Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

12-февраль: Токтогулда суу азайды, Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды


Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык "Азаттыктын" кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызына ыйгарылды, 12-февраль, 2024-жыл.
Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык "Азаттыктын" кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызына ыйгарылды, 12-февраль, 2024-жыл.

12- февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Жапаровдун АКШнын мамкатчысы Блинкенге жообу жарыяланды

Садыр Жапаровдун Вашингтонго жолдогон катынын текстин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Бишкек Вашингтон менен эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешип иштөөгө даяр экени айтылат. Ошол эле учурда Жапаров Блинкендин катынын мазмунунда "мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм” деп билдирген. Жапаров “Чет өлкөлүк өкүл” деп аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыкканына токтолуп, анын максаты “өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналарын” белгилеген. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Садыр Жапаровго жолдогон катында эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыгынын бирине коркунуч келтирерин жазган.

2024: Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү

"Азаттыктын” журналисти Элеонора Бейшенбек кызы менен Бекстултан Абибакир уулу даярдаган “Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды” деген иликтөөсү үчүнчү орунду алды. Экинчи орунду “Медиа Хаб” медиасынын журналисттери даярдаган “Элди тоногон каржы пирамидалар” деген берүүсү алды. Ал эми биринчи орунга “Некст ТВ” телеканалы жана “Арча медиа” онлайн басылмасы даярдаган “Жапа чеккен аймак, жалдыраган “Үмүт” аттуу көрсөтүүсү ээ болду. Мындан тышкары “ПолитКлиника” басылмасы “Кыргыз иденттүүлүгүнө каршы: социалдык медиага оогон орус пропагандасы” макаласы жана “Т-Медиа” телеканалы “Оштун паркын омургандар” деген берүүсү менен атайын сыйлыктарды алды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар Бишкекте "Чындык" форумунда тапшырылды. Уланбек Эгизбаев атындаги иликтөөчү журналисттерге берилчү сыйлык жыл сайын маркум журналисттин туулган күнү - 12-февралда ыйгарылат.

Улгайган ата-энесин карабаган жарандарды мурастан ажыратууну сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев улгайган ата-энесине камкордук көрбөгөн жарандарды мурастан ажыратууну караган мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоор “Жарандык кодекске” өзгөртүү киргизүүнү көздөйт. Анда жашы өтүп калган маалда ата-энесин бакпай, аларды карылар үйүнө берип койгондор жана мурас калтырган кишинин же мурас алуучу кишинин өмүрүн кыйгандар мураска ээ болбой тургандай талап киргизилет. Мыйзам долбоорунда мурасты ата-энесин беш жылдан кем эмес карагандар, анын жубайы, же балдары алары белгиленген.

Токтогул суу сактагычында 8,7 млрд метр куб суу калды

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,792 млрд метр кубду түздү. Бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 1,3 млрд метр кубга аз. "Электр станциялары" ишканасы маалымдагандай, 12-февралда суу сактагычка секундуна 144 метр куб суу агып кирсе, кайра секундуна 468 метр куб суу агып чыгууда. Токтогул суу сактагычынын чөйчөгүнө 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суунун тиешелүү өлчөмдөн аз топтолушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет.

Израил армиясы Рафах шаарына дагы бир сокку урду

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) дүйшөмбүгө караган түнү Газанын Рафах шаарында согушкер топтун колунда барымтада турган эки киши бошотулганын билдирди. Маалыматка караганда, 60 жаштагы Фернандо Симон Марман менен 70 жаштагы Луис Хардын ден соолугу жакшы. ЦАХАЛ ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Рафахтагы буталарына сокку урулганын жарыялады. Бирок чабуулдардын чоо-жайы айтылган жок. Эл аралык медиа агенттиктер жазгандай, ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир сокку качкындар лагерине урулганын кабарлады. Ар кандай маалыматтарга ылайык, 37-52 киши каза таап, ондогон адам жарадар болду.

Украинага "Шахеддер" менен жапырт сокку урулду

Украин Куралдуу күчтөрү кабарлагандай, акыркы суткада орус аскерлери 4 ракеталык жана 110 авиациялык сокку урду. Андан тышкары украин армиясынын позицияларын жана 130дан ашуун калктуу конушту аткылашты. Маалыматка караганда, орус тарап дүйшөмбүгө караган түнү 17 “Шахед” дронун учурган, анын 14ү атып түшүрүлдү. Днепропетровск облусунда 40 миндей абонент электр энергиясыз, суусуз калды. Дрон чабуулдарына Хмельницкий, Винница, Кировоград, Николаев, Запорожье облустары да кабылды. Донецк облусундагы бир шаарга С-300 ракеталары менен сокку урулганда 63 жаштагы аял жана анын өспүрүм неберелери жарадар болгонун Киев билдирди. Жабыркагандардын бардыгы ооруканага жеткирилди.

HRW: чет элдик жардамдын азайганы Ооганстандын саламаттык сактоо системасына залакасын тийгизди

Хьюман Райтс Уотч уюмунун (HRW) жаңы баяндамасында Ооганстанга берилген чет элдик жардамдын кескин азайганы саламаттык сактоо системасына катуу залакасын тийгизгенин, “чала тамактангандар, медициналык жардамдын жетишсиздигинен келип чыккан оорулар” көбөйгөнү белгинелет. Андан тышкары талибердин кыз-келиндердин укуктарын чектегени миллиондогон кишинин медициналык жардам алуу укугуна коркунуч жаратты. HRW бир жыл бою Ооганстандагы 16 провинцияда жергиликтүү жана гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин, медициналык жардамга муктаж карапайым кишилерди сурамжылаган.

Казакстанда ак куулар эмнеден кырылган?

Каракөл көлүндө ак куулар эмнеден жапырт кырылганын текшерүүнүн жыйынтыгын менен Rixos Water World Aktau мейманкана комплексине айып пул салынды. Мейманкана айлана-чөйрөнү, суу объектилерин коргоо талаптарын бузганын, саркынды суу тазалоочу жайлары иштебегинин Orda.kz Экология министрлигине шилтеме берип жазды. Буга чейин Rixos Water World Aktau куштар “канаттуулардын тумоосунан улам" кырылганын билдирген. Көлдөгү ак куулардын жапырт өлүмү алгач былтыр декабрда айтыла баштаган. Акыркы маалыматка караганда, Каракөлдө 1 миң 100дөн ашуун ак куу өлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки административдик иш козголду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG