Жалал-Абад: Абактагы ишкер "саясий куугунтукка" кабылганын айтты
6-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда 10 айдан бери абакта жаткан ишкер Бакыт Борошовдун ишин караган сот күбөлөр толук келбегендиктен 15-февралга калды. Ишкер сот залында туруп, ага козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук” деп айтты. Былтыр 25-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүм билемдик” беренеси менен иш козголуп кармалган. Ал кармалардан мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге социалдык тармактардан видеокайрылуу жолдоп, ишкерлерге кысым болуп жатканын айткан жана “башаламандыкты токтотууга” чакырган.
Facebook шеринеси