Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Президент Жапаров Кыргызстан адам укуктары декларациясын сактоого аракеттенип жатканын айтты


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун өзгөртүүгө каршы нааразычылык акциясы. 2023-жылдын 9-декабры.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун өзгөртүүгө каршы нааразычылык акциясы. 2023-жылдын 9-декабры.

10-декабрда президент Садыр Жапаров Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 75 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоодо Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы мындан туура 75 жыл мурда - 1948-жылдын 10-декабрында Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алуу менен бирге "жер жүзүндө ар бир адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоонун стандарттарын белгилегенин" айткан.

Ал ошондон бери декларация ар бир жарандын кадыр-баркын жана эркиндигин камсыз кылуучу принциптерди камтыган универсалдуу документке айланганын, ал принциптер көптөгөн эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды иштеп чыгууга негиз болуп калганын, анын ичинде Кыргызстандын да Конституция баштаган негизги мыйзамдарына киргизилгенин белгилеген.

"Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча эл аралык коомчулуктун жооптуу катышуучусу катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын баса белгилеп кетейин", - деп жазылган кайрылууда.

Президент жалпы кыргызстандыктарды "ар бир жарандын укуктары жана эркиндигин урматтоо жаатында биргелешип иштөөгө" чакырган.

2021-жылы 5-майда кол коюлган Конституцияга ылайык Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Баш мыйзамда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бир катар беренелер каралганына карабай соңку эки жылда сөз эркиндиги, тынч жыйындар эркиндиги начарлап кеткенин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар белгилешүүдө.

Ага Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды, депутат Адахан Мадумаровдун, иликтөөчү журналист Болот Темировдун, КЛООПтун, тууну өзгөртүүгө каршы 9-декабрда тынч митинг өткөрүүнү демилгелеген Афтандил Жоробековдун камалышын, социалдык түйүндөргө пикирин айтып, пост бөлүшкөн катардагы жарандардын суракка чакырылып, камалып жатышын мисал келтиришет.

8-декабрда мурдагы Омбудсмен Турсунбек Акун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата Бишкектеги "Плаза" мейманканасында уюштурган жыйыны бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен болбой калганын айтып чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов анын айткандарын четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG