемелеринин өкүлдөрү айткандай, Газанын 2,3 миллион калкы өтө оор абалда турат. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаалды кейиштүү деп сыпаттады.

Британияда Болгариянын дагы бир жараны Орусияга тыңчылык үчүн кармалды

38 жаштагы Тихомир Иванов Иванчевди Лондон полициясынын террорчулукка каршы бөлүмү 7-февралда кармаганы, анын маселеси Вестминстер магистрат сотунда 28-февралда каралары маалым болду. Ал эми иш боюнча процесс Лондондун Борбордук кылмыш сотунда октябрда башталат. Буга чейин Болгариянын беш жаранына Британиянын аймагында иштеген орусиялык тыңчылар тобунун мүчөсү деген айып тагылган. Кармалган жарандар 2020-жылдын августунан 2023-жылдын февралына чейин маалымат жана документ чогултуп, Москвага берип турган, алар Британиянын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына залака тийгизиши ыктымал болчу деп айыпталууда.

Юлия Навальная Евробиримдикти Путиндин каржы булактарын иликтөөгө чакырды

Орусияда абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная Франциянын Страсбург шаарында Европарламентте сөз сүйлөп, орус президенти Владимир Путинди «уюшкан кылмыштуу топтун лидери" деп атады жана Кремлдеги жетекчилерге карата иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Навальная Батыштагы каржылык агымдарды иликтесе "түз Путинге чыкса болорун" айтты. Ал Путин күйөөсүнүн өлүмү үчүн да, Украинага согуш ачканы үчүн да жооп бериши зарыл экенин белгиледи. Европарламентте Навальныйдын өлүмү боюнча резолюциянын долбоору каралууда. Путиндин келишкис сынчысы, 47 жаштагы Навальный шарты катаал түрмөдө табышмактуу жагдайда каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон.

Приднестровьедеги жыйынга катышкандар Орусиядан жардам сурады

Молдовадагы жикчил Приднестровье аймагынын жетекчилиги 28-февралда депутаттардын съездин өткөрдү. Анда Молдованын батышчыл өкмөтү бул жикчил регионго «кысым көрсөтүп жатканы» тууралуу дооматтар айтылып, Орусиянын парламентине аларды «коргоо чараларын көрүү» өтүнүчү берилери маалым болду. Мындай жыйынды расмий Кишинев айыптап, дооматтарды четке какты. Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Приднестровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан. Молдова Еврошаркетке кошулууга талапкер макамын алган. Украина Приднестровье менен чек арасын жаап койгон.

Берлинде армян-азери сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Армениянын жана Азербайжандын башкы дипломаттары Арарат Мирзояндын жана Жейхун Байрамовдун сүйлөшүүлөрү Берлинде өтүп жатат. Жолугушууда Түштүк Кавказ аймагындагы бул эки коңшунун ортосундагы тынчтык келишими талкууланат, документтин долбоору өткөн апталарда Мюнхен шаарында макулдашылган. Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алган. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ереван менен Баку тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG