Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

УКМК Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет (УКМК) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) үч кызматкери пара алууга шек саналып кармалганын бүгүн, 9-декабрда кабарлады. Алар жарандардын майыптык тобун аныктоо үчүн туруктуу негизде акча талап кылууга шек саналып жатат.

Атайын кызмат тараткан маалыматта, Ош облусунун Араван районунунда МСЭКтин мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуусуна байланыштуу 22 факты катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жарандарды кабыл алган бир күндө ушундай жол менен 60-70 миң сом түшүп турган.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Комиссиянын (А.А.М.) төрагасы менен эки мүчөсү (Ч.Э.А. жана Ж.М.З.) кармалып, Атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына камалганын билдирди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 27 медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы бар. Алар аркылуу жылына 50 миңдей адам текшерүүдөн өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алардын ичинен 35 миңден ашууну 18 жашка толо элек. Алар менен 244 кызматкер иштешет.

Буга чейин жаранды майыптыгы бар деп табуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилип, жеңилдиктер каралган. Анда майыптыгы ооруканага жаткырылбай эле аныкталуучу оорулардын тизмеси толукталган. Аларга дүлөй, дудук жана ар кандай даражадагы акыл-эси өрчүбөй калышы сыяктуу оорулар кирет. Тактап айтканда өлкөдөгү 20 миңдей адамга майыптыгын аныктоодо жеңилдиктер каралган.

Буга чейин иштеп келген жобонун ашкере катаал талаптары жана майыптыкты аныктоо комиссияларынын мыйзамсыз аракеттери коомчулук сынына кабылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG