Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты 48 жылдан бери алгачкы ирет жаңыланды


Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын жаңылоо учуру. Энергетика министрлиги тараткан видеодон алынган скриншот.
Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын жаңылоо учуру. Энергетика министрлиги тараткан видеодон алынган скриншот.

Кыргызстандын эң ири – Токтогул гидроэлектр станциясынын (ГЭС) №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Кеп болуп жаткан агрегатты жаңылоо жана оңдоо жумуштары быйыл 1-мартта башталган жана аны аяктоо мөөнөтү декабрь айына коюлган. Бул аралыкта гидроагрегаттын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери 100% аткарылды.

Станциянын №2 агрегатынын кубаттуулугу мурда 300 мВт болсо, жаңыланган соң 360 мВт болуп калды. Учурда план боюнча гидроагрегатты сыноо иштери жүрүп жатат.

Токтогул ГЭСинин агрегаттары 1975-жылы курулма ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан. Анын айрым жабдууларын жаңылоо жумуштары Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен бир нече жыл мурда башталган. Долбоорду "Электр станциялары" ишканасынын адистери эл аралык компаниялар бирге ишке ашырып жатат.

Аталган ГЭСте жалпы төрт агрегат бар. Станциянын №4 агрегатын модернизациялоо жумуштары 2022-жылы аяктаган жана анын да кубаттуулугу 300 мВт чектен 360 мВт чекке чейин көтөрүлгөн. №1 жана №3 агрегаттар 2024-2025-жылдары жаңыланат.

Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелет. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп пландалган.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанция жана эки ири жылуулук электр борбору бар. Алардын жалпы кубаттуулугу 3892 мегаватт, же 3 ГВт 892 МВт деп бааланат.

Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров атайын кайрылуу жасап, жакынкы жылдары курула турган энергетикалык кубаттуулуктар тууралуу өкмөттүн планын жарыялаган.

Ага ылайык, 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидро электр станциясы жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат. Мындан тышкары Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланса, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 станциялары толук курулуп бүтсө, экөө биригип 2 ГВттан ашуун кубаттуулукка ээ болору маалымдалган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG