Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

19-февраль: талаштуу ЖМК долбоору, Ташиевдин жаңы кызматы, Навальныйдын табышмактуу өлүмү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

19-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

ЖК комитети ЖМК долбоорун дагы караган жок

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бийлик сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жолу күн тартибинен алып салды. Буга тиешелүү министрлердин жыйынга келбегени себеп болду. Буга чейин айрым тармактык комитеттер да документти караган эмес. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар долбоор сөз эркиндигин чектей турганын эскертип жатышат. Өкмөт аны четке кагып келет.

Депутаттар Матраимов менен мамилеси жок экенин айтышууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов жана Надира Нарматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айтышты. Депутат Осмонов 2023-жылы 27-августтагы муфтияттын имаратынын ачылышына Матраимовдун жанында отурган. Надира Нарматова буга чейинки маектеринин биринде Матраимовду "мыкты адам" деп сыпаттаган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Райымбек Матраимовго байланышы бар депутаттар мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал көрсөтүлдү.

Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы. Райымбек Матраимов ортодо. Оң тарабында депутаттар Алишер Козуев, Шайлообек Атазов сол жагында Айбек Осмонов, Нурлан Ражабалиев жана Марлен Маматалиев отурат.
Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы. Райымбек Матраимов ортодо. Оң тарабында депутаттар Алишер Козуев, Шайлообек Атазов сол жагында Айбек Осмонов, Нурлан Ражабалиев жана Марлен Маматалиев отурат.

Аскер бөлүктүн кызматкерлери кармалды

Башкы прокуратура Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө иштеген кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин аскер бөлүктүн командири (А.Б.), анын орун басары (Б.К.), прапорщик (К.К. уулу) жана жеке ишкер (Т.Е.) камалганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмачылык”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу” жана “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренелери менен кылмыш иши козголду. Буга чейин УКМК кенже сержанттын мыйзам бузуулар тууралуу маалыматы тастыкталбаганын билдирген.

Ташиев Кыргыз футбол союзун башкарат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун кезексиз конгрессинде Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Шайлоо ачык өтүп, жалгыз талапкерди 28 делегат бир добуштан колдоду. Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат. Футбол уюмунун жетекчилигине Ташиевдин талапкерлигин “Талант” футбол клубу көрсөткөн. Ал УКМКны 2020-жылдан бери жетектейт, 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да кошулган.

Орусия Авдеевкадагы ири ишкананы ээлегенин жарыялады

Украинанын Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы кокс-химия заводунун үстүнө Орусиянын желеги илинген сүрөттөр жарыяланды. Украина аскерлерин Авдеевкадан толук чыгарып кеткенин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский 17-февралга караган түнү билдирген. 19-февралга караган түнү Орусия Украинанын Запорожье аймагына жакын тилкеде чабуулдарын дагы күчөткөнүн, бир нече жолу басып алуу аракети болгонун украин аскерлери билдирди. Бул аймакта орус кучтөрүнүн чабуулу 17-февралда көбөйгөн, миңдеген үй электр жарыгысыз калган.

Салехардда Навальныйдын энесине уулунун сөөгүн көрсөтпөй жатышканы кабарланды

Орусияда түрмөдө түшүнүксүз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын энесин Ямал-Ненец автоном округундагы Салехард шаарынын өлүкканасына киргизбей жатышканын саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш билдирди. Маалыматка караганда, Тергөө комитетинин өкүлдөрү энесине уулунун өлүмү боюнча териштирүүнүн мөөнөтү узартылганын айтышты. 16-февралда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы саясатчы каза болгонун расмий жарыялаган. Анын энеси эки күндөн бери уулунун сөөгүн көрө албай жатканы кабарланды.

Израил барымтадагылар Рамазанга чейин бошотулбаса Рафахта операция баштарын билдирди

Израил эгер ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) радикал тобу барымтадагы жүздөн ашуун туткунду 10-мартта Рамазан айы башталганга чейин бошотпой турган болсо армиясы Газа секторунун Рафах шаарындагы операциясын эл аралык коомчулуктун бул шаарда баш калкалап отурган палестиналык жай тургундардын коопсуздугу боюнча кооптонууларына карабастан баштай берерин билдирди. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечеги бүдөмүк болуп турган шартта Израилдин АКШ баштаган союздаштары жана Бириккен Улуттар Уюму ЦАХАЛды Рафахта масштабдуу операция баштабоого үндөп жатышат. ЦАХАЛ Египет менен чектеш Газа тилкесиндеги бул шаар азыр ХАМАСтын акыркы таянычы болуп турганын жүйө келтирди.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG