Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

"Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салышты"


Бурул Усманали кызы менен Новосибирск шаарынын аэропортунда.
Бурул Усманали кызы менен Новосибирск шаарынын аэропортунда.

Жарандык активист Бурул Усманалиге Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды. Ал былтыр Новосибирск шаарына учуп барганда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) "кара тизмесине" киргенин билген.

"ФСБнын тизмесине киргенимди билдим"

Окуя былтыр жайында болгон. Кыргызстандык активист Бурул Усманали кызы менен Орусиянын Алтай Республикасына сапар тартып, Новосибирск шаарындагы аэропорттон депортация болгон. Ал ошол күнү Орусиянын Федаралдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тизмесине киргенин билген.

"Былтыр 22-июль күнү кызым менен Орусиядагы кайын журтума баруу үчүн учуп кеткенбиз. Кыргызстандын чек арасынан эч кандай тоскоолдуксуз өттүк. Новосибирскинин Толмачево аэропортуна кондук. Баары ошол жерден башталды. Алгач мени, анан кызымды кайра-кайра карап, суроолорду узатып, андан кийин өзүнчө бөлмөгө алып кирип кетишти. Ошол жерден мага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганы тууралуу кабарламаны карматышты. Мен ФСБнын тизмесине кирип, эми Орусияга кире албасымды уктум. Ал тизмеде бар экенимди Кыргызстандын аймагында жүргөндө билүү мүмкүн эмес болчу экен. Кагазда мага Орусияга кирүүгө өмүр бою мүмкүн эмес деп жазылган".

Бурул Усманалиге чек арада берилген кагазда мындай чечим Орусия Федерациясынын аймагына кирүү боюнча федералдык мыйзамдын 27-беренесинин алкагында чыкканы жазылган. Ал беренеге ылайык, чет өлкөлүк жарандын Орусия Федерациясына кирүүсүнө мамлекеттин коопсуздук маселелеринен улам тыюу салынат.

Бурул Усманалиге аэропорттон берилген кагаз.
Бурул Усманалиге аэропорттон берилген кагаз.

"Менин жолдошум алтайлык. Жашы жете элек кызымды ээрчитип, аны Орусиядагы чоң ата, чоң энесине алып барайын дегем. Алар улгайган адамдар, өздөрү келе алышпайт. Мен кызымды коштоп бараткам. Бирок алар менин эле эмес, баламдын да укугун бузушту. Кызым экөөбүз 12 саат аэропортто бизге окшоп депортация болгондор менен бирге отурдук. Суук, такыр шарты жок жерде отурдук. Анан бизди кайра Ошко учуруп жиберишти. Мага окшоп, билетке акча короткондор көп болбосун деп бул тууралуу баракчама жазып чыктым."

Бурул Усманали окуясы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазгандан көп өтпөй орус медиасында макалалар жарыяланган:

Бурул Усманали тууралуу орус медиасына чыккан жаңылыктардын бири.
Бурул Усманали тууралуу орус медиасына чыккан жаңылыктардын бири.

"Мен тууралуу "орус тилин жектеген активистти Орусия аймагына киргизбей койду" деген темада макалалар чыкты. Аларга келген пикирлерде мени жектеп, жамандап жатып калышты. Алар башкаларды ушундай жаза күтөт, киргизбеш керек деген таризде айтып жатышты. Мен өзүмдүн позициямды ачык билдиргеним үчүн ушундай басмырлоого кабылдым деп эсептейм".

Бурул Усманали - социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, жарандык активист. Ал өзүнүн баракчасында Кыргызстанда кыргызча эмес, орус тилинде кызмат көрсөтүүнү сындаган, Орусиянын Украинанын аймагын басып киришин жектеген пикирлери менен белгилүү.

Бурул Усманали Украинаны колдогон пикетте.
Бурул Усманали Украинаны колдогон пикетте.

"Мен мындай чечимге эки учур себеп болду деп эсептейм. Буга чейин Бишкекте дүкөндөгү кассирге кыргыз тилинде кайрылсам, ал орус тилинде жооп узатып, менин кыргыз тилде кызмат көрсөтүү талабымды улутчулдук катары баалаган. Мен ал аялды видеого тартып, жарыялагам. Андан кийин мен тууралуу орус тилин жерип жатат деген айыптоо менен орус медиасы жазып чыккан. Кремлдин Украинага болгон согушуна, позициясына да каршы пикирлерди билдирип келгем. Ага каршы Бишкектеги орус элчилигинин алдында пикетке чыккам. Анда мен жана башка активисттерди кармап кетишкен эле. Андан тышкары, Украинага жардам чогултуу боюнча бир топ иштерди жасаганбыз. Менимче, менин ФСБнын тизмесине киришиме бул жактагы биздин баракчаларды карап, жеткирип жүргөн адамдар да себеп болду".

Бурул Усманали. Бишкектеги орус элчилигинин алдындагы акция.
Бурул Усманали. Бишкектеги орус элчилигинин алдындагы акция.

"ФСБ тизмесине киргендер көп болушу мүмкүн"

Фейсбуктун дагы бир активдүү колдонуучусу Мурат Боромбай 2013-жылдары Бажы биримдигине каршы чыккан. Ал орус бийлиги туурасында ушу күнгө дейре пост жазып жүрөт.

"Өзүнүн позициясы үчүн ФСБ тизмесине киргендер тууралуу буга чейин угуп келгенбиз. Кыргызстандык активисттердин да атайын тизмеси бар, алар федералдык кызматка жөнөтүлгөн деп тар чөйрөдө айтылып келчү. Мен Бажы биримдигине каршы чыккан күндөн тарта, албетте, бир да жолу Орусиянын аймагына кирүүгө аракет кылган эмесмин. Бирок ошол жылдары Казакстандын аэропортунда катуу текшерүүгө туш болгом. Бурул өңдүү активисттердин Орусияга киргизилбей калганы күтүлгөн эле нерсе болчу".

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын тизмесине кирген дагы башка кыргызстандыктардын аты-жөнү же саны белгисиз.

Юрист Мирлан Токтобеков Федералдык коопсуздук кызматынын "кара тизмеси" жабык экенин белгиледи:

"Бул кызмат Орусиянын аймагына кирген жарандарды да катаал текшерүүдөн өткөрүп, киргизип жатат. Мисалы, телефондорун ачып, ичиндеги видео - сүрөттөрдөн бери карап чыгат. Мисалы, кандайдыр бир диний видеолору бар болсо, радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн деген күмөн менен депортация кылып же терөө абагына отургузган учурлар болгон. Жогорудагы окуя жакшы көрүнүш эмес. Демек, Орусияга каршы пикир айткан башка активисттер да бул тизмеге кирип калышы мүмкүн".

2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин “Чет элдик тыңчылар” мыйзамы катаалдаштырылып, коммерциялык эмес уюмдар менен медиадан сырткары жеке адамдар атайын реестрге киргизиле баштаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG