Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Ысык-Көл тамырына ууланган бейтаптар


Базарда сатылган уу коргошундун тамыры.
Базарда сатылган уу коргошундун тамыры.

Элдик медицинада уу коргошунду айрым ооруларды дарылоодо колдонгон учурлар бар. Бирок мындай окуялар адам өлүмү менен аяктап, майыптыкка алып келген учурлар да аз эмес.

16-апрелде саламаттык сактоо жана өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоонун жаңы ыкмасын жарыялаган. Анын айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун сунушу менен эми бейтаптарга уу коргошундун тундурмасын ичире башташты.

Бейтаптарга клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде тастыкталбаган тамырдын тундурмасын берүүнү коомчулук түрдүү кабыл алды.

“Азаттыктын” кабарчысы элдик табыптарга дартына даба издеп баргандар, табыптын сунушу менен уу коргошунду же башкача айтканда Ысык-Көл тамырынан колго жасалган дарыларды ичкен адамдар менен баарлашты.

“Ары барып, бери келдим...”

30 жаштагы Мээрим бир топ жылдан бери колу-буту ооруп, ревматоиддик артрит менен күрөшүп келген. 2018-жылга чейин кайрылбаган дарыгери, ичпеген дарысы калбаган келин акырында элдик табыптарга кайрылганын айтып берди.

“Бул оору суук тийгенден болот экен. Тамырларым тырышып калат, колу-бутум жакшы кыймылдабай, сөөктөрүм какшап турбай калам. Мен жашмын да, ооруну кабыл ала албай бир топко жүрдүм, - деди Мээрим. - Ичкен дарыларым, алган ийнелерим жардам деле берген жок. Уу коргошун миңдин бири дегенинен үйдөгүлөр элдик табыпка алып барышты. Ал уу коргошундун тундурмасын жасап берип, 10 күн ичесиң деген эле. Алты күн ичип, жетинчи жолу ичкенден кийин жарым саат өтпөй колдорум тырышып, башым кысылды”.

Бул убакта Мээримдин жанында жакындары болгон.

“10 мүнөттүн ичинде ооруканага алып барышты. Тилим байланып, денем муздап, буттарым, колдорум тырышып калды. Көзүм илинип эле баратат, бирок ооруканага жеткиче бетке чапкылап, уктатпай алып барышты. Ошол кездеги 10 мүнөт мен үчүн 10 сааттай сезилди. Реанимациядан ашказанымды жууду, кара көк тарткан суу чыкты деп айтышты, ал эсимде жок. Үч саат тынбай асма ийне койгон экен. Ошентип отуруп беш күндөн ашык жандандыруу бөлүмүндө жатып, ошондон кийин гана башымды көтөрдүм”.

Табып Мээримге уу коргошундун тундурмасын бир нече тамчы менен гана ичүүгө уруксат берген. Дарыгерлер Мээрим уу коргошунга ууланганын айтышкан.

“Өзүмдү жакшы сезе баштаганда дарыгерлер мага окшоп уу коргошун менен дарыланып, уулангандар көп болоорун айтышты. Арадан үч жыл өттү, уу коргошунга жакындамак турсун, анын атын да уккум келбейт. Бул өз жаныңды кыюу менен барабар экен. Мага дары жасап берген табыптын үстүнөн арызданган жокмун, себеби ал дарыны өз ыктыярым менен алып ичкем, өзүм кайрылгам. Болгону элдик медицина көзөмөлдөнүшү керек, уу коргошун ар бир эле табыптын колунда боло берсе, дагы канча адам өмүр менен кош айтышат?”.

Элиза – төрт жылдан бери эки баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан эне. Элизанын күйөөсү да табып жасап берген уу коргошундун тундурмасын ичип, ооруканага жетпей каза болгон экен.

“Бронхити бар эле. Кыш болчу, ошол күнү кайнагамдын үйүндөгү малды үйгө айдап келем деп кеткен. Кечинде эле жөтөлү башталып, бронхити кармады. Дары ич десем болбойт, эртеси айылдын четинде киши көрүп жүргөн айылдашыбызга барып, уу коргошун көтөрүп келиптир. Жатаарда ичип, ошо бойдон турбай калды. Азыр телевизордон “уу коргошун дары болот” деп айтып жатышса жүрөгүм титиреп, коркуп отурам”.

Өзүн элдик табып катары тааныштырган Көөчү айылынын тургуну Качкын Муканбетов 16 жылдан бери уу коргошун менен ооруларды дарылап келатканын айтты. Ал ошол эле кезде уу коргошун менен дарылоонун кесепеттери үчүн жоопкерчиликти албай турганын кошумчалады.

“Бул уу коргошунду илгертеден бери ата-бабабыз колдонуп келген да. Мурун оорулууларды үйгө алып келип дарылачумун, азыр үйлөрүнө барам. Рактын болгон түрүн айыктырса болот. Дозасын билиш керек, антпесе адам өлүп калышы мүмкүн. Ажалы жетсе, уу коргошун менен дарыланып жаткан адамды сактап кала албайсың”.

Президент жана саламаттык сактоо министри бул уу коргошундун тундурмасын ичүүнү сунуштап, коронавирус илдетине чалдыккандарды аны менен дарылоону өткөн аптада баштаган. Бирок бардык эле дарыгерлер вирусту дарылоонун мындай ыкмасын колдобойт. Кайчы пикир жараткан бул ыкманы терапевт Эрмек Исмаилов мындайча баалады:

“Уу коргошун коронавируска каршы жардам бере албаганынын себеби бул – уу, анын курамында “Аконит” деген уулуу зат бар жана ал өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ал эми коронавирус бул вирустан келип чыккан илдет, аны дарылоо ыкмасы азыркы учурда медицинада тастыкталган дарылар менен гана болушу керек. Уу коргошун клиникалык изилдөөлөрдөн өткөн эмес, ал коронавирус менен күрөшүүдө эч жардам бербейт. Уу коргошундун дарылык касиетин аныкташ үчүн эксперименттер жүргүзүлүп, бери дегенде 10 миң адам изилдөөдөн өткөндөн кийин гана сунуштаса болот".

2007-жылдан бери уу коргошундун тундурмасын дары катары ичип, 14 адам ууланып, 4 адам каза болгонун “Акипресс” маалымат агенттиги жазып чыкты. Ал эми коомчуулукка айтылбай, көмүскөдө калган мындай окуялар жогоруда айтылган сандардан эки-үч эсе көп болушу мүмкүн экенин айрым дарыгерлер айтып келишет. Азырынча аймактардагы ооруканаларда уу коргошундун тундурмасы менен COVID-19га чалдыккандарды дарылоо баштала элек.

Ал арада “Фейсбук” президент Садыр Жапаровдун уу коргошунга байланыштуу постун өчүрдү. Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери "Фейсбук" социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.

“Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз”, - деп билдирди “Фейсбук” компаниясынын басма сөз катчысы.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан “бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары” таап алышканын жазган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө “Уу коргошун” деп жазылган эле.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жолдоду. Мындай чечим аталган комитеттин 19-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбесин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG