Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

18 жаштагы кыздын өлүмү: Үч дарыгер үй камагына чыкты


Былтыр сентябрда ооруканада көз жумган Үмүт Турдукееванын өлүмүнө байланыштуу 7-февралда Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук ооруканасынын үч дарыгери кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылды.

Дарыгерлерди кармоого соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынын чыкканы себеп болгон.

"Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жабырлануучу тамак аштан уулануунун натыйжасында каза болгондугун көрсөткөн. Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Комплекстүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан дарыгер-педиатр Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ак-Суу райондук сотунун чечими менен аларга карата тергөө мезгилинде үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды" деп айтылат милициянын маалыматында.

Кыздын өлүмүнө байланыштуу дарыгерлер Кылмыш кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен козголгон кылмыш иш боюнча айыпталууда.

Үмүт Турдукеева
Үмүт Турдукеева

Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Канчоро Алымбеков “Азаттыкка” окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

"Биздин оорукананын үч дарыгерин эки күн мурун кармап кетишкен. Андан соң үй камагына чыгышты. Мен азыр дарыгерлерди күнөөлүү деп айта албайм. Тергөө жүрүп жатат. Улуусу 69 жашта, ал бизде педиатр болуп иштейт. Андан кийинкиси 54 жаштагы реаниматолог. Үчүнчүсү 27 жаштагы ординатор кыз. Булар канча жылдан бери медицинага өмүрүн арнап келе жаткан кызматкерлер. Азыркы убакта дарыгерлер кадимкидей ишин улантып жатышат", - деди ал.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматы боюнча, Ысык-Көлдүн Теплоключенко айылынын тургуну арыз менен кайрылып, Ак-Суу районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнгөн.

Арызда 2023-жылдын 25-июлунда кызы Үмүт Турдукееванын ичи ооруп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылганы, алар дары жазып беришкени жазылган. Кыздын ден соолугу начарлап, эртеси Ак-Суу дарыгерлер практикалык борборуна келгенде аны реаниматолог карап, кайра дары жазып үйүнө жөнөткөн. Эртеси кайра аталган ооруканага келгенде жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери кызды бейтапканага жаткырган.

Кыз ал жактан да эс-учун жоготуп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жөнөтүлгөн.

31-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталга которулуп, 5-сентябрда каза болуп калган. Тергөөнүн жыйынтыгында ал ачуу салатка ууланганы аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза да өлүмгө тамактан уулануу себеп болгонун тастыктаган.

Үмүт Турдукееванын атасы Абай Исмаилов дарыгерлердин шалаакылыгынан улам кызын жоготуп алганын айтып жатат:

“2023-жылдын 24-июлунда иним үйлөнүп, кызым болуп тойго барганбыз. Эл катары салат, тамак жегенбиз. Үйгө келгенде эле кызымдын ичи ооруп куса баштады. Эртеси эртең менен аталган ооруканага барсак, дарыгер бизди ашказанын тартып келгиле деп гастроскопияга жөнөттү. Каракол шаарынан тарттырсак, таза чыкты. Биз башында тамакка ууланды деп ойлогон жокпуз, суук же жел өтүп калды деп ойлогонбуз. Ал күнү дагы ичи ооруп, басылбагандан кийин эртеси кайра ооруканага бардык. Анда бизди реаниматолог тосуп алып, кызымдын оозун ачып, карап көрүп үйгө барып, "ичине койдун майын шыбап, ысык чай бергиле, суук өтүп калган" деди. Биз "ууланып калган жокпу" деп сурадык. Дарыгер санэпидем көзөмөл борборуна барыш керек, ызы-чуусу көп деп бизге гентамицин жазып берди. Көрсө ал дары медициналык протоколдо жок экен, ал дары эчак алынып, бейтаптарга берилбей калыптыр. Аны биз билген жокпуз да. Ал дарыны биз бир күндө үч маалдан сайып жаттык. Кызымдын абалында өзгөрүү болгон жок. Анан кайра ооруканага алып келдик. Кабыл алуу бөлүмүнө барсак, кызымдын сокур ичегиси деп хирург чакырып, ал бизди рентгенге жөнөттү. Ал жактан дагы жакшы чыкты, хирург кайра көрүп баары жакшы деди. Анан кайра биз анализ тапшырдык. Ошондо дарыгерлерге ооруканага жаткырып көзөмөлгө алып бергилечи деп жалдырадым. Анда да макул болбой тааныш дарыгер аркылуу ошол эле оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырдык. Кызым ал жакта бир жолу эсин жоготту. Ошол жактан кызымдын абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө жатып калды".

Ак-Суу ооруканасы
Ак-Суу ооруканасы

Кыздын атасынын айтымында, ооруканада жыйынтык болбогондон кийин Бишкекке алып келген.

“Караколдогу ооруканада деле жандандыруу бөлүмүндө жатты. Ал жактан экинчи күнү комага түштү, бөйрөгү эки жолу иштебей калгандыктан, гемодиализ алып баштадык. Анан өзүмдүн чечимим менен Бишкекке "Тез жардам" менен алып кеттим. Бишкекте 36 күн Улуттук госпиталда жатты, анан кызым каза болду. Бишкектеги дарыгер кызымдын кагаздарын көрүп, "туура эмес жазылган, бул жакта жазылгандар боюнча кызыңыздын абалы мындай болбошу керек болчу. Азыр абалы оор. Эгер жок дегенде үч күн мурун алып келгениңерде биз бул абалдан чыгарып калмакпыз" деди. Бишкекте үч жолу жоон ичегисинен операция болду. Кызымдын мурда ден сооолугу абдан жакшы болчу. Ал окууну бүтүп Караколдогу медициналык окуу жайга өтүп кеткен. Окуусу башталганда ал каза болуп калды. Ал медкызматкер болмок”.

Абай Исмаилов дарыгерлердин үй камагына чыгарылганына нааразы. Ал соттун бул чечимине каршы кийинки баскычтагы сотко кайрылууга даярданып жатышканын билдирди.

Үй камагына чыккан 54 жаштагы реаниматологдун жактоочусу Оторбай Жаркымбаев аларды камакка алуунун кажети жок деп эсептейт.

"Анын беш баласы бар экен, үчөө жаш, өспүрүм. Жолдошу жок, үйдө жалгыз акча тапкан адам. Анын жумушу боюнча эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Камакка алгандын кажети барбы? Ал эч жакка качып кетпейт. Ал Ак-Сууда жашайт, үч жылдан бери иштейт. Азыр эми калганын тергөө аныктасын", - деди ал.

27 жаштагы дарыгер кыздын жактоочусу да ал өзүн күнөөсүз деп эсептей турганын, дарыгер учурда ишин улантып жатканын билдирди.

Кыргызстанда дарыгерлердин шалаакылыгынан ооруканада адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталып, кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG