Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Аба ырайы: Суусамырда -35 градуска жеткен суук болот


Суусамыр өрөөнү
Суусамыр өрөөнү

11-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8°, күндүз -1…-3 градус суук болот.

Түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар күшөт. Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаамакчы.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук;

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8 градус жылуу болмокчу;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12 болсо, күндүз күн -2…+3 градус;

Нарындын бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 суук болот.

Өлкө боюнча Суусамырда суук күчөйт. Бул аймакта түнкүсүн -12…-17 градус суук, күндүз -1…-6 градус.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, алдыңкы күндөрдо абанын температурасы төмондөөнүн үстүндө болот.

10-12-декабрь аралыгында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаан-чачын күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

12-14-декабрда абанын температурасы андан ары да төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -18…-23°, күндүз -10…-15° суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24°, Ат-Башы районунда -23…-28°, күндүз -11…-16° суук болот. Ат-Башынын тоо этектеринде түнкүсүн -17…-22°, күндүз -12…-17° суук, ал эми тоолуу райондорунда түнкүсүн -19…-24°, күндүз -14…19° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат деп билдирет аба ырайы боюнча кызмат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG