Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Авдеевка: Киев туткундагы украин аскерлери өлтүрүлгөн делген маалыматты иликтейт


Авдеевка шаарындагы украин жоокери, 11-ноябрь, 2023-жыл
Авдеевка шаарындагы украин жоокери, 11-ноябрь, 2023-жыл

Дүйшөмбүдө орус аскерлери Украинанын Авдеевка шаарындагы ири химиялык заводду толугу менен өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Анын алдында украин армиясы таш-талканы чыккан шаарды калтырып кеткен. Киев Авдеевкада украиналык "согуш туткундарын атып өлтүрүшкөн" деген ыктымалдыкты текшере баштады.

Советтер Союзу учурунда курулган ири кокс-химиялык завод Авдеевка шаарынын четинде жайгашкан. Донецк облусундагы бул өнө жай шаары үчүн кармаш согуш башталгандан бери, дээрлик эки жылдай жүрүп, бир нече ай мурун салгылашуулар күчөгөн.

"Авдеевканы аскерлерибиздин амандыгы үчүн калтырдык"

17-февралга караган түнү украин куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери аскердик бөлүктөр ал жерден чыгып кеткенин билдирип, муну жоокерлердин өмүрлөрүн сактап калуу, алардын курчоодо калбашы үчүн көрүлгөн кадам деп түшүндүргөн.

Украин армиясынын башкы командачысы Александр Сырский аскерлер “артыкчылыктуу позицияларга которуларын”, Авдеевка бир күнү кайтарыларын билдирди.

Жекшембиде аптанын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский АКШнын мамлекет башчысы Жо Байден менен Авдеевка тууралуу сүйлөшкөнүн, Украинага жардам берүүнү улантуу зарылдыгын белгилегенин айтты:

"Бардык жоокерлерибизге, өлкөнү коргоп жаткандарга, жардам бергендерге алкыш айтам. Бул жумада Украинада гана эмес, сырт жактарда да биздин эр жүрөк баатырларыбызга кайдыгер карабаган адамдар Авдеевка, ар бир аскерибиз, улут тагдыры, мамлекетибиздин тагдыры үчүн санааркап жатты. Кармаш уланууда, эң негизгиси биз орусиялык кыянаттыкты жеңүү, көбүрөк украиналыктардын өмүрүн сактап калуу үчүн колубуздан келген жана келбеген аракетти көрүп жатабыз”.

Президент Зеленский былтыр жыл соңунда Авдеевка үчүн кармаш күчөп турган маалда шаарга барып кеткен, 29-декабрь, 2023-жыл.
Президент Зеленский былтыр жыл соңунда Авдеевка үчүн кармаш күчөп турган маалда шаарга барып кеткен, 29-декабрь, 2023-жыл.

Киев курал-жарактын, ок-дарынын тартыштыгы орус армиясына туруштук берүүгө жолтоо болуп атканын кайталап келатат.

Жо Байден орус аскерлеринин Авдеевканы басып алышын Конгресстин Украинага 60 млрд доллар аскердик жардам бөлүүнү жактырбай жатканы менен байланыштырды.

Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, фронтто украин аскерлери ок-дарыны үнөмдөөгө мажбур болгону “Орусияны акыркы бир нече айда сезилерлик ийгиликке жеткирди”.

Ишембинин кечинде орус Коргоо министрлиги Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өткөнүн кабарлаганын маалымдаган.

ТАСС агенттиги билдиргендей, Путин ал жактагы аскерлерди куттуктаса, Кремлдин басма сөз катчысы шаарды алууну “маанилүү жеңиш” деп сыпаттады.

Орусиялык аскердик блогерлер шаардагы имараттарга орус желеги көтөрүлгөнү тартылган видео, сүрөттөрдү жарыялашты.

Авдеевканы көзөмөлдөө орус армиясы үчүн былтыр май айында Бахмут шаарын алгандан кийинки чоң ийгилик болуп калды.

Ошол эле маалда Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институту Авдеевканы алуу Москва үчүн көбүрөк символикалык мааниге ээ болоорун, саясий жана маалыматтык утуш алып келерин, бирок майдан тилкесинде эч кандай өзгөрүүлөр, тактикалык ийгиликтер күтүлбөсүн өткөн бейшембиде жазган.

"Туткунга түшкөн украин аскерлерин өлтүрүшкөн" деген айыптоо

Украинанын “Таврия” аскерлер тобунун командачысы Александр Тарнавскийдин айтымында, куралдуу күчтөр чегинип жатканда туткунга түшкөн аскерлер болду. Бирок алардын саны аталган жок.

19-февралда Донецк облусунун прокуратурасы Авдеевка шаарында алты жана Веселое айылында эки куралсыз украин согуш туткундун атып өлтүрүлүшү ыктымалдыгын текшере баштады. Бул тууралуу прокуратуранын Фейсбуктагы постунда айтылат:

“Жоокерлер катуу жарадар болгон, өз алдынча баса албагандыктан эвакуацияны күтүп жатышкан... Маалымат каражаттарындагы видеодон Бахмут районундагы Веселое айылынын жанындагы токойдо дага эки украиналык аскерди жакындан атып өлтүрүшкөнүн көрүүгө болот”.

Украина: Авдеевкадагы ири заводду орус күчтөрү ээледи
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Жекшембиде Украинанын жердеги аскер күчтөрүнүн расмий Телеграм-каналында чыккан видеодо кууш окопто отурган аскердик формачан адамдар байкалат. Видеодогу кооментарийден орус аскери деп айтылган киши украиналык жоокерлер делген экөөнө жакындап барып ок чыгарганы айтылат. Бир аздан кийин ал жарадар болгондорду дагы бир жолу атат.

Сөз болгон кадрлардын чын-бышыгын "Эркин Европа/Азаттык" радиосу өз алдынча тастыктай албайт.

"Туткундалгандарды тирүү калтырууну каалабаган оккупант жарадарларды автомат менен атып өлтүрдү", - деп айтылат украин прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Согуш маалында туткунга түшкөн аскерлерди өлтүрүү Женева конвенциясын бузуу болуп саналат жана согуш кылмышы деп сыпатталат.

Украиналык айрым маалымат каражаттары куралдуу күчтөрдүн расмий өкүлү Дмитрий Лыховойго шилтеме менен "Авдеевкадагы туткундарды өлтүрүүнү бышыктаган же төгүндөгөн маалыматтар жок экенин, иликтөө уланып жатканын" жазышты. Муну менен катар ал Орусия "согуш кылмышын" жасаган учурлар буга чейин да болгонун белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткундарга байланышкан маалыматтарды комментарийлеген жок. Москва буга чейин "туткундарды өлтүрдү" деген айыптоолорду четке кагып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG