Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

Азия Кубогу-2023: күчтүү командалар кайсылар?


Qatar - AFC Asian Cup-2023
Qatar - AFC Asian Cup-2023

Былтыр дүйнө чемпионаты өткөн Катарда бүгүн, 12-январда футбол боюнча Азия чемпионаты башталууда. Катар менен Ливан курамалары Азия Кубогунун алгачкы беттешин өткөрөт. Оюн Лусаил стадионунда, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Азия Кубогу үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдештин жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. 16-январда Таиланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде болсо Оман менен беттешет.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Өзбекстандык "Чемпионат азия" сайтынын спорт журналисти, учурда Катарда жүргөн Талибжон Косимов Катар мелдешке мыкты даярданганын, айрыкча футболчулардын коопсуздугуна өтө мыкты көңүл бурганын айтты:

"Катар Азия Кубогун өтө мыкты деңгээлде өткөрөт деп ишеничтүү айта алам. Анткени бир жыл мурун алар дүйнө чемпионатын өткөрүшкөн. Алар дүйнө чемпионатынан мыкты тажрыйба топтошту. Дал ошол мундиалдагы колдонулган методдорду, стадион жана инфраструктуларды Азия Кубогунда колдонуп жатат. Эң башкысы, Катар футболчулардын коопсуздугун өтө жогору деңгээлде камсыздаптыр".

Талибжон Косимов мелдешке катышып жаткан командаларга да токтолуп, Жапония курамасын чемпион боло турганын белгиледи.

"Азаттык" Азия Кубогундагы алдыңкы командалардын бир нечесин иликтеп көрдү.

“Көк самурайлар” кубокко башкы талапкер

Спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын фаворити катары Жапонияны, Түштүк Корея жана Австралияны айтып жатышат. Жапония эл аралык мелдештерде туруктуу жакшы оюндарды көрсөтүп келет. Ал ФИФАнын соңку рейтинги боюнча 17-орунда турат. Азия боюнча 1-орундагы команда.

2019-жылы өткөн Азия Кубогунда Жапония финалга чейин барып, Катарга утулуп калганын билебиз. Бул ирет дагы чемпиондукка башкы талапкер катары келди. Машыктыруучу Хадзимэ Мориясунун командасына европалык топ-клубдарда ойноп жүргөн Даичи Камада, Фурухаси Кёго, Ао Танака өңдүү тажрыйбалуу бир катар оюнчулар курамга кирбей калды.

Жапония курама командасынын Доха шаарындагы машыгуусу. 4-январь, 2024-жыл.
Жапония курама командасынын Доха шаарындагы машыгуусу. 4-январь, 2024-жыл.

Алардын ордун “Арсеналдын” оюнчусу Такехиро Томиясу, “Ливерпулдун” жарым коргоочусу Ватару Эндо, “Реал Сосьеддата” ойногон Такефуса Кубо жана Англиянын чемпионатында жүргөн Каору Митома толуктады. Буга чейин Жапония беш жолу Азия Кубогунун финалын чыгып, төрт ирет чемпион болгон.

Түштүк Корея Сонго ишенет

Түштүк Корея курамасынын башкы машыктыруучу Юрген Клинсманн Азия кубогуна Германияда, Англияда, Францияда, Жапонияда, Данияда ойногон футболчуларды чогулткан. Алардын атактуулары - “ПСЖнын” оюнчусу Ли Кан Ин, “Бавариянын” оюнчусу Ким Мин Жэ, “Майнцтын” оюнчусу Ли Чжэ Сон. Түштүк Кореянын футбол жылдызы англиялык “Тоттенхэмде” ойногон Сон Хын Мин болсо кураманы оюндарга өзү жетектеп чыгат. Айтор, Клинсманн футбол жылдыздарына бай командасы менен фаворит команданын катарында. Түштүк Корея өз тарыхында беш ирет финалда ойногону менен, Азия Кубогун мындан 50 жыл мурун гана уткан. Учурда Түштүк Корея ФИФА рейтинги боюнча 23-орунда.

Сауд Арабия

Кыргызстандын футбол курамасы менен бир тайпага туш болгон Сауд Арабия Азия Кубогун төртүнчү ирет утканга аракет кылат. Буга чейин 1984-1988- жана 1996-жылдары чемпион болгон.

Бул команда 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатында ойноп, алгачкы беттешинде Месси баштаган Аргентинаны жеңип алган. Мындан тышкары Польша, Мексика менен да беттешип, жакшы эле тажрыйба топтошту. Анын үстүнө акыркы жылдары аталган өлкөнүн ички чемпионаты да күчтөнүп, Роналду, Неймар, Бензема баштаган дүйнө жылдыздары да ошол жакта ойноп жатышат.

Сауд Арабиянын курама командасы FIFAнын рейтингинде 56 - орунда турат. Бул команданы өткөн жылдын август айынан бери италиялык Роберто Манчини машыктырып жатат. Ал 2020-жылы Италияны машыктырып, Европа чемпионатын уткан.

Иран

Иран курамасы 1968-1972- жана 1976-жылдары үч ирет катары менен Азия чемпиону болуп, ошол жылдары «алтын команда» деген атакка жеткен. Ошондон бери алар финалга чыга албай жүрөт.

Бирок Иран ошол алтын доорунан бери алты жолу дүйнө чемпионатында ойноду. Азырынча тайпалык оюндардан ары өтө элек. Ошентсе да алар Азияда дайыма фаворит команда катарында мелдешке келет. Учурда ФИФА рейтинги боюнча Түштүк Кореядан эки тепкич өйдө, 22-орунда. Иран курамасы 40 жыл мурунку ийгилигин кайра кайталай алабы? Мелдештин жүрүшүндө көрө жатарбыз.

Катар

Аты аталган командалардан сырткары үй ээлери Катар - Азиянын учурдагы чемпиону. Анын курамында өткөн Азия Кубогунда жылдызы жаңган Алмоез Али, Акрам Афиф, Хассан Аль-Хаидос өңдүү бир катар оюнчулар бар.

18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бирден жолу чемпион болгон.

Жапония: 1992, 2000, 2004, 2011
Сауд Арабия: 1984, 1988, 1986
Иран: 1968, 1972, 1976
Түштүк Корея: 1956, 1960
Кувейт: 1980
Австралия: 2015
Израил: 1964
Ирак: 2007
Катар: 2019

Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү кандай?

Кыргызстан бул Азия Кубогунда F тайпасында Сауд Арабиясы, Таиланд жана Оман командасы менен беттешет. Экинчи ирет катышып жаткан Кыргызстан мурунку чемпионаттын «ачылышы» болуп, чү дегенде эле кийинки баскычка – 1.8 финалга өткөн эле. Бул жолу команданын курамы жаш оюнчулардан туруп, машыктыруучусу да алмашты.

Былтыр майдан бери кыргыз курамасын словакиялык адис Штефан Таркович машыктырууда. Ал 15-декабрдагы маалымат жыйынында негизги максат тайпадан чыгуу экенин айткан.

“Азия Кубогу - беделдүү мелдештердин бири. Менин башкы максатым - Азия Кубогунда тайпадан чыгуу. Биз курамага оюнчуларды алуу системасын өзгөрттүк. Ошондуктан жаш оюнчуларды коштук. Бул менин эле каалоом эмес, бул футбол уюмунун келечекке койгон программасы”, - деген Штефан Таркович.

Штефан Таркович Словакия курама командасын 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чейин алып чыкканы белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG