Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Иранда аялдарга тилектештик билдирген актер Садеги беш жылга кесилди


Аялдардын укуктарын жактап жүргөнү менен белгилүү актер Мохаммад Садеги.
Аялдардын укуктарын жактап жүргөнү менен белгилүү актер Мохаммад Садеги.

Аялдардын укуктарын жактап жүргөнү менен белгилүү актер Мохаммад Садеги өзүнүн активдүү ишмердүүлүгү үчүн беш жылга кесилгени маалым болду.

Инстаграмдагы баракчасына 10-декабрда жарыяланган видеодо актер сот аны “ улуттук коопсуздукка каршы багытталган чакырыктарды жасаган” деген айып менен эркинен ажыратканын билдирди. Кийин бул маалыматты сот дагы ырастады. Быйыл жайда Садегинин үйүндө тинтүү жүрүп, 16-июлда кармалган. Аны алдында Садеги социалдык тармактар аркылуу милдеттүү түрдө хижаб оронуу мыйзамдарын сындап чыккан.

Актердун жакындарынын айтымында, бийлик Садегини күрөөгө бошотуудан баш тарткан. Иранда 22 жаштагы студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин кино тармагынын бир нече өкүлү кармалды. Алардын айрымдары жоолук салынуудан баш тартып, митингге чыккандарга тилектештигин билдиришкен.

Былтыр сентябрда адеп-ахлак полициясы хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармаган студент Махса Амини камакта каза болгондон кийин Ислам жумуриятынын булуң-бурчунда нааразылык тутанган.

Акцияларга аялдар эле эмес, эркектер жана өспүрүмдөр да катышкан. Коопсуздук күчтөрү аларды ырайымсыз басып, жыл этегине карай митинг-демонстрациялар басаңдап калган. Активисттердин жана БУУнун эсебине ылайык, жүздөгөн киши набыт болду, миңдегени кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG