Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Акылбек Жапаров бажы менен салыктан түшкөн акча көбөйгөнүн айтты


Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо мектебинин ачылышы. 2023-жылдын 10-декабры.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо мектебинин ачылышы. 2023-жылдын 10-декабры.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылындагы 225 орундуу мектептин ачылышында сүйлөп жатып, азыркы бийлик коррупция менен күрөштүн алкагында бажыдан жана салыктан көп акча чогултуп жатканын белгиледи.

“Мындан ары контрабандага жол бербейбиз. Азыр бажыдан көп киреше алып жатабыз. Өзүңүздөр деле 2019-жылды карап көрсөңүздөр болот, бир жылда 34 млрд сом чогултушкан. Мына быйыл 111 млрд сом чогултуп жатабыз. Айырмасы - 73 млрд сом. Эл деле, кудай деле бир күнү сурайт да, "буга чейин бул акчалар кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшүп жүргөн" деп. Ошол сиңдиби эми, аш болдубу?".

Жапаровдун пикиринде, азыркы тапта салыктан да казынага көп каражат топтолуп жатат.

"Мурда алар жылына 30 млрд сом чогултчу, азыр бир жылда 250 млрд сом жыйнап жатышат. Биз бир да жаңы салык киргизген жокпуз. Биздин өлкөдө КМШ боюнча салыктын өлчөмү эң аз", - деди ал.

Акылбек Жапаров Кара-Суудан кийин Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиянын, В.Терешкова атындагы 700 орундуу мектеп-интернаттынын курулуш иштери менен таанышты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду Эркештамда коррупциялык иштерин кайра баштады деп сынга алган.

"Азаттыктын" иликтөөлөрүнө ылайык Райымбек Матраимов бажы системасында туруктуу коррупциялык схемаларды түзүп, анын аркасы менен мамлекетке чоң зыян келтирген.

Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган Матраимовду 2021-жылы УКМК коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Райымбек Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Быйыл октябрда кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов да сурак берген.

Андан кийин аны менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынганы белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG