Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

"Баламдын абалы оор". Төрөт үйүндөгү окуя каргашабы же кайдыгерликпи?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө акыреги сынып, төрт күндөн бери реанимацияда жаткан ымыркайдын атасы жана жакындары бийликтен жардам сурады.

"Жубайым менен баламдын абалы оор"

Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылынын 28 жаштагы тургуну Аман Кыдыралиев менен жубайы Айкерим Алмазбекова тун уулун күтүп жаткан.

Айы-күнүнө жетип калган келин 10-августта Караколдогу төрөт үйүнүн патология бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер пландык кесарево жолу менен төрөө керектигин айтышып, протокол толтурушкан.

"13-август күнү таңкы саат төрттө келинчегимдин толгоосу башталган. Медайымга суусу кетип жатканын айтып, дарыгер чакыруусун өтүнгөн. Бирок ал эч кимди чакырган эмес. Беш сааттык толгоодон кийин ал өзү төрөй турган болгон. Бала төрөлгөндөн кийин анын акыреги сынып, башына кан уюп калган. Башы чыккан баланын акыреги кантип сынып төрөлөт? Балким түшүрүп алышкан. Жубайымды ошол түнү нөөмөттө иштегендер караган эмес. Катуу кыйналгандыктан анын да абалы оор. Мага улам бир дарыгер келип "балаң жакшы болуп кетет" деп жубатып жатат. Бүгүн Бишкектен үч догдур келип мага жолукту. Алар ишти териштирип жатканын айтышты", - деди Кыдыралиев.

Кыдыралиевдин айтымында жубайы кош бойлуу кезинде ар кандай маселе жаралган эмес. Ымыркай 4 килограмм 2 грамм салмак менен төрөлгөн.

Наристенин атасы Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтууда.

"Балам төрөлгөндөн бери көзүн ача элек. Кислороддо жатат. Башында эле өздөрү мага " балаңдын абалы оор, ары кетеби же бери келеби айта албайбыз" дешкен. Азыр болсо кан уюп калыптыр, бардык эле баланын акыреги сынат деп айтышууда", - деди Аман.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта Ысык-Көл облустук төрөт үйүндөгү окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жыйынтыкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматында, төрөткананын жетекчилигине жетекчинин орун басарын тартип жазасына тартуу жана акушер-гинекологдун, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн башчысынын, окуяга тиешеси бар медицина кызматкерлеринин ээлеген жумуш орду боюнча маселени карап чыгуу сунушу берилди.

Кызматтык иликтөө министрдин орун басарынын жетекчилиги менен жүргүзүлгөн.

"Ымыркай акыреги сынган абалда төрөлгөн"

Кызматтык иликтөө аяктаганча Саламаттык сактоо министрлиги аталган төрөтканадан видео жарыялаган. Анда Караколдогу төрөткананын жетекчисинин төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева сүйлөп, ким ката кетирсе, жооп бериши керектигин айткан.

"Келин 10-августта келип түшкөн. 14-августта пландуу операция болмок. Бирок толгоосу 13ү түнү башталып, нөөмөттөгү акушерлер келиндин төрөт жолу ачылып, баланын башы ылдыйлап калгандыктан өзү төрөсүн деген жыйынтыкка келишкен. Баланын салмагы чоңураак болуп, төрөт оор өткөн. Ымыркай акырек сөөгү сынган абалда төрөлгөн. Андан кийин балдар дарыгери наристенин ден соолугун текшерип, реанимацияга жаткырылган. Азыр эне менен бала экөө тең көзөмөлдө, колдон келген аракетти кылып жатабыз. Саламаттык сактоо министрлиги текшерип жатат. Дагы чоң комиссиялар келерин айтышты. Биз эми кудай эмеспиз, колубуздан келгенин кылып жатабыз. Эгер ошол түндө нөөмөттө турган медайымдардан ката кетсе, жооп берүүгө милдеттүү", -деди Алдашева.

Анын айтымында ошол түнү сегиз төрөт кабыл алынып, оор операциялар дагы жасалган. Жети-Өгүздүн Светлая Поляна айылындагы ФАПта иштеген Айжан Турсунова жабырлануучу келинди тогуз ай бою көзөмөлгө алганын, балага коркунуч алып келе турган жагдайлар болбогонун айтууда.

"Айгерим тогуз жумалык кош бойлуулук менен бизге каттоого турган. Тогуз айга чейин менин көзөмөлүмдө болду. Кош бойлуу мезгилинде кандайдыр бир маселе жаралган эмес. Ден соолугу жакшы болчу", - деди ал.

"Баламды чыркыратып карабай коюшту"

"Азаттык" ушундай эле окуяны башынан өткөргөн Каракол шаарынын дагы бир тургуну менен байланышты.

Өзүн Индира Орозакунова деп тааныштырган келин ушул жылдын март айында көз жарган. Ал дарыгерлер төрөт маалында баласынын акырегин чыгарып алганын айтууда.

"Үчүнчү баламды Караколдогу төрөт үйүндө көз жардым. Төрөтүм дем алыш күнгө туш келиптир. Ооруканада нөөмөттөгү гана акушерлер бар экен. Барганда эле кагып-силкип, орой мамиле кылышты. Кан кеткенге чейин бирөө келип абалымды сураган жок. Чыдабай калганда төрөт бөлүмүнө алып барышты. Балам төрөлүп палатага которулдук. Чыркырап ыйлап, түнү менен уктаган жокпуз. Эртеси ал жакта иштеген тааныш эжеге жолугуп калып, баламды көрсөтсөм "акырегин чыгарып салышкан турбайбы" деп дароо рентгенге жөнөттү. Болбосо мени үйгө чыгарганы жаткан.
Анан дарыгерлерге барып айтсак, "билгениңерди кылгыла" деди. Менин дарылоо баянымдагы көчүрмөмө "бала төрөлүп жатканда энеси кысып жиберип, акыреги сынып кеткен деп жазып коюшуптур. Бизге акыреги чыгып кеткенин билгенбиз деп айтышты. Андай болсо эмне баламды чыркыратып карабай коюшту?", - деди Индира.

Келиндин айтымында, апасы арыз менен бир канча жерге кайрылган. Бирок майнап чыккан эмес. Учурда баласынын абалы жакшы.

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча арыз түшүп, ал маалыматтар журналына каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын айтты.

"Мындай окуяларга акыры чекит койбосо..."

Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева төрөтканада болгон окуяны сентябрь айындагы жыйында көтөрүп чыгарын билдирди.

"Азыр колумда эч нерсе жок. Ошого сиздин сурооңузга толук кандуу жооп бере албайм. Бирок бул маселени жыйында көтөрүп чыгам. Мындай окуяларга чекит койбосо жетекчилерди алмаштыруу деле жардам бербей жатат", - деди ал.

Ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталган. Мындан улам алты кызматкер иштен кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG