Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

22-февраль: Эки депутат мандатын тапшырды, "Талибан" эки кишини эң катаал жазага тартты


Нурлан Ражабалиев жана Искендер Матраимов. Коллаж.
Нурлан Ражабалиев жана Искендер Матраимов. Коллаж.

22-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Матраимов менен Ражабалиев мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты. Экөө тең 2021-жылы бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутат болуп шайланып келген. Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы, Нурлан Ражабалиев Бажыдагы коррупция боюнча 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолгон.

“Чет элдик өкүл” долбоору экинчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты. “Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса “бир катар бейөкмөт уюмдар жабылып каларын” билдирип келишет.

УКМК экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди кармады

УКМК “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү, парламенттин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, “Беш-Сарыда” көп жылдардан бери ижара акыда башка сумма көрсөтүлүп, бирок андан көп суммадагы акча чогултулуп келгени аныкталган. Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон жана парламенттеги талкуу жараткан билдирүүлөрү менен белгилүү.

Камчыбек Жолдошбаев. УКМК тараткан сүрөт.
Камчыбек Жолдошбаев. УКМК тараткан сүрөт.

41 миң ата-эне баласына алимент төлөбөйт

2023-жылы Кыргызстанда балдарына чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашты. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин маалымат кызматы билдирди. Төлөнбөгөн карыздардын суммасы 10 миллиард сомдон ашкан. Маалыматка ылайык, 2022-жылы мындай ата-энелердин саны 39 655 адамды түзгөн. Юстиция министрлигинин алимент төлөбөгөндөргө жазаны күчөтүп, үч жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору январдын этегинде Жогорке Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Рафахта бомбалоодон мечит жана бир нече турак жай талкаланды

Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында анклавдын түндүгүнөн агылган дээрлик 1,4 миллион качкын чатырларда, алачыктарда башпааналап жүрөт. Рейтер агенттиги кабарлагандай, Израил армиясынын бомбалары мечитке жана бир нече турак жайга тийди. Ал-Фарук мечити күм-жам болуп, жанындагы үйлөрдүн дубалдары урап калды. Жергиликтүү тургундар 10 күндөн бери шаарда мындай катуу жарылуу болбогонун айтышат. 12-февралдагы рейдде израилдик аскерлер барымтадагы эки кишини бошоткон, ондогон жайкын палестиналык каза тапкан. ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги согушта өлгөн палестиндер 29 313гө жеткенин билдирген. Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, 200дөн ашуун адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек.

Украин армиясы Херсондо орусиялык аскерлер машыгып жаткан полигонго сокку урулганын ырастады

Украин армиясынын өкүлү Наталья Гуменюктун айтымында, орус аскерлери полигондо Днепрдин сол жээгиндеги Крынки кыштагына чабуул коюуга даярданып жаткан. Ал айылда украин армиясынын плацдармы жайгашкан. Маалыматка караганда, соккулардын натыйжасында кеминде 60 орус аскери набыт болду. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча текшерүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, бир күн мурда украиналык OSINT долбоору да, орусиялык согуш блогерлери да полигонго сокку урулганын жана оор жоготуулар болгонун кабарлашкан. Соккулар урулган жер делген видео да жарыяланды. Болжол менен HIMARS системасы колдонулган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуяны комментарийлеген жок.

Талибдер адам өлтүрүүгө айыпталган эки кишини эл алдында атып салды

Талибдердин Жогорку соту маалымдагандай, аты аталбаган эки кишини эң катаал жазага тартуу өкүмүн үч сот жана “Талибандын” лидери Молдо Хайбатулла Ахунзада чыгарды. Газни шаарынын стадионуна келген күбөлөргө видео же сүрөт тарткан жабдыктарды алып келүүгө тыюу салынды. Ашынган исламчыл кыймыл бийликке кайтып келгенден бери соттолгон кишини коомдук жерде жазага тартуу алгачкы ирет 2022-жылы декабрда Фарах провинциясында катталган. Былтыр июнда Лагман чөлкөмүндө беш кишини өлтүргөн адам да ошондой жазага тартылган. “Талибан” адам укуктарын бузганы, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун чектегени үчүн сынга кабылып келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек.

Өзбекстан менен Ооганстан темир жолду оңдой баштады

Эки өлкөнү байланыштырган Хайратон – Мазари Шариф темир жол тилкесин оңдоп-түзөө иштери башталды. “Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи этапта жүк ташынан вагондор "Наибабад" станциясына жеткирилмекчи. Хайратон – Наибабад – Мазари-Шариф темир жолун реконструкциялоо тууралуу былтыр ноябрда макулдашылган. “Азаттыктын” өзбек кызматы ооган тарапка шилтеме берип жазгандай, өзбек компаниясы ремонтту сапаттуу жана жарым баасына жасап берүүнү убада кылды. Борбор Азиянын өлкөлөрү "Талибандын" бийлигин тааныбаса дагы Кабул менен соода-экономикалык карым-катнашты улантып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG