Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

14-февраль: Матраимовдун үйүнө мөөр басылды, тажик мигранттары дүрбөлөңгө түштү


Матраимовдордун Оштогу үйүнүн сыртынан көрүнүшү.
Матраимовдордун Оштогу үйүнүн сыртынан көрүнүшү.

14- февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басылды

Ош шаарында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мөөр басып кетти. Учурда атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр кагаз дарбазада чапталып турат. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдирди. Үй Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан. Матраимов өзү же анын жакындары буга комментарий бере элек. УКМК Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын өткөн жумада билдирген.

“Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору кайра ЖК комитетине кайтарылды

Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетине кайра артка кайтарды. Төраганын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди өзгөртүү керектигин айтты. Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан. Жарандык коом жана эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына окшош бул мыйзамды кабыл албоого үндөп жатат.

Боронбаев депутаттык мандатын тапшырды, ордуна Зулпуев келди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин ыйгарым укуктарын токтотту. Мунун алдында Боронбаев мандатын өз эрки менен тапшыруу үчүн БШКга кайрылганы белгилүү болгон. Ал эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз. БШК Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясындагы бошогон депутаттык орун үчүн мандатты тизмеде кезекте турган Саидбек Зулпуевге берди.

Эмилбек Абдыкадыров кызматынан бошотулду

Эмилбек Абдыкадыров президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. 65 жаштагы Абдыкадыров бул кызматка былтыр 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон. Февралдын башында "Азаттыкка" курган маегинде Ысык-Көлдүн жээгинде салына турган “Асман” шаарынын курулушу инвестор келе электигинен кечигип жатканын билдирген.

Израил делегациясы Каирде өтүп жаткан жыйындан чыгып кеткени кабарланды

Египеттин борбору Каирде өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн Тель-Авивдин делегациясы чыгып кеткенин медиа каражаттары кабарлады. Израилдин чалгын кызматынын башчысы Дэвид Барнэа АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс менен жолукканы, сүйлөшүүлөргө Катардын бийлик өкүлдөрү да катышканы маалым болду. Египет ортомчулук кылып жаткан сүйлөшүүлөрдө Газадагы атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, 1,3 миллиондой палестин качкын баш калкалап турган Рафах шаарында толук масштабдуу операциянын башталышына жол бербөө маселелери талкууланып жаткан. Египет негизги маселелер боюнча кеңешүү, сүйлөшүү дагы уланарын билдирди. Израил армиясы Хан-Юнис шаарында ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) курал-жарак катылган жайы табылганын, 10 чакты согушкер жок кылынганын маалымдады. Al Jazeera телеканалы Газада алты киши каза болгонун, арасында балдар да бар экенин жазды.

Брюсселде Украина боюнча жыйын өтүүдө, Селидово шаарында Орусиянын чабуулунан үч киши каза болду

Брюсселдеги Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунунун (UDCG) жыйынына НАТОго мүчө 31 өлкө жана Украинанын башка да 23 союздашы катышууда. Украинанын союздаш өлкөлөрү кирген, «Рамштайн форматы» деп да аталган топтун жыйыны АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин төрагалыгы менен өтмөк, бирок ал ооруканага жатып калгандыктан катыша алган жок. Жыйынган кийин НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтөт. Ал маалда Орусиянын Украинанын Донецк облусунун чыгышындагы Селидово шаарына жасаган соккуларынан кеминде үч киши каза болду, дагы 12 киши жараат алды, ондогон үй жана оорукана талкаланды. Соңку апталарда Орусия Украинанын аймагына ракета жана дрон чабуулдарын күчөттү.

Пакистан: Абактагы Ханды колдогондор башкаруучу коалицияга кирбей калды

Пакистанда өткөн аптадагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, башкаруучу коалиция түзүп жатканы жарыяланды. Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан. Парламенттин төмөнкү палатасы - Улуттук ассамблеяга шайлоо 8-февралда саясий чыңалуу жана зомбулук күчөгөн шартта өткөн. Анын алдында бир нече аймакта жарылуу болуп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган. 71 жаштагы Ханга коррупциядан тарта, мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген.

Самарада тажик диаспора башчысынын кайрылуусу мигранттарды дүрбөлөңгө түшүрдү

Орусиянын Самара облусундагы тажик диаспорасынын жетекчиси Сунатулло Назриев мекендештерин аскердик комиссариатка барып, Украинадагы согушка катышуу тууралуу келишимге кол коюуга чакырганы тажикстандык мигранттардын кооптонуусун жаратууда. Назриев мекендештердин WhatsApp тайпасына 25-февралга чейин жашаган жериндеги аскер комиссариатына барууну эскерткен. Ал эми паспорт ала электерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө орус бийлиги жарандыкты жеңилдетилген шартта берерин, эгер келишимге кол койбосо өзүлөрү да, жакындары да Орусиядан депортацияланарын, рейддер күчөй турганын белгилеген. Назриев кайра бул кайрылуусу орус жарандыгын алгандарга гана жолдонгонун, ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчүн жеткирүүгө аракет кылганын тактаган. Соңку кезде Орусияда мигранттарга каршы рейддер күчөдү. Дүйшөмбү орус жергесинде 700 миңдей жараны миграциялык каттоодо экенин билдирсе, бейрасмий маалымат боюнча алардын саны миллиондон ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG