Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Кыргыз-тажик чек арасындагы жылыштар, кезектеги мунаса


Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. 12.01.2024
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. 12.01.2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы айрым талаштуу аймактар боюнча кезектеги мунаса табылганы жарыяланды. Ал арада расмий Бишкек менен Дүйшөмбү мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча макулдашууга март айында кол коюшу мүмкүн деген маалыматтар чыкты.

12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кезектеги жолугушуусу өттү. Алар жолугушуудан соң биргелешкен билдирүү жасады. Анда Ташиев тараптар айрым чек ара аймагы боюнча орток пикир табышканын билдирди:

“Анын ичинде Максат айылынан баштап “встреч” аймагына чейин (ред: Арка айылынын чети) 15 чакырымдык жер боюнча бир чечимге келдик. Эми биздин комиссия бул келишим боюнча кол коюшу керек. Биз мындай чечимге канааттандык”, - деди ал.

Ятимов да тараптар Кулунду-Максат-Арка аймагы боюнча принципиалдуу чечимге келишкенин жана бул боюнча протоколдун долбоору даярдалганын айтты:

“Биз Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев менен маанилүү учурларды, принципиалдуу маселелерди талкууладык. Мында өтө маанилүү болгон Кулунду-Максат-Арка багыты боюнча да сөз болду. Бул боюнча биз протоколдун долбоорун даярдадык, буга бардык тараптар макул болду. Ошентип биз алгылыктуу кадам таштадык. Биз Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо процессин аягына чыгаруу боюнча мамлекет башчыларыбыздын, элдин талабын аткарып, иш алып барып жатабыз".

Бүгүнкү жолугушууда жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүн активдештирүү тапшырмалары да берилген.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти” деп айтылат кыргыз өкмөтү тараткан маалыматта.

Өкмөт “жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү” деп кошучалады.

Кыргызстан менен Тажикстан соңку айларда чек ара маселесин чечүү боюнча аракеттерин күчөткөн.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары ар жолугушууда чек араны тактоо боюнча алдыга жылыштар бар экенин билдирип келүүдө.

Өткөн жыл соңундагы жолугушууда Ташиев принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын айткан. Дал ушул жолугушууда Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгени белгиленген. Бирок кандай болуп чечилгени азырынча ачык айтыла элек.

Эми Кулунду-Максат-Арка аймактарындагы айрым участоктор боюнча эки тарап тил табышканы белгилүү болду.

Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн оң динамикасын кубаттап, бирок оор тилкелер кандай чечилери маанилүү экенин белгиледи.

"Кыргызстандын кээ бир айылдары Тажикстандын ичинде калып калган. Ошол эле кезде Тажикстандын айрым айылдары Кыргызстанда ичинде. Төрт-Көчө, Ворух маселеси бизге актуалдуу. Ворух анклав экенин тажиктер мойнуна алышы керек. Ушулар негизги маселелер..."

Негизи расмий Бишкек Тажикстан менен чек араны ушул жылы бүткөрүүнү мерчемдеп жатат. Былтыр жыл аягында кыргыз президенти Садыр Жапаров чек араны тактоо кийинки жылдын жазында бүтө турганын айткан.

Ал тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын толук тактоого жакындап калганын үчүнчү тараптар да айта баштады. Тагыраагы, ушул аптада алгач Бишкекке, кийин Дүйшөмбүгө барган Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эки өлкө чек ара боюнча келишимге мартта кол коюушу мүмкүн экенин билдирди.

“Чек ара маселелеринин чечилиши (Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда) биз үчүн абдан маанилүү. Бул боюнча макулдашууга ушул жылдын март айында кол коюлат деп күтүүдөбүз”, - деген Фидан бул суроо Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда талкууланганын кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. 2020-жылы анын 519 чакырымы такталганы расмий кабарланган. “Азаттык” буга чейин кыргыз тарап жарыялаган маалыматтардын негизинде былтыр апрелден бери кеминде 110 чакырымдан ашык макулдашылганын эсептеген. Чек аранын такталбаганынан эки тарапта бир нече жолу куралдуу кагылыштар болду. Бишкек менен Дүйшөмбү бул үчүн бири-бирин айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG