Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

"Жин чыгарам" деп киши өлтүргөн бакшылар


Фергана өрөөнүндөгү жин чыгаруу ырымы. Иллюстративдик сүрөт.
Фергана өрөөнүндөгү жин чыгаруу ырымы. Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстанда бүбү-бакшылар "жин чыгаруу" деген ырымында дуба окуу менен бирге адамды уруп сабашат. Коңшу өлкөдө соңку кездери "жин кубалаган" табыптар социалдык тармактарда ишин жүргүзүп, аларга болгон суроо-талап өстү. Былтыр өлкөдө "жин чыгаруу" өлүм менен аяктаган учур катталган.

Аккурганда эки адам 42 жаштагы аялды «жин чыгарып жатып» өлтүрүп алышкан.
Аккурганда эки адам 42 жаштагы аялды «жин чыгарып жатып» өлтүрүп алышкан.

Өлүм менен аяктаган "жин чыгаруу"

Былтыр Өзбекстандын Ташкент облусунда мындай дарылоо кейиштүү аяктаган. Аккурган районунда эки адам 42 жаштагы аялды «жин чыгаруу» учурунда өлтүрүп алышкан.

Аккурган райондук соту эки адамды Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси («Алдамчылык») жана 102-беренеси («Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү») боюнча кылмыш жасаган деп тапты. Сот алардын бирин үч жылга, экинчисин эки жыл алты айга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, соттолгон эки адам "жин чыгаруу" ырымын бир жарым саат жасашкан. Алар аялды көкүрөккө, ичке, колу-бутуна балка, темир казык, чынжыр менен урушкан. Натыйжада аял алган жаракатынан улам каза болгон.

"Жин чыгаруу" учурунда бөлмөдө маркумдун күйөөсү жана башка жакындары болгон. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кабыргалары сынып, ички органдары жарылган аял кан кетүүдөн каза болгон.

Өзбекстанда "жин чыгаруу" өлүм менен аяктаган учурлар буга чейин да катталган. "Куран менен айыктыруу" деген бул ырым мусулманчылыкта колдонулуп келет. Өзбекстанда "жин чыгаруу" ырымы кеңири жайылган.

"Жинди кээде уруп чыгарыш керек"

"Жин чыгаруу" учурунда молдо дуба окуп, кишини ийинге же башка урат. Фергананын Кокон шаарынын тургуну Гайратжон-Кори - өрөөндөгү атактуу молдолордун бири. Ал "Азаттыктын" өзбек кызматы менен болгон маегинде буларды айтып берген:

"Эгерге адамга жин кирип кетсе, аны кууп чыгуу көп күчтү талап кылат. Курандан сүрөлөрдү же хадистерди окуганга аракет кылабыз. Бирок кээ бир жиндер өжөр, ошондуктан аларды чыгаруу оңой эмес. Биз жин кирген адамдын ийнинен таптап коебуз".

Социалдык тармактарда тараган видеолордун биринде "жин чыгаруу" учурунда молдо адамдын үстүнө шейшеп жаап, от менен аластайт.

Молдолордун бири өзбек кызматы менен болгон маегинде бул ыкманы "жин оттон коркуп, адамдын денесинен тезирээк чыгат" деп түшүндүргөн.

Учурда социалдык тармактардын өзбек сегментинде медициналык билими жок, жин чыгаруу менен алектенип, өзүн «дарыгер» деп тааныштырган бүбү-бакшылар көп болууда.

Фейсбук, "Одноклассники" жана Ютубда "жин чыгаруу" менен алектенген жүздөн ашуун молдолордун баракчалары бар. Анда жайгаштырылган видеолордун чын-төгүнүн текшерүү мүмкүн эмес.

"Жин чыгаруу" ырымы.
"Жин чыгаруу" ырымы.

Бир жолку жин чагырууга болжол менен 200 долларга чейин төлөнөт. Эмчи-домчулар ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында онкология, диабет, вирустук гепатит жана аялдардын тукумсуздугу сыяктуу ооруларды “тез жана натыйжалуу дарылоону” убада кылышат.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Фейсбуктагы баракчасында "шайтан, жин чыгаруу" менен алектенип жүргөнүн билдирген адам менен байланышкан.

"Бардык оорулардын себептери – адамга кирген жиндер. Биз аларды атайын дубаларды окуу менен кууп чыгабыз", - дейт атын атабоону суранган молдо.

Буга чейин жардам берүүнү убада кылган андай “дарыгерлер”, тескерисинче, бейтапка зыян келтирген учурлар да катталган.

Үч жыл мурун социалдык тармактарда өзүн “дүйнөдөгү эң күчтүү Рашид-табып” деп тааныштырып, миңдеген бейтаптарды жалаң сөөктүн күкүмү жана тооктун тал канаттары менен дарылоого аракет кылган Каракалпакстандын тургуну Рашид Картбаев сынга кабылган.

Атайын телеграм-канал аркылуу Картбаевден чоң акчага күкүм сатып алган бейтаптар алардын ден-соолугуна зыян келгенин айтып чыгышкан.

Каракалпакстандын Тахиаташ районунун тургуну лейкоз менен ооруган 12 жаштагы кызы химиотерапия курсун токтотуп, Рашид-табыпка кайрылгандан кийин каза болгонун билдирген.

2019-жылы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Анжиян облусунун Шахрихан районунун тургуну, эл арасында “Хасан домла” деп таанылган Хасан Исмаиловдун мыйзамсыз иштерин токтоткон. Дарыгер тиешелүү лицензиясы жок эле элдик медицина менен алектенип келген. Шахрихан райондук административдик соту Исмаиловду 1 миллион сум (ошол кездеги курс боюнча 110 доллардан ашык) айыпка жыккан.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Хасан Исмаиловго күнүнө 300-400 адам көрүнгөнү келип турчу. Исмаилов медициналык диагнозго карабай, бардык бейтаптарга кара нокот, суу, бал жана мисте бар бирдей дарылануу курсун жазып берип келген.

Натыйжада укук коргоо органдары жана Шахрихан районунун салык кызматы табыптын мыйзамсыз иштерине тыюу салган.

"Алдамчылардан сак болгула!"

Адистердин айтымында, Өзбекстанда сапаттуу медициналык кызматтын жоктугу адамдарды альтернативдүү, кээде күмөндүү ыкмалар менен дарыланууга түртөт. Натыйжада бейтаптар алдамчылардын жана башка кылмыштардын курмандыгы болуп калышат.

"Өзбекстанда сапаттуу медициналык кызматтын жетишсиздиги элди шыпаа издеп, ар кандай табыптарга жана бүбү-бакшыларга кайрылууга мажбур кылууда. Мындай көрүнүш мурда да болуп келген. Бирок азыр кенири жайылып кетти. Келин төрөбөй калса, кайын журту гинекологго эмес, табыпка же молдого алып барышат. Эгерде адам психикалык жактан оорулуу болсо, туугандары «жин кирип кеткен» деп молдого алып жөнөшөт. Чынында бул Өзбекстандын саламаттык сактоо системасынын кейиштүү абалынан кабар берет», - деди ферганалык активист Абдусалом Эргашев.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев элдик медицинаны көзөмөлгө алууну буйруган. Президенттин 2018-жыл, 12-октябрдагы “Өзбекстан Республикасында элдик медицина чөйрөсүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, элдик медицина менен алектенүү үчүн жарандар атайын уруксат кагазын (лицензия) алышы керек.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өз өмүрүн тобокелге салбай, «динди өз кызыкчылыгына пайдаланган» шылуундардан сак болууну эскертип келет.

Буга чейин Өзбекстанда табыптарга жардам сурап кайрылган аялдар сексуалдык асылууга, ыдыкка кабылган учурлар катталган.

Мындан беш жыл мурун социалдык тармактарда аялга дем салып жаткан молдо жылаңач отурган видео тараган.

Ал молдо Анжиян облусунда төрөбөс аялдарды айыктырган “дарыгер” катары белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG