Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

26-февраль: Ысык-Көлдө каза тапкан чех туристтер, АКШда ачкачылык жарыялаган тажик мигранттары


Жыргалаң капчыгайына кышкысын туристтер көп келет
Жыргалаң капчыгайына кышкысын туристтер көп келет

26-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ысык-Көлдө кар көчкүдөн Чехиянын төрт жараны каза болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында Чехиянын төрт жаранын кар көчкү басып калып каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын сөзүнө караганда, кырсык 25-февралда болгон. Чехиянын 23 жараны тоого чаңгы (лыжа) тебүү үчүн чыгышкан. Алар чаңгы менен түшүп келатканда кар көчүп басып калган. 19 киши бири-бирин куткарып аман калып, төрт киши каза тапкан.

Базарбеков: соттор толук көз карандысыз боло элек

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда соттор толук көз карандысыз боло элек экенин айтты. Ал бул тармакты реформа кылуу сот системасына гана көз каранды эмес деп эсептейт. Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, эл бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылып келатат.

ЖМК долбоору үчүнчү жолу каралган жок

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү жолу караган жок. Буга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен юстиция министри жыйынга келбегени негиз болду. Ушул эле комитет 19-февралдагы, ага чейин 22-январдагы жыйынында да ушундай эле себеп менен документти күн тартибинен алып салган. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бул документ сөз эркиндигин чектей турганын билдирип келишет.

Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.
Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

“Кумтөр” былтыр 13,6 тонна алтын өндүрдү

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2023-жылы Кумтөр кенинен 13 тонна 567 килограмм алтын өндүрдү. Компания өткөн жылы жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Планга жетпей калган себебин ишкана “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүрдү. Маалымат ылайык, “Кумтөр” былтыр жыл ичи өндүргөнүнөн 10 кг ашык – жалпы 13 тонна 577 килограмм алтын саткан. Ишкана мындан жалпы 849 миллион доллар киреше таап, анын 302,4 млн долларын таза пайда катары көргөн. Натыйжада мамлекетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулду.

Былтыр жол кырсыгынан 783 адам каза болду

Кыргызстанда былтыр 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 2022-жылы өлкөдө 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан эки кишинин өмүрү кыйылды

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сумы облусундагы Юнакиев кыштагына ракеталык сокку урулуп, алты үй талкаланганы, эки киши каза болгону маалымдалды. Эртең менен Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орус армиясы Харьков жана Днепропетровcк облустарына учурган 14 Shahed учкучсуз аппаратынын тогузун атып түшүрүшкөнүн, мындан тышкары башкарылуучу үч Х-59 авиациялык ракетасын жок кылышканын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Фронтто соңку суткада 95 жерде кагылышуу болгону кабарланды. Президент Владимир Зеленский жекшембиде Киевде өткөн басма сөз жыйынында 2022-жылдын 24-февралынан бери согушта 31 миңден ашуун украин аскери курман болгонун айтты.

Израил армиясы Рафах боюнча планын сунуш кылды

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарында жердеги аскердик операциясын баштоо жана согуш аймагынан жай тургундарды эвакуациялоо планын сунуш кылды. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Рафах шаарын ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) "акыркы таянычы" деп атаган. Газанын Египет менен чектеш тилкесинде жайгашкан Рафах шаарына анклавдын башка аймактарынан миллиондон ашуун жай тургун качып барган. Израилдин башкы союздашы АКШ баштаган айрым өлкөлөр Рафахта аскердик операция жүргүзбөөгө үндөшкөн жана эгер жай тургундардын коопсуздугун камсыздоочу план болбосо, анын кесепети апаатка айланарын эскертишкен.

АКШнын түзөтүү борборунда тажикстандыктар ачкачылык жарыялады

Луизиана штатына караштуу Винн шаарындагы түзөтүү борборунда кармалган тажик мигранттар ал жердеги "шарттын начардыгынан улам" 10 күн ачкачылык кармашты. Эки тажик жараны "Озоди" радиосуна АКШга Мексика аркылуу келишкенин, ал жерде тажикстандык 100гө чукул жаран бар экенин айтышты. Алар орус паспорту менен Мексикага чейин келип, ал жактан АКШга мыйзамсыз өтүшкөн. Тажик мигранттары убактылуу кармоочу жайларда 4-6 ай сот жараянын күтүп жатышканын айтышты. АКШнын башка түзөтүү борборлорунан айырмаланып, Луизианада иммиграциялык мыйзамдарды бузууга шектелген адамдар күрөөгө бошотулбайт. Винн шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын администрациясы камактагы мигранттардын акциясы боюнча комментарий берген жок.

Казакстанда кармалган каракалпак активисти башпаанек берген күбөлүк алганы кабарланды

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, Өзбекстандын өтүнүчү менен өткөн аптада Алматыда камалган Акылбек Муратовго (Акылбек Муратбай) Казакстанда "башпаанек сурап жаткан адам" деген күбөлүк берилди. Казак бийлиги берген күбөлүк, адвокаттын айтымында, 23-майга чейин жарактуу, зарыл болсо анын мөөнөтүн дагы үч айга узартса болот жана мындай документи бар кишини башка өлкөгө экстрадициялоого жол берилбеши керек. Адвокат белгилегендей, бул документтин негизинде Муратовго качкын макамы ыйгарылышы мүмкүн. Өзбекстандын жараны, соңку 10 жылдан бери Казакстанда мыйзамдуу жашап келаткан 35 жаштагы активист Алматыда 15-февралда кармалып, эки күндөн кийин 40 суткага камалган. Өзбекстанда ага «жапырт башаламандыкка чакырган», «коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды жасоо, сактоо, жайылтуу» деген айыптар тагылып, иш козголгон. Мындай берене менен 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG