Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Египетте президенттик шайлоо өтүп жатат


Египеттеги шайлоо тилкеси. 10-декабрь, 2023-жыл
Египеттеги шайлоо тилкеси. 10-декабрь, 2023-жыл

Жекшембиде Египетте президенттик шайлоо башталып, добуш берүү үч күн болмокчу. Associated Press агенттиги 2014-жылдан бери бийликте турган мамлекет башчы Абдел Фаттах ас-Сисинин олуттуу атаандаштары болбогонун, анын жеңиши дээрлик анык экенин жазды.

Учурдагы президенттен тышкары дагы үч талапкер ат салышууда: Социал-демократтардын лидери Фарид Захран, “Вафд" либералдар партиясынын жетекчиси Абдел Санад Ямама жана Республикалык элдик партиянын лидери Хазем Омар.

Биринчи айлампада жеңиш үчүн талапкер добуштардын абсолюттук көпчүлүгүн алууга тийиш. Соңку жыйынтыктар 18-декабрда жарыяланышы керек. Зарыл болсо, экинчи айлампа эмки жылдын 8-10-январь күндөрү өтөт.

Бул жолку саясий өнөктүк Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушуна туш келди.

Египеттин коомчулугу чыгыштагы чек арасында болуп жаткан окуяларга жакындан байкоо салууда. Өлкө аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирилип, чет элдик жарандар, оор жараат алган палестиналыктар эвакуацияланууда.

Египет муну менен катар оор экономикалык кризисти башынан кечирип келатат. Статистикага караганда, 105 миллион калкынын дээрлик ар үчүнчү жараны жакырчылыкта жашайт.

Армиянын офицери ас-Сиси коргоо министри болуп турганда нааразылык акцияларынан кийин исламчыл-президент Мухаммед Мурсиге каршы төңкөрүштү жетектеген. 2018-жылы президенттикке кайра шайланган. 2019-жылы киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, анын кызматтагы мөөнөтүнө эки жыл кошулуп, 6 жылдык үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна жол ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG